Шаар калкынын 26%ы үчүн баштапкы энергияны колдонууну өзгөртүү Бишкектеги аба булгануусу менен күрөшүүгө жардам берет - ЮНИСЕФ

Абанын булганышы Кыргызстанда балдар менен чоңдордун эрте өлүмү менен саламаттыгынын начарлоо тобокелдигинин эң чоң экологиялык фактору болуп саналат жана экономикалык терс таасирин тийгизет.

30 Ноябрь 2022
The presentation of the report
UNICEF/Kyrgyzstan/2022/Sadyk Abylkasymov

БИШКЕК, 2022-жылдын 30-ноябры. – Бүгүн ЮНИСЕФ Бишкек шаарынын мэриясы Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте “Абанын булганышынын Бишкектеги балдар менен аялдар үчүн медициналык жана социалдык кесепеттери” деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгын тааныштырды. Изилдөөнүн жүрүшүндө абанын булганышынын Бишкектеги аялдар менен балдар үчүн медициналык жана социалдык кесепеттери заманбап ыкмалар менен бааланып, тийиштүү алдын алуу чаралары боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Анализ көрсөткөндөй, жашоого жана ден соолукка жагымдуу абага болгон укук Бишкектин тургундары үчүн заманбап реалдуулуктан бир топ эле алыс. Кыргызстанда абанын булганышы эрте өлүм жана саламаттыктын начарлоо тобокелдигинин эң чоң экологиялык фактору болуп саналат. Саламаттыктын начарлашы өзгөчө улгайган адамдарда жана жаш балдарда байкалат. Баалоолор боюнча, 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки аралыкта кир абанын ден соолукка тйигизген таасиринен улам 112 өлүмүнө кесепет болушу мүмкүн. Бишкектеги абанын PM2,5 булганышынын болжолдуу зыяны 2021-2022-жылдарда 2 миллиард сомду же 24,9 млн АКШ долларын түздү. 2021-жылы PM2,5 аба булгануусунун таасирине байланышкан оорулардын 22 пайызы балдарга туура келди. Кош бойлууларга жана ымыркай төрөлгөндөн бир жашка чейинки аралыкта кир абанын таасирин азайтууга биринчи кезекте көңүл буруу зарыл.

Абанын булганышы сырттагы эле көйгөй эмес, кир аба үйлөргө, кеңселерге, адамдар убактысын өткөргөн башка бардык имараттарга кирет. Бишкектеги эл орточо эсепте убактысынын 90 пайызын имараттардын ичинде өткөрөт, айрыкча кышкысын от жагылган үчүн алар кир абанын терс таасирине көбүрөөк кабылат. Имараттардын ичине кирген кир аба райондордун масштабында көмүр мештерин колдонуудан көз каранды. 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Бишкектеги абада мейкиндикке эсептелген орточо жылдык концентрация 43 мкг/м3 түздү, Бишкектин ар кайсы райондорунда көрсөткүч 4 эсе ары-бери айырмаланат (17 ден 107 мкг/м3 чейин). Төмөнкү концентрациялар түштүк жана борбордук райондордо, орточо концентрациялар чыгыш жана батыш райондорунда байкалат. Ал эми түндүк жагында көрсөткүч эң жогору, бул кышкысын көмүр мештери кеңири колдонулганына байланыштуу. Жылуулук үчүн чийки көмүр колдонулган үйлөрдө жашаган балдар менен өспүрүмдөр борбордук жылуулукка туташкан райондордо жашаган балдарга караганда жыл ичинде орто эсепте 33%, ал эми кышкысын көмүрдүн жагылышынан улам 37%га көбүрөөк зыян тартат. Бирок көп батирлүү үйлөрдө жашаган балдар мурдагыдай эле шаар деңгээлиндеги абадагы концентрациялардын таасирине кабылып келет, зыяндуу бөлүкчөлөр имараттарга да кирет. Ошентип, абадагы зыяндуу заттарды азайтуу чаралары Бишкектеги бардык балдар үчүн пайдалуу болору талашсыз.

2018-жылдан тарта жылуулук үчүн негизги отун катары газды колдонуу 12 пайызга өскөн, ал эми мештерде чийки көмүрдү колдонуу 14 пайызга кыскарган. Бул туура багытта жылыштар бар экенин тастыктайт, бирок жасала турчу иштер дагы эле бир топ. Шаар калкынын көмүр мештерин пайдаланган 26 пайызын стимул берүү программалары жана каржылык моделдерди иштеп чыгуу аркылуу жылытуунун таза жана туруктуу альтернативдүү булактарына тез арада өткөрүү керек. Бул аркылуу Бишкек ТӨМ 7 жана ТӨМ 16 максаттарына - жеткиликтүү, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап энергияга, абанын сапатын жакшыртууга жетише алат. Ошол эле маалда жылытуунун таза жана туруктуу түрлөрү, чийки көмүрдү жакканга караганда салыштырмалуу аз чыгымдуу булактар тууралуу элде маалыматтын аздыгы маанилүү тоскоолдук бойдон калып жатканын изилдөө алкагындагы сурамжылоо көрсөттү.

Изилдөөдө саясатты иштеп чыгууда кир абанын саламаттыкка жана социалдык чөйрөгө таасири тууралуу объективдүү илимий маалыматтарды активдүүрөөк колдонуу; абанын булганышы менен күрөшүү чараларын координациялоо; энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу чараларын жакшыртуу, анын ичинде жеке үйлөрдө энергияны колдонууну азайтуу үчүн терезелерди, дубалдарды, чатырларды жылуулоо; үй чарбаларында көмүрдү жагууну азайтуу үчүн шаардагы райондордо көмүрдөн эркин аймактарды түзүүгө артыкчылыктуу көңүл буруу, аны менен катар стимул берүү программалары жана каржылык моделдердин жардамында рентабилдүү альтернативаларды көрсөтүү сунушталат.

“Кыргызстандын Бишкек шаарында абанын булганышынын аялдардын жана балдардын ден соолугуна жана социалдык жашоосуна тийгизген таасири” аталган изилдөө Жапония Ѳкмѳтүнүн каржылоосу менен ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен даярдалды.

###

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.