Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк
ЮНИСЕФ өзүнүн улуттук өнөктөштөрүнө балдарды жазык сот системасынан коруп, жашы жете электер үчүн пробация кызматын иштеп чыгуу максатында жашы жете электерге карата реституциялык сот адилеттигинин концепциясын илгерилетүүгө жардам берип келет.
Балдарга аяр мамиле жасаган соттор
ЮНИСЕФ өзүнүн улуттук өнөктөштөрүнө балдарды жазык сот системасынан коруп, жашы жете электер үчүн пробация кызматын иштеп чыгуу максатында жашы жете электерге карата реституциялык сот адилеттигинин концепциясын илгерилетүүгө жардам берип келет.
Кыргызстанда балдарга аяр мамиле жасаган сотторду калыптандыруу боюнча ЮНИСЕФтин пилоттук долбоорун ишке бергенден кийин мамлекеттик бийлик органдары ЮНИСЕФтин соттук моделин кабыл алып, аны өлкө ичинде өз эсебинен жайылтууну чечишти: учурда 11 сот бул моделди ишке ашырууда.
ЮНИСЕФтин колдоосу алдында түзүлгөн соттук модель балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны кармануу менен көзгө көрүнөөрлүк оң жыйынтыктарга жете алды. Камералардын тышында жана улуулардан өзүнчө болгон туура атмосфераны камсыздоо максатында балдар үчүн атайын бөлмөлөр түзүлдү.
Балдарга аяр мамиле жасаган жол-жоболор өзүнө жашы жете электерге карата иштерди кароо үчүн атайын сотторду жана мыйзам менен тил табыша албаган балдарды коргоо үчүн атайын жазма буйруктарды камтыйт. Азап көргөн балдар мындан ары кылмышкерлер менен соттук отурум маалында кезикпей турган болду. Балдардын укуктарын атайын окуудан өткөн адвокаттар коргойт.
Модель ийгиликтүү болгондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту бул модель 11 сотто ишке ашырылышы керектигин чечти. Токтом чыккандан кийин дагы он сот балдарга аяр мамиле жасаган соттук жол-жоболорду колдоно башташты.
Балдарды жазык сот системасынан коруу боюнча бул иштерден кийин ЮНИСЕФ Өкмөткө мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдар үчүн мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү кабыл алууга жардам берди. Бул болсо жашы жете электерге карата абакка кесүүлөрдүн санын 2005-жылдан бери 84 пайызга кыскартууда олуттуу ийгиликтерге жетүүгө көмөктөштү: 178ден 29га чейин (2014-жылдын мартында).
Эркинен ажыратылган жашы жете электердин саны 2006-жыл менен 2013-жылдын арасында 28.4 пайызга түштү.
Анткен менен кыйынчылыктар дале кала берүүдө. Өзгөчө өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда, мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдарды коомго кошууда жана реабилитациялоодо, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө кыйынчылыктар бар.
Жашы жете электер үчүн сот адилеттигинде айрым бир жетишкендиктер болгону менен, укуктары бузулган бардык балдар үчүн сот адилеттигин камсыздоодо дагы көп иштер жасалууга тийиш.
Жарандык жана административдик сот өндүрүшү дайыма эле балдардын укуктарына жана керектөөлөрүнө адаптациялана бербейт.
ЮНИСЕФтин колдоосу алдында жана Парламент, жарандык коом, ювеналдык юстиция боюнча эксперттер менен кызматташтыкта жазык мыйзамдары 2016-жылы өзгөртүлгөн. Анда балдарды түрмөгө отургузгандын ордуна коомдук пайдалуу иштерге тартууну кошкондо, балдарга аяр мамилени кепилдеген өзгөртүүлөр киргизилген.
“Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө” КР Мыйзамы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилген. Бул мыйзам учурда кордук көргөн балдарга жана кылмыштын күбөлөрүнө, мыйзам менен тил табыша албаган балдарга административдик жана жарандык сот өндүрүшү маалында акысыз укуктук жардамды кепилдейт.
Бул мыйзам чыгаруудагы реформалар балдардын сот адилеттигине тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жашы жете электердин укуктарын ишке ашырууда гана эмес, ошондой эле кордук көргөндөрдү жана кылмыштын күбөлөрүн жакшы коргоо максатында да чоң ийгиликке жетүү үчүн дараметке ээ. Бул болсо балдар укуктарын бузуунун кесепеттерин оңдоодо өтө маанилүү жылыш.