Мэрия, ЮНИСЕФ жана Sputnik балалык тууралуу фотодолбоор сунуштайт

31 Май 2017
Panel of 4 women in front of bright yellow Sputnik graphic
Sputnik/Tabaldy Kadyrbekov/2017

БИШКЕК, 1-июнь – Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ) менен биргеликте, ошондой эле Бишкек мэриясынын колдоосу менен "Кыргызстандын балдары — мезгил арасында" аттуу фотографиялык долбоор сунуштайт.

Интерактивдүү долбоор Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналып, 1-июндан тарта Sputnik сайтында жана агенттиктиктин социалдык тармактарында башталат.

Биринчи бөлүк Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинен алынган сүрөттөрдөн туруп, ал 1900-1990-жылдар аралыгында өлкөнүн ар аймагындагы кыргыз балдарынын улуттук кийими, жашоосу тууралуу кенен маалымат берет.

Жаштардын тарыхын долбоордун экинчи бөлүгү баяндайт — эл назарына XXI кылым балдарынын жашоосу чагылдырылган Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотокабарчылары тарабынан тартылган эмгектер тартууланат. Бул эмгектердин айрымдарын шаар тургундары менен коноктору калаанын ачык экспозициялык аянтчаларынан көрө алат.

Аталган долбоор тууралуу агенттиктин жетекчиси Елена Череменина, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Юкиэ Мокуо жана мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында айтып беришти.

Юкиэ Мокуо Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2 миллион бала бар экенине токтолуп, акыркы жылдары балдардын жашоосун жакшыртуу жаатында алгылыктуу иштердин көп болгонун белгиледи.

"Мисалы, 5 жылдын аралыгында бала өлүмүнүн саны кыскарып, мектепке даярдоо боюнча милдеттүү программа балдардын дээрлик 98 пайызын камтыган. Бул долбоор дагы 100 жылдан кийин Кыргызстан балдарынын ден соолугу чың болушу үчүн эмне кылуу керектигин ойлонууга чакырат", — деди ал.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина балдар биздин келечегибиз, байлыгыбыз, үмүтүбүз экенин айтты. "Агенттиктин фотографы Табылды Кадырбековдун эмгектери аталган долбоордун бир бөлүгү болуп калганына кубанычтабыз", — деди Череменина.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

Sputnik Кыргызстан 

өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан 

ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

* LiveInternet версиясы боюнча 2017-жылдын май айынын ичинде