ЮНИСЕФ Баткендеги айылды улуттук кабарлама системасына кошууга жардам берди

13 Март 2024
loudspeaker in aksay village
UNICEF Kyrgyzstan

ЮНИСЕФ Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Сай айылындагы мектепте өзгөчө кырдаал жөнүндө кабарлоочу жаңы жабдууларды орнотту. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабдууларды улуттук өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлама системасына кошту. Жалпы суммасы 2 млн сомдук (23,4 миң АКШ доллары) жабдуу мектептердин табигый кырсыктарга даярдыгын жогорулатууга багытталган долбоордун алкагында берилди. Бул долбоорду Жапон Өкмөтү каржылайт.

“Бул жабдууну орнотуу инновациялык шайман болуп саналат, ал өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнө жооп кайтарууга болгон даярдыкты күчөтүүгө көмөктөшөт”, — деп белгиледи өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Жабдуулардын топтомуна динамиктер, үн күчөткүчтөр, Интернетке туташуу үчүн модем жана үзгүлтүксүз ишти камсыз кылган резервдик кубат берүүчү булак кирет. Динамиктер катуу болгондуктан, Ак-Сай айылынын бардык жашоочулары, айрыкча балдар өзгөчө кырдаал учурунда айтылчу кабарларды уга алышат.

“Балдар жер титирөө, өрт же башка табигый кырсыктар сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын алдында аяр абалда калышат. Биз өнөктөштөрүбүзгө – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Жапон Өкмөтүнө – бул демилгени колдоп бергени үчүн ыраазыбыз”, – деди ЮНИСЕФтин өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө улуттук кабарлама системасы өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты жеткирүү жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ар кандай каналдар аркылуу элге маалымат берүү максатын көздөйт. Системаны ӨКМ башкарат.

Калкынын саны 2,7 миңге жакын болгон Ак-Сай айылы Тажикстан менен чектеш жерде жайгашкан. Жергиликтүү мектепте 400дөн ашык бала билим алат.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.