ТУМАР: балдарды коргоо
Кыргызстанда төрт баланын үчөө зомбулуктун азабын тартууда
Балдар Сиздин жардамыңызга муктаж
Зомбулук жана күчкө салган тарбия коомдо кеңири жайылган көрүнүш
Ата-энеси мигрант балдар зомбулукка көбүрөөк дуушар болушат
Зомбулуктун азабын баарынан көп наристелер көрүүдө
Кыргыз элинин үрп-адаты боюнча, жарык дүйнөгө келген ымыркайды ар балээден сакташ үчүн ата-эне тумар тагат.
Үч бурчтук формасындагы тумарга кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлгөн. Ал оймолордун мааниси терең: жаңырган Ай – баланын символу, Умай эне – энелерди жана ымыркайларды канатына калкалаган куш түрүндө берилген. ТУМАР – балдарды коргоонун символу.
Балдарды коргоо үчүн, коопсуз балалык үчүн ЮНИСЕФке кошулуңуз!
Дүйнөдөгү балдардын укуктарын коргогон жана Кыргызстан 25 жыл мурда ратификациялаган негизги документтин – Балдар укуктары тууралуу Конвенциянын 30 жылдыгынын урматына бул жылы ЮНИСЕФ балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу максатында улуттук чакырык таштайт (ТУМАР Манифести):
- Бир да бала ишенген адамдар тарабынан сабалбашы керек.
- Бир да балада жакшы көрүү сезиминин ордуна ата-энесинен, ага-инисинен жана эже-сиңдилеринен коркуу сезими болбошу керек.
- Бир да бала үйдө жүргөндө, көчөгө чыкканда же мектеп барганда коркпошу керек.
- Балдарга карата зомбулуктан коргоо – бул ар бирибиз көңүл бурчу иш.
Сиз эмнелерди жасай аласыз?
Тумар Манифестин колдоо менен, мен балдарга – Кыргызстандын эң кичинекей жана өзгөчө аялуу катмарына карата зордук-зомбулукту токтотууга үндөгөн улуттук чакырыкка өз колдоомду билдирем:
- Зомбулук балага зыян келтирээрин, баланын өсүп-өнүгүүсү, ден соолугу жана келечеги үчүн кесепеттери оор болоорун түшүнөм.
- Зомбулукка жол бербеш керек.
- Баланы тарбиялоонун позитивдүү ыкмалары бар экенин билем.
- Менин айлана-чөйрөмдөгү балдарга күч колдонулбаган тарбия берүүгө умтулам.
- Эгерде балага карата зомбулук жасалып жатканына күбө болсом, же ушул тууралуу угуп калсам 111 номуру боюнча “Балдар үчүн ишеним телефонуна” же милицияга чалып, кабар берем.
- Өз үй-бүлөмдөгү, коомдогу жана өлкөдөгү зомбулукту токтотууга салым кошом.
- Үй-бүлөдө жана мекемелерде уруп-согуп жазалоого тыюу салууну колдойм