Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү-2023: балдардын укуктарын коргоо үчүн өнөктөштүк
ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен бирге жаш балдардын укуктарын колдоо жана коргоо маанилүү экенин дагы бир жолу эстетти
Шахмат турнири, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо матчы, аэропортто ата-эне жана бала үчүн жаңыланган бөлмөлөрдүн ачылышы, улуттук телеканалга чыккан репортаждар жана башка көп окуялар Кыргызстанда Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоонун бир бөлүгүнө айланды. 2023-жылы өткөн иш-чаралар ЮНИСЕФтин эски жана жаңы достору менен өнөктөштүктө уюштурулган. Бул иш-чаралар балдардын укуктарын коргоо маселелерине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлдү.
Балдарга канат тартуулайбыз
“Манас” эл аралык аэропортунан өткөн ата-энелер жана балдар мындан ары алар үчүн ыңгайлуу жана меймандос бөлмөлөрдү пайдалана алышат. Бул бөлмөлөр 20-ноябрда белгиленген Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ЮНИСЕФ менен “Манас” эл аралык аэропортунун кызматташтыгынын алкагында жаңыланды.
Бөлмөлөр энелерге баласын эмизүү үчүн ыңгайлуу болуп калды, мында балдар үчүн китептерге жана оюнчуктарга толтурулган оюн аянтчалары бар. Бөлмөлөр жаш саякатчылар үчүн жагымдуу маанайды тартуулоо максатында кооздолуп чыккан. Жүргүнчүлөр башкы залда жана ички каттамдар үчүн зоналарда бул бөлмөлөрдү оңой эле таба алышат: алар ачык түстө болот жана эшигинде тиешелүү жазуулар бар.
Мындан тышкары, Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүндө аэропорт аркылуу балдар менен саякаттаган жүргүнчүлөр атайын белектерди – оюнчук учактарды алышты. Бул чоң адамдарды балдарды ар тараптан колдоого үндөгөн “Балдарга канаттарды тартуулайбыз” деп аталган өнөктүктүн бир бөлүгү болду.
Жергиликтүү TezJet авиакомпаниясы да акцияга кошулуп, бул күнү учакта отурган бардык балдар менен учурашып, бүгүн алар үчүн өзгөчө күн экенин жарыялады.
Тизгин балдардын колунда
“Манас” аэропорту менен өнөктөштүк ошондой эле Улуттук телерадиокорпорациянын (УТРК) жаңылыктарына да чыкты. Бирок бул адаттан тыш сюжет болду: мында 12 жаштагы Айике Туратбекова аттуу кыз кабарчы болду.
Аэропорттогу ата-энелер жана балдар үчүн оңдолгон бөлмөлөрдөн тышкары, жаш кабарчы көрүүчүлөргө алты жаштагы бала аэропорттогу кээ бир салттуу кызматтарды кантип ээлегени тууралуу айтып, көрсөтүп берди. Балдардын дүйнөлүк күнүндө бул бала көзөмөл-өткөрмө бекетинде жүргүнчүлөрдүн жүгүн текшерип, учактагы орду көрсөтүлгөн талондоруна мөөр басып, ал тургай ички каттам менен учкан жүргүнчүлөрдү да тосуп алды.
“Тизгин балдардын колунда” – бул ЮНИСЕФтин көп жылдык салты, ал балдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, балдардын да айтчу сөзү бар экенин, биз ага кулак төшөшүбүз керектигин баарынын эсине салуу максатын көздөйт. Сюжет чыккандан кийин бул салт тууралуу УТРКнын миңдеген көрүүчүлөрү билип калышты.
Дүйнө чемпионатынын беттеши жана мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар
2023-жылдын 21-ноябрында Бишкекте Кыргызстан менен Оман курама командаларынын ортосунда футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюну өттү. Футболчуларды талаага 24 бала, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да коштоп чыгышты. Бул демилге ЮНИСЕФ менен Кыргыз Футбол союзунун Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кызматташуусунун жыйынтыгы болуп саналат.
Бул демилге балдардын, өзгөчө аярлуу балдардын укуктарын коргоо маселелерине жана балдардын өнүгүүсү үчүн спорт менен футболдун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт.
Кыргыз Футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев: “Балдардын катышуусундагы мындай акциялар өнүгүүгө, ден соолукка, билим берүүгө жана инклюзивдүүлүккө байланышкан маселелерди чечүүгө көңүл бурдурууда маанилүү ролду ойнойт. Спорт, айрыкча футбол балдардын өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Биз үчүн ар бир бала маанилүү жана ЮНИСЕФ менен биргеликте балдардын көйгөйлөрү тууралуу коомчулукка эскертип туруу мүмкүнчүлүгү берилгенине ыраазыбыз”.
Укмуштуудай жөндөмү бар балдар
17-ноябрда мүмкүнчүлүгү чектелген 80ден ашуун шахматчы, анын ичинде балдар Бишкекте өткөн шахмат турнирине чогулушту. Балдардын дүйнөлүк күнүнө арналган турнирди ЮНИСЕФтин колдоосу менен “КР Шахмат федерациясы” коомдук бирикмеси уюштурду.
Үч күндүк турнир шахмат ойноого, сергек жашоого үгүттөп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды спорт менен машыгууга тартуу максатында уюштурулду.
Баланын укуктары – көңүл чордонунда
ЮНИСЕФ ошондой эле биринчи жолу Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда көрсөтүлгөн балдардын укуктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча бир катар иш-чараларды уюштурду. Кыргызстан БУУнун бул Конвенциясын дээрлик 30 жыл мурун кабыл алып, ратификациялаган.
Балдардын дүйнөлүк күнүн утурлай ЮНИСЕФтин ыктыярчылары 95 мектепте 30 миң окуучуга Конвенция тууралуу сабактарды өтүштү. Алар Конвенциянын тарыхы, негизги беренелери жана балдардын укуктарын коргоо үчүн ким жооптуу экендиги жөнүндө айтып беришти.
ЮНИСЕФ ошондой эле “Башта” коомдук фонду менен өнөктөштүктө Конвенциянын негизинде жаткан расмий процесстер тууралуу кыска жана кызыктуу ролик тартты. Тасмада бул Конвенцияга кол коюу Кыргызстан үчүн эмнени билдирери жана өлкө Конвенция боюнча милдеттенмелерин кантип аткарып жатканына БУУнун Комитети кандайча көз салаары түшүндүрүлөт. Видео социалдык тармактарда 60 миңден ашык жолу көрүлдү.
Бардык иш-чаралар ЮНИСЕФтин жана өнөктөштөрдүн социалдык тармактарында да жарыяланып турду. 20-ноябрга чейин эле бир нече күндүн ичинде социалдык тармактарга чыккан 112 постту 200 миңден ашык адам окуду.