Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчуларын коштогон балдардын оюн талаасына чыгышы баланын укуктарына арналат

26 Март 2024
Children will Escort the Kyrgyz National Football Team to Celebrate the Child Rights
UNICEF Kyrgyzstan / Bektur Zhanibekov

26-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтчү Дүйнө чемпионатына тандоо оюнунда Кытайдын Тайбэйине каршы ойнойт. Балдардын командаларды оюн талаасына коштоп чыгуусу бул жолу маанилүү датага туш келди – Кыргызстан 30 жыл мурда Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялаган. Балдардын оюнчуларды коштоп чыгуусу салтка айланып калды жана бул БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен Кыргыз футбол союзунун биргелешкен демилгеси.

Коомчулуктун назарын балдардын, өзгөчө аярлуу балдардын укуктарына буруу жана балдардын өнүгүүсүндө спорт менен футболдун маанисин баса белгилөө демилгенин негизги максаты болуп саналат.

“30 жыл мурда Кыргызстан Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияга кошулуп, өлкөдөгү бардык балдардын укуктарын жана бакубатчылыгын коргоо милдетин өзүнө алган. Кыргыз футбол союзу жана Кыргызстандын улуттук курама командасы ар бир балага колдоо көрсөтүү менен бул окуяны белгилөө үчүн бизге кошулуп жатканына кубанычтабыз”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Кристина Бруджиоло.

Балдар менен футбол талаасына чыгуу салты 90-жылдардын башында башталып, андан ары токтогон жок. 2002-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында ФИФА ЮНИСЕФ менен кызматташтыкта элдин көңүлүн балдардын түрдүү көйгөйлөрүнө бурдура алган.

“Биз бул беттешти өзгөчө кылып, өлкөбүздөгү ар бир балага колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен сыймыктанабыз. Футбол адамдарды бириктирүү үчүн уникалдуу күчкө ээ жана бул символикалык ишарат аркылуу биз балдардын укуктарын жана бакубатчылыгын коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилегибиз келет. Биздин демилге бул маанилүү темага көңүл бурдургандан тышкары, өлкөбүздөгү бардык балдарга өнүгүү жана коргоо үчүн мыкты шарттарды түзүүгө шыктандыруу максатын да көздөйт”, - деп белгиледи Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Букуев Нурдин.

1989-жылы дүйнөлүк лидерлер Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияны кабыл алуу менен дүйнө жүзүндөгү балдардын алдында тарыхый убадасын беришкен. Келишим менен балдардын билим алууга, саламаттык сактоого, коргоого ж.б. укуктары таанылат. Бул Конвенция тарыхта адам укуктары боюнча эң кеңири ратификацияланган келишим болуп калды жана дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун өзгөртүүгө жардам берди.

Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы менен Кытайдын Тайбэйинин оюну 26-мартта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.