Кристин Жольм – ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы Өкүлү

01 Август 2019
Christine Jaulmes, UNICEF Representative in Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2019
Christine Jaulmes, UNICEF Representative in Kyrgyzstan

Бишкек, Кыргызстан, 2019-жылдын 1-августу – ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы Өкүлү Кристин Жольм аккредитациялык катын Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго тапшырды. Бул кызматка келгенге чейин Жольм айым ЮНИСЕФтин Гвинея-Бисаудагы (Батыш Африка) Өкүлү болуп иштеген.

ЮНИСЕФтин жаңы Өкүлү катары Кристин Жольм айым Балдар укуктары жөнүндө Конвенциянын негиз салуучу баалуулуктары катары баланын корголууга, өнүгүүгө жана бакубат турмушка болгон укуктарын илгерилетүүгө салым кошот. Жольм айым ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн ишин жетектеп, балдар үчүн жыйынтыктарга жетүү үчүн ресурстарын колдонот. Бул үчүн ЮНИСЕФ Кыргызстандын өкмөтү жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташа берет.

“Балдардын, өзгөчө аярлуу жана коркунучта болгон балдардын укуктарын коргогон ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы мандатына салым кошуу мен үчүн чоң сыймык. Бул кызматка келгенден бери ЮНИСЕФтин Кыргызстандын өкмөтү жана жарандык коому менен түзгөн бекем жана чыныгы кызматташтыгына күбө болуп жатам. Балдардын көйгөйлөрү мамлекеттин күн тартибинде болушу үчүн, биргелешип Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө прогресске жетүү үчүн жаңы ролумдун бир бөлүгү катары бул ынак мамилелерди мындан ары да колдой беремин”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

Кристин Жольм айым ЮНИСЕФте 18 жылдан бери иштеп келатат. Бул мезгил аралыгында Жольм айым Бангладеште, Нигерияда жана Чадда да иштеген. Кристин Жольм Франциянын жараны, ал эми кесиптик тажрыйбасы коммуникациялар менен байланышкан. Кристин Жольм Париждеги Саясий изилдөөлөр институтунда (Science-Po)  саясий илимдер боюнча магистр даражасын алган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.