ЮНИСЕФ Кыргызстандагы 100 компьютердик классты жабдып, COVID-19дун кесепеттеринин алдын алыш үчүн мектептерге санитардык-гигиеналык каражаттарды берет

ЮНИСЕФ Жапония өкмөтүнүн 2,7 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү салымы менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн COVID-19дан жабыркаган балдардын сапаттуу билим алышын камсыздоо иштерине көмөктөшөт.

01 Сентябрь 2022
Mr Shigeki Maeda, Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of Japan, visiting school #88 in Bishkek
UNICEF/Kyrgyzstan/2022/Bektur Zhanibekov

БИШКЕК, 2022-жылдын 1-сентябрыБүгүн билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов мырза, Жапониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Cигэки Маэда мырза жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Томоя Сонода мырза "Мектепке кош келиңиз" иш чарасынын алкагында №88 К. Бобулов атындагы орто мектептин салтанатына катышып, жакында жабдылган IT-каанасын ачышты.

Компьютердик класстын ачылышында Уланбек Мамбетакунов 88-мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн атактуу программисттер жана мыкты адистер чыгат деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана  Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигеки Маэда мырза Жапония өкмөтү менен ЮНИСЕФ коопсуз чөйрөдө сапаттуу билим алуу ар бир баланын укугу деген баалуулукту кармана турганын белгиледи. "Ошондуктан бул демилге эки бөлүктөн турат: биринчиси - окутуунун коопсуз жана гигиеналык чөйрөсүн камсыздоо үчүн мектептерге санитардык-техникалык жабдууларды сатып берүү; экинчиси - мектептер жабылган маалда онлайн сабакка катыша албай калган 20 000 баланын билиминдеги үзгүлтүктөрдү толтурууга багытталган программа. Мунун баары билимдеги боштуктарды болушунча азайтып, билимдин сапатын жакшыртат", - деди Элчи мырза.

Бишкектеги №88 мектеп - өлкө боюнча компьютердик жабдыктарды алып жаткан 100 мектептин, COVID-19дун жайылышынын алдын алыш үчүн санитардык-гигиеналык каражаттарды (термометр, колду кургаткыч, дезинфекциялоочу каражатат, самын) алып жаткан 460 мектептин бирөөсү. Компьютердик жабдыктар үчүн 600 000 АКШ доллары, санитардык-гигиеналык каражаттарга болсо 800 000 АКШ доллары сарпталды. Долбоор үчүн Бишкек менен Оштун жаңы конуштарындагы жана айыл жерлериндеги мектептер тандалып алынган жана аларды санариптик окутуу; эсеп менен сабаттуулукка окутуу программалары үчүн Билим берүү жана илим министрлиги негизги окуу жайлар катары аныктаган.

Салтанаттын катышуучуларына кайрылып жатып, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Томоя Сонода мырза Кыргызстандагы балдарды окутуунун жыйынтыктары пандемияга чейин эле оор болгонун белгиледи."COVID-19 шартында окуу кризисинин алдын алып, балдарды билим жолуна кайтарыш үчүн биз мектептердин коопсуздугун жана ачыктыгын камсыз кылышыбыз керек. Жапониянын өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы өнөктөштүк окутуунун сапаттуу мүмкүнчүлүктөрү бардык балдарга жеткиликтүү болушун камсыздоону көздөгөн билим берүү программабызды бекемдейт", - деди Сонода мырза.  

COVID-19дан жабыркаган балдардын сапаттуу билим алуусун камсыздоо долбоору  пандемиянын билим берүү системасына тийизген таасирин жумшартууда Билим берүү жана илим министрлигин колдоо үчүн иштелип чыккан. Долбоор 2024-жылдын августуна чейин уланат жана ал Туруктуу өнүгүүнүн 4-максатына: инклюзивдүү жана адилеттүү билим берүүнү камсыздоого жана бардык адамдардын өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшөт.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.