Табигый кырсыктар тобокелдигин азайтуу
Балдар, мугалимдер жна ата-энелер суу ташкындары, жер көчкүлөр же жер титирөөлөр сыяктуу өзгөчө кырдаалдар учурунда тобокелдиктерди түшүнүп, аларды башкара билүүгө жана коопсуз жүрүм-турумга үйрөнүшөт
Маселенин өзөгү эмнеде?
Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнөн улам барган сайын саны көбөйүп бараткан жер көчкүлөр менен суу ташкындары сындуу бир катар өзгөчө кырдаалдарга дуушар болууда. Сейсмикалык жактан опурталдуу аймакта жайгашкандыгынан улам өлкөдө Рихтердин шкаласы боюнча 8-9 баллга чейин жеткен жер титирөөлөр көп болуп турат. Акыркы 5 жылда эле өлкөдө бир нече катуу жер титирөөлөр, суу ташкындары жана жер көчкүлөр болуп, олуттуу каржылык чыгымдарга жана адам курмандыктарына алып келди. Бул, биринчи кезекте, улуу адамдарга салыштырмалуу кыйла аялуу болгон балдарга таасирин тийгизүүдө.
Тилекке каршы, Кыргыз Республикасындагы балдар сапаттуу билим берүү жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу менен тиричиликке туруктуулук боюнча иш-чараларга жетиштүү камтылган эмес.
Жалпы өлкө боюнча мектептердин 84 пайызы жана мектепке чейинки мекемелердин 85 пайызы коопсуздуктун минималдуу стандарттарына жооп бербейт жана тез арада ремонт жасоого же реконструкцияланууга муктаж.
Ошентип, 1 миллиондон ашуун бала ыктымалдуу табигый кырсыктар тобокелдигине чалдыгуусу мүмкүн.
Чечүүнү талап кылган өзөктүү маселелерге мектеп инфраструктурасынын начарлашы, мамлекеттик мекемелердин өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу үчүн даяр эместиги, же болбосо начар даярдыгы жана дарамети чектелүү болушу, жооптуу органдардын бардык деңгээлдеринде табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана тиричиликке туруктуулукту өнүктүрүү жөнүндө маалыматтын аздыгы кирет. Ченемдик-укуктук базанын бар экендигине карабастан, аны ишке ашыруу жана көзөмөлдөө механизмдери жок, каржылык жана кадрдык ресурстар чектелүү болуп, маселеге бардык деңгээлде тийиштүү артыкчылык берилбегендиктен улам стратегиялык көз караш болбогон эпизоддук жагдайлар жаралууда.
Маселени кантип чечсе болот?
ЮНИСЕФтин колдоосу менен коопсуздук маселелери мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына киргизилген, ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдарды табигый кырсыктар учурундагы коопсуз жүрүм-турумга окутуп-үйрөтүүчү программа мугалимдерди окутуу программасына да киргизилген. Табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу (КТА) ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-2020-жылдарга карата Билим берүү Стратегиясында да камтылган.
ЮНИСЕФ Мектеп коопсуздугунун комплекстүү тутумун ишке киргизүүнү колдоого алат, ал өзүнө үч элементти: а) коопсуз окуу чөйрөсүн б) мектепте табигый кырсыктарды башкарууну в) табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга үйрөтүүнү камтыйт. Ошентип, мектепке чейинки курактагы балдардын өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздугу жөнүндө окутуп-үйрөтүүчү материалдар иштелип чыгып, аларды пайдалануу боюнча сунуштамалар даярдалган.
Андан тышкары, 1-3-класстардын мугалимдери үчүн «Коопсуз турмуш-тиричиликтин негиздери» боюнча усулдук сунуштамалар менен бирге 1-5-класстардын окуучуларына арналып программа иштелип чыккан жана алар 1-5-класстардын мектеп программаларына киргизилген.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 115 билим берүү мекемесиндеги мугалимдер менен окуучулар табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу маселелери боюнча дараметин атайын окутуп-үйрөтүүчү семинарлардын жардамы менен бекемдешти.
Бул тажрыйба ЮНИСЕФтин колдоосу менен иштелип чыккан Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча колдонмодо топтолгон.
2012-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу алдында КТА боюнча инженерлер менен эксперттер 3000ден ашуун мектептер менен мектепке чейинки мекемелердин тобокелдиктерге аялуу болуу мүмкүнчүлүгүн жана коопсуздугун баалоо ишин аткарышкан.
Бул иш Өкмөттүн балдарды окутуу үчүн коопсуз чөйрөнү камсыздоо ишин колдоо жана мектептер менен мектепке чейинки мекемелердин коопсуздугу боюнча базаны түзүү максатында жасалган. Баалоонун жыйынтыгынын негизинде КР Өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2015-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки мекемелер» программасы иштелип чыгып, кабыл алынган. Өкмөт менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр бул маалыматтарды мектептер менен мектепке чейинки мекемелерге ремонт жасоого, дараметин бекемдөөгө жана реконструкциялоого колдоо көрсөтүү үчүн кеңири колдонушат.
2016-2017-жылдар аралыгында ЮНИСЕФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) кырсыктардын тобокелдигин баалоонун жана талдоонун (КТТ) бирдиктүү усулдугун иштеп чыгууга, жергиликтүү деңгээлде иш-чараларды пландоого, каржылоого жана аларга мониторинг кылууга колдоо көрсөттү.
Мунун натыйжасы катары «Жергиликтүү деңгээлдеги КТТ боюнча колдонмо» даярдалды. Ошондой эле КР ӨКМге караштуу жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборлорун жабдуу жана алардын дараметтерин күчөтүү боюнча колдоо көрсөтүлдү (Бишкек жана Ош шаарлары). Эки Борбор тең муниципалитеттердин адистери үчүн КТТ боюнча окутуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул усулдук муниципалитеттерге өз аймагындагы ыктымалдуу тобокелдиктерди жана аялуу болууну аныктоого жана жергиликтүү өнүгүү пландарына алдын алуучу иш-чараларды өз убагында киргизүүгө жардам берет.
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар – ЮНИСЕФ менен анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча жарыялаган чакан материалдар топтому болуп саналат. Тизме акыркы маалыматтар менен толукталып, дайыма жаңыртылып турат.
Мектепке чейинки мекеменин тарбиялануучусунун өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздугу
Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча колдонмо
Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коопсуздугу боюнча веб-сайт
«Жаш куткаруучу» оюну (Android үчүн)