ЮНИСЕФ жана Кызыл Ай коому селден жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам катары гигиеналык буюмдарды таратат
ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Кызыл Ай коому Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы селден жабыркаган үй-бүлөлөргө самын, гигиеналык жана жуучу каражаттар, жалайыктар жана башка керектүү гигиеналык каражаттарды камтыган 500 гумжардам комплектилерин таратышат.
"Гигиеналык комплектиндеги" үй-тиричилик буюмдары жалпысынан 2,5 миңге чейин адамдын, анын ичинде жаш балдардын, муктаждыктарын жаба алат. Бул шаймандар USAIDдин Гуманитардык жардам бюросунун колдоосу менен сатылып алынды.
ЮНИСЕФтин өзгөчө кырдаалдар жаатындагы көп жылдык өнөктөшү Кыргызстандын Кызыл Ай коому Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашып бөлүштүрүү ишин алып барат.
«Кыргызстан боюнча жакында болгон селден жүздөгөн адамдар жабыркады. Алардын үйлөрү бузулуп, күнүмдүк жашоосу үзгүлтүккө учурап жатат. Бул жардам алар туш болгон кыйынчылыктардын бир бөлүгүн жеңилдете алат деп үмүттөнөбүз”,- деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло.
Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында жүргөн катуу селдерден улам өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды. ЮНИСЕФ кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кызыл Ай коому жана башка өнөктөштөр менен өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу боюнча ишти улантууда.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.