Франция Кыргызстанга COVID-19дан Pfizer вакциналарын өткөрүп берүүдө

06 Апрель 2023
Photo of the handover
UNICEF/Kyrgyzstan/2023/ Rufat Ergeshov

БИШКЕК, 2023-жылдын 6-апрели - Франция Өкмөтү COVID-19дан Pfizer компаниясынын 20 160 доза вакцинасын өткөрүп берет. Бул эмделген калк үчүн бустердик дозаларды берүүгө багытталган COVAX глобалдык демилгесинин бир бөлүгү. Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусс катышты.

Вакцинаны өткөрүп берүү аземинде Гүлбара Ишенапысова иммунизациялоого жана Кыргызстандын элинин ден соолугун жакшыртууга жардам берип жатканы үчүн Франциянын өкмөтүнө жана COVID-19га каршы күрөшүүдө колдон келишинче жардам көрсөтүп жаткан өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. “Биздин ишибиздин негизги максаты – элди COVID-19ду чакырган вирусту жуктурганда олуттуу оорудан коргоо жана жуктуруп алуу тобокелдигин кыйла азайтуу. Калктын жалпы санынан эмдөөнүн 70 пайызына жетүү бизди жамааттык иммунитетке ээ болууга жакындатууга жардам берет. Биргелешкен аракеттер менен биз коронавирустук инфекциянын пандемиясына каршы тура алабыз деп ишенем”.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен республикада Pfizer вакциналарын өтө төмөн -85C чейинки температурада сактоо үчүн атайын жабдуулар сатып алынып, өлкөгө жеткирилип, орнотулган. Кыргызстанда муздатуучу жабдууларды орнотуу жана текшерүү үчүн эл аралык эксперттер тартылган.

“Франция 16 ай мурда Кыргызстанга Moderna вакцинасынын 115 200 дозасын берген, эми Pfizer вакцинасынын 20 160 бустердик дозасын берүүдө. Муну менен Франция Кыргыз Республикасына чыныгы достугун жана тилектештигин көрсөтүп жатканына кубанычтамын”, деди элчи Франсуа Делаусс.

“Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Биз Франциянын өкмөтүнө вакцинацияны кеңири жайылтууда Кыргызстан менен тилектештиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. ЮНИСЕФ вакциналар менен камсыз кылууда жана аларга жеткиликтүүлүктү жакшыртууда өнөктөштөр менен бирге Кыргызстандын өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтө берүүгө даяр”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Вакциналар келгенге чейин ЮНИСЕФ Республикалык иммунопрофилактика борборуна 40 вакцинаторду “Pfizer Comirnaty” вакцинасы менен иштөөгө окутууда колдоо көрсөттү. Окутууга суюлтуучу заттарга муктаж болбогон вакциналардын жаңы түрүн сактоо, иштетүү жана саюу боюнча көрсөтмөлөр кирди.

2023-жылдын январына карата калктын 20,1 пайызы гана COVID-19га каршы толук эмдөөдөн өткөн, бул ДСУ 2022-жылы белгилеген 70 пайыздык улуттук максаттуу көрсөткүчтөн бир топ төмөн. ЮНИСЕФ өкмөттүн жана өнөктөштөрдүн калкты COVID-19га каршы эмдөө жана календардык графикке ылайык эмдөө ишин кеңейтүү боюнча аракеттерин колдоону уланта берет, мында кайда жайгашканына карабастан такыр эмделбеген жана эмдөөнү өткөрүп жиберген жамааттарды камтууга өзгөчө көңүл бурат.

COVID-19га каршы вакцина сайган убактылуу эмдөө пункттарынын даректерин www.privivka.kg жана www.med.kg сайттарынан табууга болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.