Кыргызстанга 20 миңден ашык доза COVID-19га каршы вакцина келди

08 Февраль 2024
elder person taking a covid-19 vaccine shot
UNICEF Kyrgyzstan
Калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун (РКИ) борбордук кампасына Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 20 160 дозасы келип түштү. Калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX мекемеси тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң АКШ долларын түзөт.

«COVID-19 программаларын колдоонун алкагында учурда 58 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан, 2024-жылы COVID-19га каршы эмдөө иштерин улантууда. Өлкөдө COVID-19 кырдаалы туруктуу болгону менен, эмдөө бул оорунун татаалдашынан коргоо жана тобокелдикти олуттуу түрдө азайтат», - деди Зинат Бейшебаева, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы.

Бул Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан алдын ала квалификациядан өткөн. Ал 6 ай жана андан жогорку жаштагы бардык адамдар үчүн коопсуз жана натыйжалуу деп эсептелет.

«ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү вакциналардын кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөнү улантат», - деди Кристина Бругиоло, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү a.i.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен COVID-19га каршы эмдөө үчүн максаттуу топторду аныктоонун үстүндө иштеп жатат.

«Вакциналардын жаңы жеткирилишинин алкагында биз Кыргызстандын COVID-19га каршы коргонуусун күчөтүп жатабыз. Эмдөө калкты коргоп, коопсуз келечекке жол ачкан үмүт чырагыбыз бойдон калууда”, - деди ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.

Буга чейин ЮНИСЕФ улуттук вакцина кампасын  -80°Сге чейин өтө төмөн температураны талап кылган Pfizer вакциналарын сактоодо колдоо көрсөтүү үчүн муздаткчтар менен камсыз кылган.

Эмдөө ала турган мекемелердин даректерин www.privivka.kg жана www.med.kg сайттарынан тапса болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.