Баткен облустук вакциналарды сактоочу жай жаңы муздак бөлмө менен жабдылды

03 Апрель 2024
inside of a vaccine cold room
UNICEF Kyrgyzstan

ЮНИСЕФ Баткен облустук Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда вакциналарды сактоочу жаңы муздаткыч бөлмөнү орнотууну аяктады. 30 куб метрлик жаңы бөлмө облуста вакциналарды сактоону жана жайылтууну жакшыртат. Муздаткыч бөлмө Канада өкмөтү тарабынан өлкөнүн коомдук саламаттыкты сактоо көйгөйлөрүнө жооп берүү дараметин күчөтүү алкагында каржыланган.

Бөлмөнүн расмий ачылыш аземи 3-апрелде ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджиоло жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдун катышуусунда өттү.

«Бул муздаткыч бөлмө облусубуз боюнча вакциналардын сакталышын жана өз убагында жеткирилишин жакшыртууга жардам берип, жарым миллиондон ашуун жашоочуларга, анын ичинде 240 миңден ашуун жаш балдарды кооптуу оорулардан сктоодо пайда алып келет», - деп белгиледи Жаныбек Исаков.

Бөлмөлөр +2ден +8ге чейинки туруктуу температураны кармап турат, бул вакциналардын жана дарылардын көпчүлүгүн туура сактоо үчүн зарыл. Жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала квалификациясын алып, катуу стандарттарга шайкеш. Муздаткыч бөлмөлөрдүн сыйымдуулугу 10 жана 30 куб метрди түзүп, көп көлөмдө вакциналарды сактоого мүмкүндүк берет.

«Бүткүл Кыргызстан боюнча кызамык оорусуна чалдыккандардын саны өсүшүнө күбө болуп жататбыз. Ушундай учурда эмдөө балдардын ден соолугуна канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Биз вакциналардын сакталышын жана жеткирилишин жакшыртуу мындай жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө көмөктөшөт деп ишенебиз», - деп белгиледи Кристина Бруджиоло.

Жалпысынан ЮНИСЕФ Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Нарын жана Ошто 11 муздаткыч бөлмөлөрдү орнотууда. Бул максаттуу аймактар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча ар бир аймактын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен тандалып алынган. Бул объектилердин жалпы баасы 35 млн сомдон ашат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.