#СуперАта: аталардын маанилүү ролун көрсөтүү үчүн дүйнөлүк өнөктүк башталды

#СуперАта: балдардын эрте куракта өнүгүүсүндө аталардын маанилүү ролун баса көрсөтүү үчүн ЮНИСЕФ бүткүл дүйнөлүк өнөктүктү баштады

09 Июнь 2017
A father holds his young child while the child is fed from a spoon
UNICEF Kyrgyzstan/2017

БИШКЕК/НЬЮ-ЙОРК, 2017-жылдын 9-июну. – БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын эрте куракта өнүгүүсүндө аталардын маанилүү ролу тууралуу өнөктүктү баштады. Дэвид Бекхэм, Шакира менен Жирар Пике, Хью Джекман жана Кыргызстандын белгилүү аталары Мирбек Атабеков, Жанар Акаев, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдразаков, Семетей Султанов #СуперАта #Алгачкы күндөрдөн баштап демилгесине кошулушту.

«Супер ата болуш үчүн укмуш бир күч талап кылынбай турганын баарынын эсине салуу – биздин өнөктүктүн өзөгүн түзөт: балаңыз жарык дүйнөгө келген күндөн баштап аны менен ойноп, кучактап, мээримге бөлөп, коргоп, наристеңиз менен көбүрөөк убакыт өткөрүү керек», - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо.

БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы балдар жана жаштар идеалдуу атанын негизги беш сапатына ак ниеттүүлүктү, урматты, чыдамкайлыкты (90%), акча тапканын (40%), балдарга карата камкордукту жана аларды жакшы көрүүнү (24%), кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү, күчтү (17%) жана акылды (12%) кошушкан.

«ЮНФПАнын Кыргызстандагы изилдөөсү кызыктуу бир жагдайды аныктады. Атасы дайыма жанында болгонун сезген, анын үй-бүлөнүн турмушуна катышканына күбө болгон балдар кыздарга сый мамиле жасашат. Мындай балдар аталарын үлгү катары эсептешсе, кыздар болочок күйөөсү атасына окшош болушун кыялданышат экен», - деп белгиледи ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков.

18-июнда 90дон ашуун өлкөдө Аталар күнү белгиленет. Ошондуктан аталарды балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө шыктандырып, аларды колдоп, дем берүү максатында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 12-июндан 18-июнга чейин бардык үй-бүлөлөргө Facebook, Instagram жана Twitter өңдүү социалдык тармактарда #СуперАта # Алгачкы күндөрдөн баштап деген хэштегдерди колдонуу менен сүрөттөрдү жана тасмаларды жарыялоону сунуштайт.

«Балам жарык дүйнөгө келген күндөн тартып менин ар бир жылмайганым, ар бир жылуу сөзүм жана туура жүрүм-турумум уулума кандай таасир тийгизээрин ата катары билем. Жаш ата болуу оңой эмес. Дүйнө жүзү боюнча аталарда бир топ көйгөйлөр бар. ЮНИСЕФтин өнөктүгү аталар балдары каалагандай супер ата болушу үчүн аларды кодоого жана дем берүүгө багытталган», - деп айтты Жанар Акаев.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, балдар менен аталар ортосунда мамиле жакшы болгон учурда балдардын психологиялык саламаттыгы, өзүн өзү урматтоосу бекем болуп, жашоосуна болгон канааттануу сезими узак жылдарга сакталып калат.

«Биз аталарга жана энелерге өз баласы менен баа жеткис убакытты чогуу өткөрүүсүнө бут тоскон эмгек жана коомдук тоскоолдуктарды жеңишибиз керек», - деп айтты Юкиэ Мокуо.

«Суперата» демилгеси ЮНИСЕФтин #EarlyMomentsMatter (#Алгачкы күндөрдөн баштап) өнөктүгүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Өнөктүк бала кездеги позитивдүү тажрыйба балдардын келечектеги саламаттыгына, бакубат турмушуна, окуу жөндөмдүүлүгүнө, атүгүл кийин канча акча тапканына кандай таасирин тийгизерин көрсөтүү максатын көздөйт. Дүйнө жүзү боюнча аталардын сүрөттөрүн жана тасмаларын төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: http://superdads.hscampaigns.com/

«Жоопкерчиликтүү аталык» өнөктүгүнүн алкагында ЮНФПА «Аяй-Ата» журналын басып чыгарды. Бул журналдан сиз көптөгөн маалыматтады таба аласыз: http://kyrgyzstan.unfpa.org/ru/publications

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан, Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарынан таба аласыз. 

ЮНФПА тууралуу:

ЮНФПА 1969-жылы негизделген жана ошондон бери дүйнө жүзү боюнча энелердин өлүмүнүн саны эки эсе азайды. Себеби ЮНФПА ар бир кош бойлуулук кубанычтуу окуя катары кабыл алынып, ар бир аял аман-эсен көз жарып, бардык жаштарда өз потенциалын ишке ашыра алуу мүмкүнчүлүгү боло турган дүйнөгө умтулуп келет kyrgyzstan.unfpa.org/, facebook.