ЮНИСЕФ жана «Манас» аэропорту аэропортту балдарга жана ата-энелерге ыңгайлуу кылуу үчүн кызматташат

21 Ноябрь 2023
children playing with planes
UNICEF Kyrgyzstan

“Манас” эл аралык аэропорту аркылуу өткөн ата-энелер жана балдар эми ыңгайлуу жана жагымдуу ата-эне жана бала бөлмөлөрүнөн пайдалана алышат. Бул бөлмөлөр 20-ноябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) менен “Манас” эл аралык аэропортунун кызматташуусунун алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Аэровокзалдын жалпы зонасында жана жергиликтүү авиакаттамдар үчүн залда жайгашкан бөлмөлөр эми эмчек эмизүү үчүн ыңгайлуу, балдар үчүн китептер жана оюнчуктар бар оюн аянтчалары менен жабдылган. Бөлмөлөр жаш саякатчылар үчүн жагымдуу атмосфераны түзүү үчүн жасалгаланган.

«Биз «Манас» эл аралык аэропорту менен өнөктөш болгонубузга кубанычтабыз жана алардын ата-энелер менен балдарды колдоого даярдыгы үчүн ыраазыбыз. Бул аэропорт аркылуу күн сайын миңдеген кыргызстандыктар өтөт. Ата-энелер жана жаш жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жол үчүн шарттарды түзүү актуалдуу муктаждык болуп калды», - деп белгиледи Кристина Бружиоло, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучусу.

Жаңыланган бөлмөлөр эшиктердин жаркыраган дизайнынын аркасында жүргүнчүлөр үчүн көрүнүктүү болуп калды.

«Бул күн балдардын укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген өзгөчө учур жана биз бардыгын бул демилгеге кошулууга чакырабыз. Балдар ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон азыркы дүйнөдө алардын муктаждыктарына көңүл буруу өзгөчө маанилүү. Ар бир бала мээримге, камкордукка жана ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө татыктуу деп эсептейбиз. Бул өзгөчө күнү келгиле, чогуу балдарга тиешелүү маселелер боюнча маалымдуулукту көтөрөлү жана алардын өсүшү жана өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аракеттерин колдойлу. Бул билимге, ден-соолукка, коопсуздукка жана зомбулуктан коргоого көңүл бурууну камтышы мүмкүн. Келгиле, ар бир бала үчүн бактылуу жана коопсуз дүйнөнү бирге түзөлү», - деди «МАМ» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

Мындан тышкары Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнүндө аэропорт аркылуу бара жаткан балдары менен жүргүнчүлөргө атайын белектер – оюнчук учактар ​​тапшырылды. Бул чоңдорду балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө үндөгөн "Балдарга канат тартуулайбыз" акциясынын алкагында болду.

Акцияга жергиликтүү TezJet авиакомпаниясы кошулуп, самолет бортунда бул өзгөчө күндү жарыялап, учактагы бардык балдарды тосуп алышты.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.