Эрте курактагы балдардын өнүгүүсү жана билим берүү
Жаштардын өкүлдөрү өз жамааттарында оң өзгөрүүлөрдүн агенттери болушууда
Маселенин өзөгү эмнеде?
Кыргызстан калкынын жарымынан көбүн 25 жашка чейинки курактагы жаштар түзөт жана калктын дээрлик үчтөн бири 15тен 25 жашка чейинки курактагы адамдар. Кыргызстандагы жаштар жакырчылык жана жумушсуздук кеңири жайылган чөйрөдө жашашат. Бул чөйрө жаштардын 40 пайыздан ашыгына терс таасирин тийгизүүдө – экономикалык мүмкүнчүлүктөр өтө чектелүү, коомдук кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк жетишсиз, коррупция гүлдөп жатат жана коомдук же жеке турмушта жаштардын үнү угулат деген ыктымалдуулук аз. Атүгүл этностук топтор ортосундагы чыңалган мамилелер жана башка аярлуу көйгөйлөр жаңжалдарга жана маргиналдашкан, бири-бири менен байланышпаган жаштар арасында социалдык жактан кооптуу жүрүм-турумду пайда кылууда.
Бул болсо жаштардын 31 пайызын “келечеги үчүн кооптонууга же эртеңки күнгө болгон ишенимин жоготууга” мажбурлоодо.
Жанжалдар көп учурда балдардын, өзгөчө өспүрүмдөр менен жаштардын бакубат турмушуна терс таасирин тийгизүүдө. Кыргыз Республикасында түрдүү жаңжалдар, өзгөчө этностор аралык чыңалуу жана чек арадагы жаңжалдар болуп турат. 2010-жылдагы этностор аралык жаңжалдан кийин эл аралык коомчулуктун олуттуу колдоосу менен кырдаалды турукташтырууда чоң прогресс байкалды. Анткен менен тынчтыкты орнотууда кыйынчылыктар кала берүүдө, алар жаңжалдын баштапкы себептерине байланыштуу жана аларды жаңжалдын кайталанышын болтурбоо үчүн жок кылуу зарыл. Жаштар жана өспүрүмдөр бул жаңжалдарда курмандык да, тартип бузуучу да болушту. Ошентсе да алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө жана биримдикке көмөктөшүү боюнча уникалдуу жөндөмдүүлүгү көңүл сыртында кала берүүдө.
Маселени кантип чечүүгө болот?
Кыргызстандагы жаштар көйгөйлөрдүн кеңири өңүтүнө туш болуп жатканын көрсөткөн изилдөөлөрдүн тыянактарынан кийин ЮНИСЕФ 2010-жылы атайын жаштар программасын ишке берди. Программа жаштардын турмуштук көндүмдөрүн жана жарандык компетенциясын өнүктүрүү аркылуу, ошондой эле аялдардын жана жаштардын өздөрү үчүн маанилүү болгон маселелерди чечүүгө катышуусу үчүн укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу турмуш шарттарын оңдоого фокус жасайт.
Программанын алкагында этностук жаңжалдан кийин эле көп өтпөй 32 жаштар борборунан турган тарам түзүлдү. Ал маргиналдашкан топторду жана азчылыктарды кошкондо түрдүү топторго кирген жаштар үчүн аянтча болуу максатын көздөдү. Жаштар пайдалуу көндүмдөрдү өздөштүрүп, аларды өзүнүн жеке турмушун жакшыртуу жана өз жамаатына жардам көрсөтүү үчүн колдоно алышат.
Ондогон жаш лидерлер лидердик көндүмдөрдү, сынчыл ой жүгүртүүнү, кызматташтык жана негизги адамдын укуктарын урматтоону өнүктүрүүгө басым жасоо менен, жамааттардагы жаштар менен ишти уюштурганды үйрөнүштү.
Жүздөгөн кыз-жигиттер өз көндүмдөрүн өнүктүрүп, келечектеги кесибине байланыштуу жүйөлүү чечим жасоо үчүн тренингдерге катышты.
Ал эми тынчтык орнотуу артыкчылыктуу маселе бойдон кала берүүдө: бул болсо Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек арадагы кызматташтыкка жаштарды тартуу иштерин күчөттү. Бул аймак үчүн натыйжалуу практика катары таанылды.
Жаштарды тартуу үчүн стандарттуу эмес каналдарды колдонуу ЮНИСЕФтин жаштар менен иштешүүдө айырмалуу белгиси болуп эсептелет.
Форум-театрлары аярлуу маселелер боюнча баарлашуу үчүн жана маалымдуулукту жогорулатуу үчүн каражат катары колдонулуп келет. Ошондой эле жаштар өз жамааттарында чакан социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, жалпынын кызыкчылыгы жана аярлуу жаштарды камтуу үчүн долбоорлорду уюштурууга колдоо алышты.
Программа көбүрөөк жаштарды тартуу үчүн электрондук форматка өтө баштады. Мисалы, ЮНИСЕФ Кыргызстанда “M-report” долбоорун ишке берди. Бул – СМС билдирүүлөрдүн жана тексттердин негизинде жүргүзүлгөн сурамжылоо. Ал жаштар үчүн маанилүү маселелер боюнча пикирлерин жеңил жана тез чогултууга мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо Өкмөт жана кеңири коомчулук үчүн жеткиликтүү болгон баалуу маалыматтарды чогултууга жардам берет.
Бардык жаштардын керектөөлөрүнө жооп берген идеялык жана тынчтык орнотуучу жаштар саясатын илгерилетүү үчүн ЮНИСЕФ Жаштар, эмгек жана жумуштуулук мамлекеттик агенттиги менен биргеликте тыгыз кызматташууда. Жаштар борборлорунун катышуучулары жана башка жаштар топтору бул процесске катышып, өз укуктарын жана эң аярлуу топтордун керектөөлөрүн коргоп келишет.
Кошумча ресурстар
Бул шилтемелер боюнча Кыргызстандагы ЮНИСЕФ ишке ашырып жаткан жаштар долбоолорунун кээ бир ресурстарын таба аласыз.
Кыргыз Республикасындагы жаштардын бакубатчылыгынын жана өнүгүүсүнүн индекси
Жаштар жана тынчтык үчүн көмөктөшүү