ЮНИСЕФтин Регионалдык директору Афшан Хан айым Кыргызстанга келатат

ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча Регионалдык директору Афшан Хан айымдын Кыргызстанга алгачкы сапары

13 Июль 2017
Афшан Хан
ЮНИСЕФ

Баткен/Ош/Бишкек, 2017-жылдын 13-июлу – ЮНИСЕФтин Европадагы жана Борбор Азия боюнча Регионалдык директору Афшан Хан айым 2017-жылдын 13-июлунан 18-июлга чейин биринчи жолу Кыргызстанда болот.

Афшан Хан айым саламаттык сактоо, билим берүү жана балдарды коргоо чөйрөлөрүндө кырдаалды жакшыртуу боюнча жетишилген жыйынтыктарды, ошондой эле 2018-2022-жылдарга жаңы Өлкөлүк Программанын алкагында Кыргызстан Өкмөтү менен ЮНИСЕФ ортосунда балдар үчүн стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулайт.

Бир аптага созула турган сапары маалында Афшан Хан айым жогорку даражалуу мамлекеттик аткаминерлер – Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, мурдагы президент Роза Отунбаева, Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаев, Ош облусунун губернатору Таалайбек Сырабашев, ошондой эле депутаттар, жарандык коомдун жана эл аралык жамааттын өкүлдөрү менен жолугушат.

Кыргызстандагы сапары маалында ЮНИСЕФтин Регионалдык директору транс чек аралар аралык программа менен таанышып, ооруканаларды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн борборлорду, балдарды коргоо борборлорун кыдырып, балдар укуктарын коргоодо өлкө кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканы тууралуу кенен маалымат алат.

Хан айым 28 жыл бою эл аралык мамлекеттик кызматчы катары эмгектенген. Буга чейин ал ЮНИСЕФтин Өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору кызматын, ошондой эле дагы бир катар жетектөөчү кызматтарды ээлеген: Коомчулук менен иш алып баруу жана ресурстарды мобилдештирүү боюнча башкармалыктын директору; Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча Регионалдык директордун орун басары жана ЮНИСЕФтин Ямайкадагы Өкүлү болуп иштеген. Афшан Хан айым Женевада жашайт жана иштейт. Бул анын Кыргызстанга алгачкы сапары.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

About UNICEF

UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere.

For more information about UNICEF and its work for children, visit www.unicef.org.

Follow UNICEF on Twitter and Facebook