Прянка Чопра Джонас, Дэвид Бекхэм, Кэти Перри, Орландо Блум, Вупи Голдберг, Анжелик Киджо жана Лиам Нисон ЮНИСЕФтин дагы 28 белгилүү тарапкерине кошулуп, “Чоң жетиге” кирген мамлекеттерге кайрылышты

Ушул дем алыш күндөрү “Чоң жетинин” саммитинин алдында ЮНИСЕФтин элчилери жана тарапкерлери биргелешкен кайрылуу жасап, G7 лидерлерин COVID-19га каршы вакцинанын жок дегенде 20% жакыр өлкөлөргө берүү милдеттенмесин алууга чакырышты.

08 Июнь 2021
#DonateDosesNow
UNICEF

НЬЮ-ЙОРК, 2021-жылдын 8-июну - ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчилери Прянка Чопра Джонас, Дэвид Бекхэм, Кэти Перри, Орландо Блум, Вупи Голдберг, Анжелик Киджо жана Лиам Нисон ЮНИСЕФтин 28 элчисинин жана тарапкерлеринин чакырыгына кошулушуп, G7 лидерлеринен COVID-19га каршы вакцинанын дозаларын жакыр өлкөлөргө берүү милдеттенмесин өзүнө алууга үндөштү.

Бүгүн Улуу Британиянын Корнуолл шаарында өтө турган G7 лидерлеринин үч күндүк саммитин (11-июндан 13-июнга чейин) утурлай жарыяланган ачык катта G7 лидерлерин чукул арада COVID-19га каршы вакцинанын 20 пайыздан кем эмес дозасы менен бөлүшүүгө чакырык жазылган. Катка кол койгондор вакцина менен бөлүшүү вирустун мындан ары жайылуу тобокелдигин жана мутацияланган штаммдардын пайда болуу коркунучун азайта турганын белгилешти.

Рамла Али, Фернандо Алонсо, Дэвид Бекхэм, Орландо Блум, Хосе Мануэль Кальдерон, София Карсон, Джемма Чан, Приянка Чопра Джонас, Оливия Колман, Билли Эйлиш, Пау Газоль, Вупи Голдберг, Дэвид Хэревуд, сэр Крис Хой, Анджелик Кидджо, Теа Леони, Люси Лью, Хуан Мануэль Лопес Итурриага, Эван МакГрегор, Алисса Милано, Энди Мюррей, Лиам Нисон, Лиам Пейн, Кэти Перри, Серхио Рамос, Клаудия Шиффер, Тереза Вьехо жана Пинк ЮНИСЕФке кошулуп, G7 лидерлерин вакцина менен бөлүшүүгө, киреше деңгээли аз жана орто болгон өлкөлөргө вакциналардын акыйкат жана тең бөлүштүрүлүп, жеткирилишин камсыз кылууга чакырышты.

“Бир жарым жылдан бери дүйнө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүп келет, бирок вирус дагы деле болсо көптөгөн өлкөлөрдө жайылууда жана анын жаңы түрлөрү пайда болуп жатат. Мындай жагдай бизди кайсы жерден баштасак, ошол жерге кайтарып коюушу мүмкүн", - деп айтылат катта. “Бул демек, мектептер кайрадан жабылат, саламаттык сактоо системасына оорчулук келет, экономикалык кесепеттери оор болот, дүйнө жүзүндө үй-бүлөлөрдүн жана балдардын келечегине коркунуч жаралат”.

Катта жакыр өлкөлөрдүн вакциналарды алуу мүмкүнчүлүгүн колдоого багытталган COVAX аттуу глобалдык демилге 190 миллион дозанын жетишсиздигине туш болуп жатканы белгиленет. Ошондой эле катта G7 өлкөлөрүнө июндан августка чейинки мезгил аралыгында ушул таңсыктыктын ордун жабуу үчүн вакциналардын 20 пайызын – 150 миллион дозаны берүү сунушталган. Бул 20 пайыз тартыштыктын ордун толтуруу үчүн убактылуу чара болмокчу. Airfinity аттуу Жашоо жөнүндө илимдерди изилдөө борбору жакында эле маалыматтарга талдоо жүргүзүп чыккан. Бул изилдөө ЮНИСЕФтин британ комитетинин (UNICEF UK) буюртмасы менен жүргүзүлгөн. Аталган изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, G7 өлкөлөрү өз мамлекеттериндеги бойго жеткен адамдарды эмдөө боюнча учурдагы пландарын үзгүлтүккө учуратпастан эле вакциналар менен бөлүшө алышат.

“ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси катары мен эмдөөнүн өтө маанилүү ролуна ишенем”,-деди ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси Дэвид Бекхэм. “Вирус бардык жерде жок болмоюнча пандемия да токтобойт, ошондуктан дүйнөдөгү бардык жамааттар COVID-19га каршы вакциналарды чукул арада алганы өтө маанилүү болуп турат”.

“Мекеним Индиядагы жана Түштүк Азия чөлкөмүндөгү кризис кыйраткыч күчкө ээ болду. COVID-19дун жайылышы Индиянын булуң-бурчундагы медициналык мекемелерди оор сыноодон өткөрүүдө. Ооруканаларда керебеттер, негизги медициналык шаймандар жана кычкылтек түгөнүп жатат. ЮНИСЕФте бардыгыбыз вирустун жаңы түрү менен ооруп жаткан балдар тууралуу угуп терең тынчсызданып турабыз. Бул балдардын көбү ата-энесинен айрылып, жалгыз калышты, алар чукул медициналык жардамга, эмдөөгө жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калуу коркунучу бар топторго киришет”, - деди ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси Прянка Чопра Йонас. “Индиядагы кризис дүйнөдөгү аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдү азапка салган, өлүмгө алып келген вирустун жаңы түрлөрүнөн сактануу үчүн эмне себептен азыртадан аракет кылышыбыз керектигин көрсөтүп турат. ЮНИСЕФ жана анын COVAX боюнча өнөктөштөрү дүйнөдөгү калктын аялуу катмарын эмдөө жана дарылоо менен камсыз кылып жатышат, бирок бул иштерди жалгыз жасай алышпайт. Бул көйгөйдү чечүүнүн негизги жолу – G7 өлкөлөрү медициналык кызматкерлери жана калктын аялуу катмары вакцинага өтө муктаж болгон мамлекеттерге COVID-19га каршы вакцинанын запастарын чукул арада бөлүп берүү милдеттенмесин алышы керек. Ошондуктан мен кесиптештериме – ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчилерине кошулуп бул катка кол койдум. Бул катта биз G7 лидерлерин ушул аптада Улуу Британияда өтчү саммитте дүйнөдөгү үй-бүлөлөрдү жана балдарды COVID-19дан коргоо милдеттенмесин өзүнө алууга чакырдык”.

Элчилер кол койгон катта “ушул дем алыш күндөрү өтчү G7 саммити вакциналарды эң керектүү жерлерге тез арада жеткирүүгө жол ачкан иш-аракеттерди макулдашып алууга өтө маанилүү мүмкүнчүлүк болору” белгиленет. Ошондой эле каттын авторлору лидерлерди вакциналарды жеткирүү көбөйгөн сайын кайрымдуулуктун көлөмүн көбөйтүү үчүн жол картасын иштеп чыгууга үндөштү. Алар жылдын этегине чейин бир миллиард доза менен бөлүшүү мүмкүн болот деп божомолдоп жатышат.

“Өлкөлөр илдетке каршы өз мекенинде же анын четинде күрөшүш керекпи деп тандабашы керек. Биз экөөнү бир эле учурда жасай алабыз жана муну чукул арада жасашыбыз керек”, - деди ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Генриетта Фор. “Бул COVID-19га каршы күрөштөгү маанилүү учур, анткени лидерлер бул күрөш жакынкы апталарда жана айларда кандай нукта өтөөрүн, вирус менен күрөштөгү артыкчылыктарды аныктап алуу үчүн жолугушууда. COVAX демилгесин чукул түрдө колдоо боюнча биздин чакырыкка ЮНИСЕФтин көптөгөн тарапкерлери кошулуп, биз бул күрөштү дүйнө жүзү боюнча улантып жатканыбызга абдан кубанычтамын. Кантсе да, оору картадагы чек араны тааныбайт эмеспи. Вирусту жана анын түрлөрүн токтотуу үчүн күрөшүп жатканда биз да чек араларды карабашыбыз керек”.

#####

Редакторлорго эскертүү:

Лиам Нисон окуп берген каттын мультимедиялык версиясын, ошондой эле башка мультимедиялык контентти бул жерден көрө аласыз.

Толук маалымат алуу үчүн сайтка кириңиз: unicef.org/donatedosesletter.

Каттын толук тексти:

 

Урматтуу G7 лидерлери,

 

Бир жарым жылдан бери дүйнө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүп келет, бирок вирус дагы деле болсо көптөгөн өлкөлөрдө жайылууда жана анын жаңы түрлөрү пайда болуп жатат. Мындай жагдай бизди кайсы жерден баштасак, ошол жерге кайтарып коюушу мүмкүн. Бул демек, мектептер кайрадан жабылат, саламаттык сактоо системасына оорчулук келет, экономикалык кесепеттери оор болот, дүйнө жүзүндө үй-бүлөлөрдүн жана балдардын келечегине коркунуч жаралат.

Вирус бардык жерде жок болмоюнча пандемия да токтобойт, ошондуктан вакциналарды ар бир өлкөгө мүмкүн болушунча тез жана бирдей жеткирүү зарыл. Ушул дем алыш күндөрү өтчү G7 саммити – вакциналарды өтө зарыл болгон жерге чукул арада жеткирүү боюнча иш-аракеттерди макулдашууга шарт түзгөн өтө маанилүү мүмкүнчүлүк.

ЮНИСЕФ вакцина менен камсыздоо боюнча COVAX эл аралык демилгесинин атынан вакциналарды жеткирүүгө киришти. Бирок учурда, COVAX зарыл болгондон 190 миллион дозага аз вакцинага ээ болуп турат, мындан улам аялуу катмардагы адамдар корголбой калууда. Айрым өлкөлөр вакциналарды ушул жылдын аягында берүүгө милдеттеништи, бирок дозалар азыр керек болуп жатат.

ЮНИСЕФтин талдоосу көрсөткөндөй, жакында G7 өлкөлөрү июнь-август айларынын аралыгында вакциналардын 20% берүү үчүн жетиштүү дозаларды алышат. Бул өлкөлөр өз мамлекеттериндеги калктын бойго жеткен адамдарын эмдөө пландарын үзгүлтүккө учуратпастан 150 миллиондон ашык дозаны бөлүп бере алышат. Ушул август айында шашылыш түрдө кайрымдуулук чараларын көрүп, берилчү вакцинанын дозасын көбөйтүү планын иштеп чыгууну суранабыз.

Жылдын этегине чейин бир миллиард доза менен бөлүшүү мүмкүн болот деген божомол бар. Дүйнө силерге үмүт менен карап турат. Силер биргелешип, азыркы кыйынчылыктарга туруштук беришиңер керек. Ар бир баланын жана баарынын ден соолугу чың болгон, жаркын жана адилеттүү келечекти куралы.

АВГУСТКА ЧЕЙИН ЖЕТКИЛИКТҮҮ ВАКЦИНАЛАРДЫН 20% БӨЛҮШТҮРҮП БЕРГИЛЕ. БАРДЫГЫБЫЗДЫ КОРГОП КАЛГЫЛА. ВАКЦИНАЛАРДЫ АЗЫР БӨЛҮШТҮРГҮЛӨ.

Airfinity изилдөөсү жөнүндө

Airfinity талдоону белгиленген дозанын негизинде G7 мүчөлөрүнө берилген дозаларды жеткирүү тууралуу маалыматтардын божомолун колдонуу менен жүргүзөт. Жеткирилген дозалардын божомолдору эгерде алар азыркы учурда III этаптагы сыноолордон өтүп жаткан вакциналардын тизмесине киргизилбесе, анда өлкөлөр менен бекитилген вакциналарды өндүрүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдерге негизделет. Эгерде G7нин бардык мүчөлөрү 2021-жылдын июнь, июль жана август айларында өз запастарынын 20 пайызын бөлүшүп беришсе, жеткиликтүү болгон дозалардын жалпы саны 153 миллионду түзөт. Мында Novovax’тын вакциналары кошулуп эсептелген жок. Буга Novovax’ка таасир этүүчү, вакциналарды жеткирүүгө күтүлүп жаткан чектөөлөр себеп.

 

Толук маалымат алуу үчүн:

Куртис Купер, ЮНИСЕФ, Нью-Йорк, Тел: +1 917 957-6536, kacooper@unicef.org

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өз ишмердигин ар бир баланын укугун жана бакубат жашоосун камсыз кылуу максатында жүргүзөт. ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен биргеликте дүйнөнүн 190 өлкөсүндө жана аймактарында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн иштеп жатат, мында жакыр жана обочодо калган балдарга жетүүгө өзгөчө көңүл бурулат; дүйнөнүн булуң-бурчундагы ар бир баланын бакубат турмушу үчүн иш алып баруудабыз.

ЮНИСЕФтин иши тууралуу толук маалыматты сайттан таба аласыз: www.unicef.org/kyrgyzstan.

Facebook жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.