ЮНИСЕФ: COVID-19 пандемиясы башталгандан бери үч жыл өттү жана 23 өлкөдө мектептер толук ачыла электигинен улам билим берүү “эң ири бөлүүчү” болуп калат деген коркунуч бар

Жаңы маалыматтар мектепти таштап жаткан балдар көбөйүшү мүмкүн экенин тастыктап турат

08 Апрель 2022
Education Report
UNICEF

НЬЮ-ЙОРК, 2022-жылдын 30-марты – ЮНИСЕФтин 30-мартта жарыяланган жаңы баяндамасына ылайык, COVID-19 пандемиясынын үчүнчү жылында мектеп курагындагы 405 миллион бала жашаган 23 өлкөдө мектептер дагы эле толук ачыла элек, болгондо да көптөгөн окуучулар окууну таштап кетет деген тобокелдик бар. 

Are children really learning? (“Балдар чындап эле окуп жатабы?”) деп аталган баяндама COVID-19 пандемиясынын жана ага байланыштуу мектептердин жабылышынын балдарга тийгизген таасири тууралуу өлкөнүн деңгээлиндеги маалыматтарды, ошондой эле балдардын пандемияга чейинки окуусунун абалына жасалган талдоону камтыйт. Баяндамада акыркы 2 жылда 147 миллионго жакын бала мектепке барып билим албаганы белгиленген. Бул дүйнө жүзү боюнча 2 триллион сааттык бетме-бет сабак өтүлбөй калганынан кабар берет.

“Эгер балдар мугалимдери жана курдаштары менен түз байланыша албаса, мындай көрүнүштөн алардын окуусу начарлайт. Балдар мугалимдери жана теңтуштары менен такыр көрүшө албаса, окуудагы жоготуулардын орду толгус болуп калышы мүмкүн, - деди ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Кэтрин Рассел. – Окуудагы мындай теңсиздик бир нерсени тастыктап турат: билим берүү эң чоң теңдөөчү эмес, эң ири бөлүүчү болуп калышы ыктымал. Эгер дүйнө балдарыбызга билим бере албаса, анда мындан баарыбыз жапа чегип калабыз”.

Окутуу чөйрөсүндөгү жоготуулар боюнча маалыматтардан тышкары, баяндамада мектептер кайра ачылгандан кийин да көптөгөн балдар мектепке кайтпай калганын ырастаган жаңы маалыматтар камтылды. Либериядан алынган маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын декабрында мектептер кайра ачылгандан кийин мамлекеттик мектептерде билим алган окуучулардын 43 пайызы мектепке кайтып келген эмес. Түштүк Африкада мектепке барбаган балдардын саны 2020-жылдын мартынан 2021-жылдын июлуна чейин 250 000ден 750 000ге чейин – үч эсе көбөйгөн. Угандада ар бир он окуучунун бири 2022-жылдын январында мектептер эки жыл бою жабык болгондон кийин мектепке кайтып келген эмес. Малавиде 2020-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде мектепти таштаган кыздар 48 пайызга көбөйгөн: бул көрсөткүч 6,4 пайыздан 9,5 пайызга өскөн. Кенияда 10-19 жаштагы 4 000 өспүрүмдүн арасында жүргүзүлгөн текшерүү кыздардын 16 пайызы жана эркек балдардын 8 пайызы мектеп ачылгандан кийин кайтып барбаганын көрсөттү.

Мектепке барбаган балдар коомдогу эң аялуу жана маргиналдуу балдардын катарына кирет. Алар билим алууга умтулбай калышат, жазганды, окуганды көп үйрөнүшпөйт, жөнөкөй математикалык эептерди чыгара алышпайт. Мындан тышкары мектептер камсыздаган социалдык коргоо системасынан ажырашат, мындай көрүнүштүн натыйжасында балдар кара жумушка тартылып, жакырчылыкта жана жокчулукта жашап калышы ыктымал.

Баяндамада мектепке барбаган балдар эң көп жоготууга учурап жатканы менен, 32 өлкөдөн жана аймактардан пандемияга чейин алынган маалыматтар окутуу ансыз да өтө төмөн деңгээлде болгонун көрсөтүп турат. Бул кырдаал пандемиядан улам окутуудагы жоготуулардын масштабы менен курчушу мүмкүн. Талдоого алынган өлкөлөрдө окуу азыркы учурда ушунчалык жай ыргак менен жүрүп жаткандыктан, көпчүлүк окуучуларга эки жылда өздөштүрүшү керек болгон негизги окуу көндүмдөрүнө ээ болууга жети жыл, ал эми эсептөөнүн негизги көндүмдөрүн алуу үчүн 11 жыл талап кылынат.

Көпчүлүк учурларда окуучулар билим берүүдөгү өзөктүк бөлүктөрүн өздөштүрүп алат деген кепилдик жок. Изилдөөгө алынган 32 өлкөдө жана аймактарда 14 жаштагы 8-класстын окуучуларынын төрттөн биринин негизги окуу көндүмдөрү болгон эмес, ал эми алардын жарымынан көбү 7 жаштагы 2-класстын окуучусунан күтүлгөндөй эсептөө жөндөмүнө ээ болгон эмес.

“Пандемияга чейин эле эң маргиналдуу балдар көз жаздымында калып келген. Пандемия үч жылдан бери уланып жатканын эске алуу менен, биз “кадыресе абалыбызга” кайтып келе албайбыз. Биз “кадыресе” дегенди жаңыча баамдашыбыз керек: балдарды мектепке кайтарып, алар окутуунун кайсы этабында болгонун баалап, үйрөнбөй калганын кайра окутуп, бекем колдоо көрсөтүп, мугалимдерди зарыл болгон кайра даярдыктан өткөрүп, окуу ресурстары менен камсыз кылышыбыз керек. Мындан азыраак иштерди жасай албайбыз, себеби тагдыр чечээрлик жагдай түзүлдү”, - деди Рассел.

### 

Редакторлор үчүн кошумча маалымат:

Булактар: ЮНЕСКОнун Статистика институту, Уганданын Улуттук сынак комиссиясынын изилдөөсү (2021-жыл)

Аныктамага ылайык, мектепке барбаган балдар – бул окуу процессине катышпаган башталгыч жана орто мектеп курагындагы балдар. Мындай балдарды мектептери COVID-19 чектөөлөрүнөн улам жарым-жартылай же толугу менен жабылган окуучулардан айырмалоо керек.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

About UNICEF

UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere.

For more information about UNICEF and its work for children, visit www.unicef.org.

Follow UNICEF on Twitter and Facebook