Жаңы баяндамага ылайык, эң бай өлкөлөрдө ашыкча керектөө дүйнө жүзү боюнча балдардын чөйрөсүн талкалап жатат

Дүйнөдөгү эң бай өлкөлөр, анын ичинде Финляндия, Исландия, Нидерланддар жана Норвегия өз аймактарынын чегинде балдар үчүн дени сак чөйрөнү түзүп жатышат, бирок алар глобалдык айлана-чөйрөнүн шайкеш эмес деңгээлде бузулушуна салым кошууда

24 Май 2022
Photo from the Innocenti Report
UNICEF

ФЛОРЕНЦИЯ/НЬЮ-ЙОРК, 2022-жылдын 24-майы – ЮНИСЕФтин “Инноченти” аттуу Изилдөө борборунун бүгүн жарыялаган акыркы баяндамасына ылайык, бай өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү дүйнө жүзүндөгү балдар үчүн терс таасир тийгизген, кооптуу жана зыяндуу шарттарды түзүп жатышат.

“Инночентинин” №17 карточка: Жерлер жана мейкиндиктер” деп аталган отчетунда Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) жана Европа Биримдигинин (ЕБ) 39 өлкөсүнүн балдар үчүн дени сак айлана-чөйрөнү камсыз кылуу жаатындагы жыйынтыктары салыштырылган. Отчетто булгоочу заттардын, анын ичинде уулуу абанын, пестициддердин, нымдуулуктун жана коргошундун таасири, жарыкка, жашыл мейкиндиктерге жана коопсуз жолдорго жеткиликтүлүк көрсөткүчтөрү, ошондой эле өлкөлөрдүн климаттык кризисти чечүүгө, ресурстарды керектөөгө жана электрондук таштандыларды жок кылууга кошкон салымы камтылган.

Документте айтылгандай, эгерде дүйнөдөгү бардык адамдар ресурстарды ЭКӨУ жана ЕБ өлкөлөрүнүн калкы менен бирдей ылдамдыкта керектесе, анда бул өлкөлөрдөгү керектөө деңгээлинен артта калбаш үчүн 3,3 Жер планетасы керек болмок. Ал эми бул сандарды Канада, Люксембург жана Америка Кошмо Штаттары сыяктуу өлкөлөр менен салыштырса, анда бери дегенде дагы 5 Жер планетасы керек болмок.

Испания, Ирландия жана Португалия рейтингдин сап башында турганына карабастан, бардык ЭКӨУ жана ЕБ өлкөлөрү болгон көрсөткүчтөр боюнча бардык балдар үчүн дени сак чөйрөнү камсыз кыла алышпайт. Айрым бир өтө бакубат өлкөлөр, анын ичинде Австралия, Бельгия, Канада жана Америка Кошмо Штаттары глобалдык айлана-чөйрөгө олуттуу жана масштабдуу таасирин тийгизүүдө - CO2 заттарынын чыгындысынын, электрондук калдыктардын көлөмү жана калктын жан башына ресурстардын жалпы керектөөсү боюнча – ошондой эле өз аймактарынын чегинде балдар үчүн дени сак чөйрөнү түзүү боюнча жалпысынан төмөнкү позицияларды ээлейт. Тескерисинче, Латын Америкасындагы жана Европадагы ЭКӨУ жана ЕБнын анча бай эмес өлкөлөрү жалпысынан дүйнөгө азыраак таасир этүүдө.

“Көпчүлүк бай өлкөлөр өз чектеринде балдар үчүн дени сак чөйрөнү камсыздай албай эле тим болбостон, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү балдардын чөйрөсүн бузууга да көмөктөшүп жатышат, - деди ЮНИСЕФтин “Инноченти” Изилдөө борборунун директору Гунилла Олссон. - Айрым бир учурларда өз аймактарында балдар үчүн салыштырмалуу дени сак чөйрөнү камсыз кылып, бирок чек арасынын тышындагы балдар үчүн айлана-чөйрөнү бузуп жаткан булгоочу заттардын негизги булактарынын бири болгон өлкөлөрдү көрүп жатабыз”.

Кошумча тыянактар:

  • Өлкөлөрдүн бул тобуна кирген 20 миллиондон ашык баланын канында коргошундун деңгээли жогору. Коргошун эң коркунучтуу экологиялык уулуу заттардын бири.
  • Финляндия, Исландия жана Норвегия өз балдары үчүн дени сак айлана-чөйрөнү камсыз кылуу боюнча рейтингде үчүнчү орунду ээлешти, бирок ошол эле учурда уулуу заттардын чыгындыларынын, электрондук таштандылардын жана керектөөнүн жогорку деңгээли үчүн жалпысынан дүйнөдө акыркы орунду ээлешет.
  • Исландияда, Латвияда, Португалияда жана Улуу Британияда ар бир бешинчи бала үйүндө нымдуулуктун жана көк даттын таасирин сезет. Кипрде, Венгрияда жана Түркияда бул көрсөткүч 1ден 4 балага чейин жетет.
  • Көптөгөн балдар үйдөн чыкканда да, үйдүн ичинде да уулуу аба менен дем алышат. Абанын булганышынан улам дени сак жашоосуз өткөн жылдар боюнча эсептегенде биринчи орунда Мексика турат – 1000 балага 3,7 жыл туура келет, эң төмөнкү көрсөткүч Финляндияда жана Жапонияда – бул өлкөлөрдө көрсөткүч 0,2 жылды түзөт.
  • Бельгияда, Чех Республикасында, Израилде, Нидерланддарда, Польшада жана Швейцарияда ар бир 12 баланын 1ден көбү пестициддердин катуу булгануусунун таасирине кабылат. Ал рак ооруларына, анын ичинде балдардын лейкемиясына себепчи болушу мүмкүн, ошондой эле балдардын нерв, жүрөк-кан тамыр, тамак сиңирүү, репродуктивдүү, эндокриндик, кан айлануу жана иммундук системаларына зыян келтириши ыктымал.

Балдар үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана жакшыртуу максатында ЮНИСЕФ төмөнкү кадамдарды жасоого үндөйт:

  1. Бүгүнкү күндө улуттук, аймактык жана жергиликтүү деңгээлдеги өкмөттөр таштандыларды кыскартуу, абанын жана суунун булганышын азайтуу, ошондой эле сапаттуу турак жай жана кварталдар менен камсыз кылуу аркылуу балдар жүргөн айлана-чөйрөнү жакшыртуу боюнча иштерди колго алышы керек.
  2. Эң аялуу балдар үчүн шарттарды жакшыртуу зарыл. Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары бакубат үй-бүлөлөрдүн балдарына караганда айлана-чөйрөнүн терс таасирине көбүрөөк дуушар болушат. Бул азыр бар болгон кемчиликтерди жана теңсиздикти улантып, ого бетер күчөтүүдө.
  3. Экологиялык саясат балдардын кызыкчылыктарын эске алгыдай болууга тийиш. Өкмөттөр жана директивалык органдар чечим кабыл алууда балдардын керектөөлөрү эске алынышын камсыз кылышы керек. Ата-энеден баштап саясатчыларга чейин бардык деңгээлдеги чоң адамдар балдардын пикирине кулак төшөп, келечек муундарга олуттуу таасир тийгизе турган саясатты иштеп чыгууда ошол пикирлерди эске алууга тийиш.
  4. Келечектин негизги кызыкдар тараптары болгон балдарды тарткыла, себеби бүгүнкү күндүн экологиялык көйгөйлөрүнө эң көп балдар туш болушат. Бирок алар окуялардын жүрүшүнө баарынан аз деңгээлде таасир эте алышат.
  5. Өкмөттөр жана бизнес сектору 2050-жылга чейин парник газдарынын чыгындыларын азайтуу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруу үчүн азыртан натыйжалуу чараларды көрүшү керек. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу билим берүүдөн инфраструктурага чейин түрдүү секторлордо өкмөттөрдүн да, дүйнөлүк коомчулуктун да көңүл чордонунда болууга тийиш.

“Балдардын өнүгүшүнө жакшы жерлерди жана мейкиндиктерди түзүү үчүн биз өзүбүздүн жана келечек муундардын алдында мелдеткербиз,-деди Олссон. - Таштандылардын, зыяндуу булгоочу заттардын көбөйүшү жана жаратылыш ресурстарынын азайып баратканы балдарыбыздын физикалык жана психикалык саламаттыгына таасирин тийгизип, планетанын туруктуулугуна коркунуч жаратууда. Биз балдар жана жаштар эң көп көз каранды болгон жаратылыш чөйрөсүн коргогон саясатты жана практиканы жүргүзүшүбүз керек”.

###

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФтин “Инноченти” Изилдөө борбору тууралуу

“Инноченти” – ЮНИСЕФтин адистештирилген изилдөө борбору. Борбор ЮНИСЕФтин жана анын өнөктөштөрүнүн стратегиялык багыттары, саясаты жана программалары жөнүндө маалымдап, балдардын укуктары жана өнүгүүсү жөнүндө глобалдык талкууларды жүргүзүп, ошондой эле бардык балдар, өзгөчө аялуу катмар үчүн глобалдык изилдөөлөр жана саясаттар жөнүндө кабарлап туруу үчүн пайда болгон же учурдагы көйгөйлөр боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт. Веб-сайтыбызга баш багыңыз: www.unicef-irc.org

ЮНИСЕФ – “Инночентинин” Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.