Дүйнөдө 2,7 миллион бала институционалдык мекемелерде жашайт

Кыргызстанда интернат тибиндеги мекемелерде жашаган балдардын 94% же атасы, же апасы бар.

02 Июнь 2017
дети в интернатах
ЮНИСЕФ

БИШКЕК/ЖЕНЕВА/НЬЮ-ЙОРК, 2017-жылдын 2-июну – ЮНИСЕФтин жаңы баалоосуна ылайык, 140 өлкөдөн алынган расмий маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө бери дегенде 2,7 миллион бала интернат тибиндеги мекемелерде жашашат. Анткен менен бул сандар айсбергдин чокусу гана, себеби көпчүлүк өлкөлөрдө маалымат чогултууда олуттуу кемчиликтер болгон.

«Институционалдык мекемелерге жайгаштырылган жана үйүлөсүнөн ажырап, аярлуу абалда калган балдар зомбулукка, катаал мамилеге кабылып, алардын когнитивдик, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө зыян тиет деген тобокелдик жогору болот, - деп билдирди ЮНИСЕФтин балдарды коргоо маселелери боюнча глобалдык программасынын директору Корнелиус Уильямс. – Артыкчылыктуу маселе – балдарды институционалдык мекемелерге жиберүү эмес, алардын өзгөчө эрте курагында үй-бүлөдө жашоо мүмкүнчүлүгүн камсыздап берүү».

ЮНИСЕФтин жаңы баасы 140 өлкөдөн алынган маалыматтарга таянат. Дүйнө жүзү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр  Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө катталганы ырасталды: 100 000 баанын ичинен 666 бала институционалдык мекемелерде жашайт. Бул болсо 100 000 балага 120 баланы түзгөн жалпы дүйнө боюнча орточо көрсөткүчтөн 5 эсе ашууда.

Кыргызстанда 8 000ден ашуун бала интернаттык мекемелерде жашашат. Акыркы бир жыл ичинде өлкөдө интернаттык мекемелердеги балдардын саны 27% азайды жана бул өтө оң тенденция. Анткен менен интернаттык мекемелерде жашаган балдардын 94% же атасы же апасы бар.

«Балдарды институционалдаштыруу өзгөчө эрте куракта баланын мээсинин өнүгүүсүндө терс кесепеттерге алып келээрин көптөгөн изилдөөлөр далилдеп жатат, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо. – Төрөлгөндөн тарта үч жашка чейинки мезгил аралыгы баланын толук кандуу өнүгүүсүндө өтө маанилүү учур болуп саналат. Наристени интернаттык мекемеге жайгаштырышканда, алар эмоционалдык сезимдерге, камкордукка жана мээримге зар болушат. Бул болсо, баланын толук кандуу өнүгүүсүн татаалдаштырып, өмүрүнүн аягына чейин терс кесепеттерге алып келет».

ЮНИСЕФ мүмкүн болушунча үй-бүлөлөрдүн бузулушун болтурбоо менен, ошондой эле балдарды үй-бүлөгө окшош шарттарда, мисалы, асырап алган үй-бүлөдө тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу менен институционалдык мекемелерде жашаган балдардын санын кыскартууга өкмөттөрдү үндөп келет. ЮНИСЕФтин баамында, жергиликтүү деңгээлде жүзөгө ашырылган үй-бүлөнү колдоо программаларына инвестицияларды көбөйтүү да зарыл.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан, Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарынан таба аласыз.