Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүдө ыктыярчыларды тартуу боюнча эл аралык конференция өтүүдө

16 Февраль 2024
volunteers at the conference
UNICEF Kyrgyzstan

Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Сербиядан ЮНИСЕФтин 50дөн ашык волонтерлору өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу маселелерине арналган конференцияга катышууда. Конференцияда Япониядан келген волонтерлор жана студенттер өз тажрыйбасы менен да бөлүшүшөт. Эки күндүк иш-чараны катышуучулары кырсык тобокелдиктерин башкаруу жана мындай кырдаалдарга чара көрүү боюнча волонтерлордун ролун талкуулашат. Чогулуш Япония өкмөтү тарабынан каржыланган мектептердин коопсуздугун жогорулатуу долбоорунун алкагында уюштурулган.

Конференциянын ачылыш аземине Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыбеков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүнү милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло катышты.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФтин ыктыярчылары Кыргызстан боюнча 900дөн ашык мектеп менен иштешти. Ыктыярчылар дээрлик жарым миллион окуучулар жана 10 миңден ашуун мектеп кызматкерлери үчүн өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуу өткөрүштү. Алар өрт жана жер титирөө учурундагы туура жүрүм-турумду, мектептердеги коопсуз чыгуу жолдорун, өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын негиздерин үйрөнүштү. Андан тышкары, өрт жана жер титирөө сыяктуу кырдаалдарда өз көндүмдөрүн практикалоо үчүн симуляциялык көнүгүүлөргө катышты.

Өз сөзүндө министр Ажыбеков, ыктыярчылыктын өнүгүшү – бул коом үчүн чоң жетишкендик экендигин жана алар өзгөчө кырдаалдарда чоң роль ойногондугун белгиледи.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФ буга чейин 600 мектепти өзгөчө кырдаалдар үчүн керектүү буюмдар, анын ичинде үн күчөткүчтөр, кол сиреналары, өрт калканчтары, эвакуациялоочу замбилдер, биринчи жардам көрсөтүүчү аптечкалар, жана мектеп коопсуздугу үчүн авариялык эшик туткалары менен жабдыган.

Элчи Хидэки алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жоюу боюнча Япониянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй аймак үчүн пайдалуу болот деген ишенимин билдирди.

Кристина Бруджиолонун айтымында, жер титирөө, өрт, суу ташкыны же чыр-чатактар сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда балдар эң аялуу болушат. “Жаш балдардын коопсузудун камсыз кылуу үчүн биз аларды кырсык учурунда туура көндүмдөргө үйрөтүшүбүз керек”, - деди Бруджиоло айым.

Кыргыз Республикасында балдардын климатка жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор 2020-жылдын март айынан баштап ишке ашырылып келет. Бул демилгенин алкагында ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызматташат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.