Мобилдик контент жаратуу боюнча интенсив
Климаттын өзгөрүүсү жана экологияга арналган интенсив 18-22 курактагы жаштар үчүн ачык
Мобилдик телефондо контент жасаганды үйрөнгүңүз келеби?
ЮНИСЕФ Кыргызстан жаштарды мобилдик контент жасоо боюнча креативдүү интенсивге чакырат!
Иш-чара 2023-жылдын 25-27-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.
Интенсивдин башкы максаты – мобилдик контент аркылуу климаттын өзгөрүшү жана экология маселелерин көтөрүү.
Интенсивдин программасына төмөнкүлөр кирет:
- климаттын өзгөрүшү жана экология маселелери боюнча сессиялар
- телефондун камерасына сүрөт/видео тартуунун негиздерин үйрөтүү (мобилография)
- монтажды үйрөтүү (мобилдик тиркемеде)
- сценарий жазганды үйрөтүү
- ишенимдүү маалымат издөө жана фактчекинг боюнча окутуу
Кимдер катышууга өтүнмө жибере алышат? (талаптар)
- 18 жаштан 22 жашка чейинки курактагы жаштар
- Кыргыз Республикасынын жарандары
- TikTok же Instagram тиркемелерин колдонуу тажрыйбасы барлар
- TikTok же Instagram тиркемелерине чыккан контенти ЮНИСЕФтин баалуулуктарына жана этикалык нормаларына шайкеш келген, ачык аккаунту барлар
- Кыргыз жана орус тилдерин билген жаштар
Кыргызстандагы экология жана климаттын өзгөрүшү
Кыргызстан – чөлкөмдө климаттын өзгөрүшүнөн жабыркап келаткан өлкөлөрдүн бири. Жашоочулар, жаштар жана балдар туш болгон негизги кыйынчылыктар – абанын булганышы, айлана-чөйрөнү таза калыбында сактоо, жаратылыш ресурстарына жана байлыктарына аяр мамиле кылуу.
Өлкөнүн климатын жана жаратылыш байлыктарын сактоо маселесин көтөрүүдө өлкөнүн бардык аймактарындагы жаштар да чоң роль ойнойт. Алар бул жөнүндө канчалык көп жазып, айтып чыга баштаса, ошончолук эртерээк чара көрүлөт.
Өтүнмөлөр 7-августка чейин кабыл алынат (17:00).
Окутууга катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз.