ЮНИСЕФ Кыргызстанда вакциналарды сактоо үчүн 11 жаңы муздак бөлмөлөрдү тапшырууда

28 Декабрь 2023
measles vaccine bottles
UNICEF Kyrgyzstan

Декабрь айында ЮНИСЕФ жана Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандын бардык аймагындагы медициналык мекемелерге 11 жаңы муздаткыч бөлмөлөрдү орнотууну баштады. Жабдуулардын жана орнотуунун жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат. Бул объекттер Канада Өкмөтү тарабынан вакциналарды коопсуз сактоого көмөктөшүү боюнча глобалдык демилгенин алкагында каржыланат.

Муздаткыч бөлмөлөр Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында орнотулат. Бул максаттуу аймактар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча ар бир аймактын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен тандалып алынган.

Бөлмөлөрдүн көлөмү 10 м3 жана 30 м3, бул вакциналардын олуттуу көлөмүн сактоого мүмкүндүк берип, аталган облустардын жана райондордун жакынкы жылдарда күтүлгөн керектөөлөрүн канааттандырат.

Бөлмөлөр +2 ден +8ге чейинки туруктуу температураны кармап турат. Бул вакциналардын жана дарылардын көпчүлүгүн туура сактоо үчүн зарыл температура. Жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала квалификациясынан өтүп, жогокру стандарттарга шайкештигин камсыз кылат.

Бардык сактоочу камералар 2024-жылдын февраль айына чейин орнотулат. Муздак бөлмөлөр вакциналардын ай сайынкы запасын кармап турууда жана алардын жер-жерлерде жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда маанилүү.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.