Кыргызстанда ВИЧтин жайылышын токтотуу максатында жергиликтүү жамааттар чогуу иш алып барууда

ЮНЭЙДСтин жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) айылдарда ВИЧтин жайылышын болтурбоо жана бул илдеттин жугуу жолдору тууралуу негизги маалыматты жайылтууда дарыгерлердин өзөктүк тарапкерлерине айланышты.

Айнура Текенова жана Нурсултан Абдулов
09 Июнь 2020

Ушул тапта Кыргызстанда ВИЧти жыныстык жол менен жуктургандар көбөйүүдө. Бирок жамааттардын деңгээлинде ишке ашкан азыркы долбоорлор бул сандарды азайтуунун үстүнөн иштеп жатышат. ЮНЭЙДСтин жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) ВИЧтин алдын алуу боюнча негизги маалыматты жеткирүүдө дарыгерлерге жардам берүү максатында өлкө боюнча иш алып барууда.

АДК мүчөлөрү – бул негизинен аялдар, алардын көбү пенсияга чыгышкан. Бул аялдар өз ыктыяры менен элеттиктерге ВИЧтин тобокелдиктери жана анын алдын алуунун жолдору тууралуу маалымат жеткирип, өз жамааттарына чоң салым кошууда. Бир айылга орточо эсеп менен онго жакын АДК ыктыярчысы туура келет. Алар мектептерди кыдырып, коомдук иш-чараларга катышып, ВИЧ тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, мүмкүн болушунча көбүрөөк адам ВИЧтин айланасындагы ойдон чыгарылган кептерге жана жалган маалыматтарга ишенбей калышы үчүн колдон келгенин жасап жатышат.

 

 

Members of the Village Health Committees
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Aijarkin Iminova
Айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү

Бардык Айылдык ден соолук комитеттеринин жетекчилери ВИЧ илдетинин алдын алуу жана стигманы токтотуу боюнча окуудан өтүшкөн. Өлкөнүн түштүгүндөгү Кулатов айылында жашаган 70 жаштагы Кимсан Колдошева да коомдук тренингге катышкан эле. Мамлекеттик кызматта 40 жылдык тажрыйбасы бар Кимсан өз айылында да, райондо да АДКнын алдыңкы мүчөлөрүнүн бири. “Биз адамдардын жашоосун жана саламаттыгын жакшыртууга өз салымыбызды кошуп жатабыз. Бул биздин негизги максатыбыз. Биз айылыбыздын тургундары үчүн семинарларды өткөрүп турабыз. Мунун жардамы менен тажрыйба бөлүшүп, достугубузду бекемдөө максатын көздөйбүз”, - деп жооп берди Кимсан. 

Кимсанга окшогон АДКнын ыктыярчылары ВИЧти көзөмөлгө алууга болот деп адамдарды маалымдоо боюнча өтө чоң иштерди жасап жатышат. Мисалы, өлкөнүн түштүгүндөгү Өзгөн шаарында АДКнын дагы бир ыктыярчысы Гүлнара Керкебаева мындай деп айтты: “Эгерде биз ВИЧ тууралуу айтып берсек, анда адамдар сак болуп, вирустан коргоно башташат. Эгерде адам ВИЧ жуктуруп алганын билип калса, ал адам вируска карабастан бактылуу жана дени сак жашоого боло турганын түшүнүп калат”.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Кулатов айылында жашаган 70 жаштагы Кимсан Колдошева да коомдук тренингге катышкан эле. Мамлекеттик кызматта 40 жылдык тажрыйбасы бар Кимсан өз айылында да, райондо да АДКнын алдыңкы мүчөлөрүнүн бири.

 

©UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Aijarkin Iminova
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Aijarkin Iminova
70 жаштагы Кимсан Колдошева Айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү

Ыктыярчылардын көбү медициналык кызматкер болбосо да, алар таратып жаткан маалымат ВИЧке байланышкан ойдон чыгарылган жалган пикирлерди жана ВИЧ менен жашаган адамдарга стигма коюп, басмырлоону жок кылуу үчүн өтө чоң мааниге ээ. Гүлнара бир нерсени мойнуна алды:“Мурда эгерде ВИЧ оорулуу эне баласын эмгизсе, вирус балага да жугат деп ойлогонбуз. Эми болсо эгерде эне дары-дармектерди ичип турса, баласын алты айга чейин эмчек сүтү менен бага аларын билип калдык. Бул мен үчүн абдан кубанычтуу кабар болду”. ВИЧтин негиздери тууралуу жөнөкөйлөштүрүлгөн маалымат аны өлкөнүн жада калса эң алыскы аймактарына да жеткирүүнүн натыйжалуу усулу болуп калды.

Пандемиядан улам акыркы айларда АДКнын иш-чараларынын басымдуу бөлүгү онлайн өтүп жатат. ЮНИСЕФ COVID-19 пандемиясы маалында да АДКнын ыктыярчыларына колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле АДК мүчөлөрү ата-энелерге да маалымат берип, бала төрөлгөндөн баштап аны кантип багыш керектигин, баланын бакубат жашоосу жана өсүп-өнүгүүсү үчүн кандай шарттарды түзсө болоорун, мындан тышкары COVID-19дун алдын алуу чаралары тууралуу айтып беришүүдө.

"Эгерде биз ВИЧ тууралуу айтып берсек, анда адамдар сак болуп, вирустан коргоно башташат. Эгерде адам ВИЧ жуктуруп алганын билип калса, ал бул вирус менен жашоосун уланта алаарын түшүнүп калат”.

©UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Aijarkin Iminova
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Aijarkin Iminova
Ноокаттагы ымыркайлар арасында ВИЧти болтурбоо боюнча тренингге Ноокат районунан келген АДК мүчөлөрү

Аталган иш-чаралар ЮНЭЙДСтин Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда ВИЧ-инфекциясын жана башка жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө программасын алкагында, Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.