Ар бир балага үй-бүлө
ЮНИСЕФ интернаттык мекемелерде жашаган балдардын санын азайтып, алар үй-бүлөдө тарбияланышы үчүн альтернативалык жолдорду издөөгө чакырат.
Маселенин өзөгү эмнеде?
Балдардын үй-бүлөсүнөн ажырап калуусунун жана интернаттык мекемелерге жайгашуусунун кесепеттери оор болот жана ал андан кийинки жашоосуна чоң таасирин тийгизет. Интернаттык мекемелерде жашаган балдар социалдык, эмоционалдык жана интеллектуалдык стимулдан ажырайт, бул болсо баланын мээсинин туура өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал. Коомдон обочодо калган балдар өзгөчө зомбулукка, кайдыгерликке жана ташбоор мамилеге кабылышы мүмкүн.
Эч нерсе балага үй-бүлөнү алмаштыра албайт
Кыргызстанда өтө көп сандагы балдар үй-бүлө чөйрөсүндө чоңоюу укугунан ажыраган. ЮНИСЕФтин изилдөөсү аныктагандай, 11 000 бала өлкө боюнча 117 интернаттык мекемеде жашайт, алардын ичинен 94% же атасы же энеси бар.
Кыргызстанда интернаттык мекемелерде жашаган балдардын 94% же атасы же апасы тирүү.
2016-жылы майыптуулугу бар 29 317 бала Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде катталып, мамлекеттик жөлөкпул алып турушат. Бул демек өлкөдөгү бардык балдардын санынан 1.2% түзөт дегенди билдирет. Кеңири жайылган стигмадан жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк чектелүү болгондуктан өнүгүүсүндө кечеңдөө бар балдарды адатта таштап кетишет же адистештирилген мекемелерге калтырып коюшат. Интернаттык мекемелерде жашаган балдардын жалпы санынан 29 пайызында майыптуулуктун кандайдыр бир формасы бар.
Жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, бала интернаттык мекемеде өткөргөн ар бир үч ай анын физикалык өнүгүүсүн бир айга токтотот.
Буга карабастан интернаттык мекемеге жайгаштыруу кадыресе көрүнүш бойдон кала берүүдө. ЮНИСЕФтин изилдөөсү көрсөткөндөй, ата-эненин мээриминен куру калган балдарды интернаттык типтеги мекемеде жайгаштырууга кеткен ресурстарды оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүү же фостердик үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн колдонулса жакшы болмок.
Маселени кантип чечсе болот?
Кыргызстандагы ЮНИСЕФ балага кам көрүүнүн натыйжалуу системасын ишке ашырып, мүмкүн болсо бала үчүн үй-бүлөнү сактап калуу максатында Өкмөт менен иш алып барат.
2012-жылдагы Балдар жөнүндө кодексте каралган “гейткипинг” механизмдерин иштеп чыгууда айрым бир прогресске жетүү мүмкүн болгон. Интернаттык мекемеге балдарды жайгаштыруу темпин жана анда калган балдардын санын кыскартууда оң жылыштар бар. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Балдар үйүнө жайгаштырылган балдардын саны 2012-жылдан 2014-жылга чейин 60% азайды.
Анткен менен дагы деле 11 000ден ашуун бала интернаттык мекемелерде кала берүүдө. Балдарды интернаттык типтеги мамлекеттик мекемелерге жиберүү системасы түзүлгөнү менен көзөмөлдөнбөгөн жана аккредитациядан өтпөгөн жеке мекемелер ата-энелердин же жергиликтүү бийлик органдарынын өтүнүчү менен балдарды кабыл алууну уланта берүүдө. Мындай мекемелердин саны бардык интернаттык мекемелердин санынан 35.2% түзөт.
Aдатта натыйжалуу консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана балдарга карата зомбулукка, алардын муктаждыктарына кайдыгер мамилеге жана кароосуз калганына байланышкан кырдаалдарды аныктоо үчүн ресурстар жетпейт. Мындай ресурстар убагында жумшалганда балдардын үй-бүлөсүнөн ажырап калуусун болтурбоо мүмкүн болмок.
Балдарды Кыргызстандагы интернаттык мекемелерге жайгаштыруунун негизги себептери болуп толук эмес үй-бүлө (баары болуп 31%, алардын ичинен 9% - жалгыз бой энелер) жана жакырчылык (22%) эсептелинет. Ошол эле маалда балдарды өстүрүп, тарбиялоодо колдоонун жоктугу энелер өз балдарын төрөт үйлөрүндө калтыруусунун негизги себептеринин бири болуп эсептелет.
Төрөт үйлөрүндө консультацияларды жүргүзгөндө ымыркайынан баш тартышы ыктымал энелердин 59% 20 жаштан 29 жашка чейинки курактагы аялдар, 30% 30 жашта жана анда жогоркулар, ал эми 4 пайызы 15-17 жаштагылар болгон. 30 жаш жана андан жогору курактагы аялдардын ичинен 27% алкоголдук ичимдиктерди колдонот. Ата-энелердин жана милдеттенме алган, балдарды баккан адамдардын талаптагыдай жана жакшы камкордук көрүү боюнча билимдери чектелүү, адатта алар баланын кызыкчылыгына карап иш жасабайт.
Балдарды коргоо боюнча социалдык кызматкерлердин жана адистердин дараметинин чектелүү болушу, ошондой эле кадрлардын бир орунда кармалбашы, альтернативалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугу, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жетишсиз каржыланышы, балдарды коргоо боюнча түрдүү кызыкдар тараптар менен сектор аралык кызыкдар тараптар ортосундагы координациянын чабалдыгы балдардан баш тартып, аларды интернатка жайгаштыруунун негизги жана структуралык себептеринин айрымдары болуп эсептелет.
Ажырашып кетиши ыктымал үй-бүлөлөрдү аныктап, аларга мониторинг жүргүзүүгө багытталган саясат жана кызмат көрсөтүүлөр, профилактикалык консультацияларды/кызматтарды көрсөтүү өзгөчө региондогу оор социалдык-экономикалык кырдаалда абдан зарыл болуп турат. Интернаттык мекемелердеги шарттар олуттуу көйгөй бойдон кала берүүдө.
Оор турмуштук кырдаалда калган балдар жана үй-бүлөлөр менен өз ара аракеттенүү боюнча окуу курстарынын жардамы менен социалдык кызматкерлердин дарамети күчөтүлгөн. Балдардан баш тартууну алдын алуу боюнча окуу курстары ЮНИСЕФтин колдоосу менен иштелип чыгып, төрөт үйлөрүнүн кызматкерлерин окутуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин программасына киргизилген.
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү чыгарган, балдарды коргоо боюнча материалдардын чакан топтому болуп эсептелинет. Тизме туруктуу жаңыланып, ага жаңы маалыматтар киргизилип турат.
Балдарга альтернативалык кам көрүү боюнча БУУнун нускамалары (БУУнун Башкы ассамлеясынын Резолюциясы, 2010)
Кыргыз Республикасындагы балдардын абалына сереп
Кыргыз Республикасындагы балдардын резиденциалдык мекемелериндеги кырдаалга сереп
Ата-эненин камкордугу жок калган балдар
“Балдардан баш тартуунун себептерине анализ” отчету (ЮНИСЕФ, 2013)
Чара көрүүгө чакырык: Үч жашка чейинки балдарды интернаттык мекемелерге жайгаштырууга бөгөт коёлу: (БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку башкармалыгы, БЧЕ/КМШ ЮНИСЕФ, 2011)
Төрөт үйлөрүнүн кызматкерлери жана балдарынан баш тартышы ыктымал энелер үчүн китепче (ЮНИСЕФ жана Саламаттык сактоо министрлиги, 2015)
“Үйдө же үйдөгүдөй” отчету (БЧЕ/КМШ, ЮНИСЕФ)Интернаттарда балдарга зыян келтирүү тобокелдиги (Кевин Браун, Save the children, 2009)