Сотто балдарга аяр мамиле жасаган жол-жоболор киргизиле баштады

Каракол шаарындагы ички иштер бөлүмүндө жана сотунда балдарга аяр мамиле жасаган атайын бөлмөлөр ачылууда

05 Декабрь 2017
Justice
UNICEF

Каракол, 2017-жылдын 5-декабры. – Бүгүн Каракол шаарындагы ички иштер бөлүмүндө жана шаардык сотто балдарга аяр мамиле жасаган бөлмөлөрдүн ачылышы болот. Аталган бөлмөлөр 2014 – 2018-жылдарга Балдар үчүн юстиция боюнча мамлекеттик программанын алкагында ачылды.

Иш-чаранын ачылышына социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо катышат.

“Балдар үчүн натыйжалуу сот адилеттигин өнүктүрүү – КР Өкмөтү үчүн артыкчылыктуу маселе. ЮНИСЕФтин колдоосу менен биз Бишкек шаарынын Ленин сотунда жана эки райондук ички иштер бөлүмдөрүндө моделди киргиздик. Ювеналдык юстиция боюнча Координациялык кеңештин чечими менен ушул эле моделди кошумча эки башка райондо – Каракол шаарында жана Сузак районунда киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды. Муну менен биз моделди жалпы өлкө ичинде жайылтуудагы мүмкүнчүлүктөрдү жана тобокелдиктерди баалай алабыз”, - деп айтты социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Балдар үчүн натыйжалуу сот адилеттигин моделдештирүү 2014 – 2018-жылдарга Балдар үчүн юстиция боюнча мамлекеттик программасында каралган. Программа мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдар үчүн, кылмыштын курмандыгы жана күбөсү болгон балдар үчүн аяр мамиле жасаган жол-жоболорду иштеп чыгуу максатын көздөйт. Эл аралык стандарттарга ылайык, мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдар үчүн калыбына келтирүүчү сот адилеттигинин ыкмаларын жана балдарга аяр мамиле жасаган жол-жоболорду колдонуу керек. Кылмыштын курмандыгы жана күбөсү болгон балдар алардын кызыкчылыктарын эсепке алган сот адилеттигине жана балдарга өзгөчө аяр мамиле жасаган жол-жоболорго жете алгыдай болушу керек. Балдар административдик жана жарандык жол-жоболордо юридикалык консультациялар жана акысыз юридикалык жардам аркылуу сот адилеттигине жете алышат.

“Милицияда жана сотто балдарга достукча жана аяр мамиле жасаган жол-жоболорду түзүү үчүн эл аралык стандарттарды сактоо зарыл”, - деп белгиледи БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо. “Бардык жол-жоболор, иликтөөлөр, маектешүүлөр жана соттук угуулар балдарга аяр мамиле жасап, ар бир баланын кызыкчылыктарына шайкеш жүрүшү керек”, - деп кошумчалады ал.

Ачылыш аземинде Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит буларды белгиледи: “Мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдарга кандайдыр бир басмырлоосуз сот адилеттигине жеткиликтүүлүк камсыздалса, алардын мамлекеттик жана тартип коргоо органдарына болгон ишеними жогорулайт. Алар акыйкаттыкты диний же экстремисттик идеологиядан издебей калышат жана мамлекеттик мекемелер менен мамлекеттик аткаминерлердин жардамына ишенишет”.

Балдарга аяр мамиле жасаган бөлмөлөр ЮНИСЕФтин көмөгү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID финансылык колдоосу менен ынтымактуу жана инклюзивдүү жамааттардын келечеги үчүн жаштардын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында түзүлдү.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты  https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.