Балдарга карата зомбулукту токтотуу
Балдарга карата үйдө, мектепте жана онлайнда зомбулукка жол берилбеш керек! ЮНИСЕФ бул көрүнбөгөн эпидемияны жаап-жашырууну токтотууга чакырат.
ЮНИСЕФ: Балдарды зомбулуктан коргоо үчүн туруктуу система
Зомбулук балдардын тагдырына балта чабат. Алардын жашоосуна жана саламаттыгына терс таасир тийгизгенден тышкары, зомбулук балдардын эмоционалдык абалына жана келечегине да чоң коркунуч жаратат.
Зомбулук муундан муунга өтүшү мүмкүн. Себеби зомбулукту көргөн балдар муну кадыресе көрүнүш катары кабылдашы ыктымал.
Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук кеңири жайылган көрүнүш жана түздөн түз балдар укуктарын бузууда.
Балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83.5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.
Өтө көп балдар үйдө, альтернативалык мекемелерде, мектептерде жана абактарда зомбулуктун түрдүү формаларынын курмандыгы же күбөсү болуп калууда. Үй-бүлөдө сабоо көрүнүшүнө тыюу салынбай жатат. Мугалимдер жана курдаштары тарабынан опузалоо Кыргызстандагы балдардын мектепке барбай коюусунун негизги себеби болуп саналат. Мектептеги зомбулук жана рэкет өлкөдөгү жаштар арасында зомбулуктун санынын өсүшүнүн бирден бир себеби, мунун натыйжасында окуучулар арасында өз өмүр кыйган учурлар катталууда.
Балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулуктун улам өсүп жаткан саны бул багытта көңүл бурууну талап кылууда. Зордуктоону жаап-жашыруу, сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон балдарды аныктоо жана коргоо механизмдеринин адекваттуу эместиги, тартип коргоо органдарынын чара көрбөгөнү жапа чеккен балдар үчүн түз даттануу механизмдердин жоктугу жана аларды коргой албоо, мындай балдарга психологиялык жардамдын жоктугу балдарды коргоого болгон укугунан ажыратууда.
Кыз ала качуу, бойго жете электе никеге туруу, эрте куракта төрөт жана гендердик зомбулук адатта кыздардын жашоосунун бардык өңүттөрүндө билинет, анын ичинде билим алуу, ден соолук, коргоо жана жумушта.
Өтө көп учурларда курмандыктар социалдык стигмадан жана айлансындагылардын басымынан улам зордук-зомбулук болгон учурлар тууралуу айтышпайт. 2014-жылы Кыргызстада 20-49 жаш курактагы аялдардын болжол менен 13% 18 жашка толо элек кезинде турмушка чыгышкан (элет жергесинде 14.6%). Бойго жете элегинде турмуш курган келиндер кош бойлуулук болгондо ден соолугу начарлайт. Ошондой эле мындай кыздар жолдошу тарабынан эмоционалдык жана психологиялык зордук-зомбулука кабылат.
Интернет кеңири жайылгандыктан улам балдарга карата зомбулук интернеттен коркутуу жана онлайн режиминде сексуалдык эксплуатациялоо өңдүү жаңы формага өттү. Зордук-зомбулукту көрүп өскөн балдар муну жашоонун кадыресе бөлүгү катары кабыл алышы мүмкүн.
Эмгек мигранттарынын балдары адатта чоң ата-чоң энелеринин, туугандарынын үйүндө же интернаттык мекемелерде жашайт. Бул болсо аларга карата ташбоор мамиле жасалат жана муктаждыктары көңүл сыртында кала берет деген тобокелдикти күчөтүүдө.
Маселени кантип чечсе болот?
Зордук-зомбулуктан жана ташбоор мамиледен жапа чеккен балдарды социалдык жактан коргоо жана реабилитациялоо үчүн ЮНИСЕФ Өкмөткө балдарды коргогон органдар тарабынан мындай балдарды коргоо боюнча туруктуу система түзүүгө жардам берүүдө. 2011-жылы балдарга колдоо көрсөтүү боюнча төрт борбор түзүлгөн. Ал жерде балдар – зомбулукту жана ташбоор мамиленин курмандыктары социалдык, психологиялык жана укуктук жардам көрө алышат
Кыргызстан 17 жашка толо элек секелекти ала качуу үчүн Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген, анда он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Социалдык нормалар, социомаданий практикалар жана ынанымдар басымдуулук кылып жаткан шарттарда ЮНИСЕФ балдар укуктары маселелери, ала качуунун терс таасири, эрте нике жана кыздын эркине каршы никеге мажбурлап тургузуу маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ата-энелердин, балдарды баккан адамдардын жана бийлик органдарынын арасында туруктуу өнөктүктөрдү өткөрүп турат.
“Зомбулуксуз мектеп” программасын ЮНИСЕФ иштеп чыккан жана бул моделдт кийин Өкмөт колдонгон: баштапкы пилоттук фаза окуучулар арасында, ошондой эле 38 мектепте мугалимдер, социалдык педагогдор жана жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү арасында опузалоо жана зомбулук жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууда чоң эффективдүүлүгүн далилдей алган. Мындан башка мектептерде зомбулуктун деңгээлин азайтуудан тышкары программа дагы да кеңири маданиятты калыптандырууга, көп түрдүүлүктү, укуктарды урматтоо, диалог түзүү, жаңжалды зомбулук колдонбой токтотуу усулдары үчүн коомдук нормаларды жана баалуулуктарды трансформациялоону илгерилетүүгө көмөктөшөт.
Балдарды зомбулуктан жана ташбоор мамиледен мыкты коргоо үчүн ЮНИСЕФ балдарды коргоо жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча түрдүү мамлекеттик органдар ортосунда бири-бирине багыттоо механизмин жана кызматташтыктын эффективдүүлүгүн жакшыртуунун үстүнөн иштеп жатат. Буга кошумча ЮНИСЕФ Өкмөт менен балдарды тарбиялоо боюнча ресурстук борборлорду түзүү жана балдарды тарбиялоо боюнча туруктуу программаларды жайылтуу аркылуу аларды позитивдүү жана зомбулуксуз тарбиялоонун үстүнөн иштеп жатат.
Кошумча ресурстар
Бул булактар ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү балдарды коргоо боюнча даярдаган материалдардын айрым гана бөлүгүн түзөт. Тизме туруктуу жаңыланып турат
Кыргыз Республикасындагы балдардын абалына талдоо
Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө балдарга ташбоор мамиле жана алардын муктаждыктарын тоготпогондук (2010, ЮНИСЕФ)
Мектептердеги зомбулук боюнча отчет (ЮНИСЕФ, 2011, зомбулуксуз мектеп)