Гуманитардык жардам
Балдардын жашоосу табигый кырсыктардан кийин көрсөтүлгөн психологиялык жардамдын, коопсуз мектептер менен оюн аянтчаларынын жеткиликтүү болушун камсыздоонун, берилген куткаруучу топтомдордун жардамы менен өз нугуна түштү.
Маселенин өзөгү эмнеде?
Кыргызстан акыркы жылдарда дуушар болгон ири гуманитардык кризис - 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн жаңжал болуп саналат: Ош жана Жалал-Абад облустарындагы этностор аралык зомбулук бери эле дегенде 470 адамдын өлүмүнө жана 400,000 адамдын орун которуштуруусуна алып келген.
Кыргызстанда табигый кырсыктар көп болуп турат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) калк үчүн тобокелдик жараткан 20 чакты негизги табигый кырсыктар менен процесстерди аныктап чыккан. Аларга кар көчкүлөрү, кургакчылык, суу ташкындары, мөңгүдөн жаралган көлдөрдүн жээгинен чыгышы, жер титирөөлөр, жер көчкүлөр жана селдер, эпидемиялар, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулары, зыянкечтердин каптап кетиши жана дарыялардын эрозиясы ж.б. кирет. Бул кырсыктардын айрымдары, мисалы, суу ташкындары жана ушул сыяктуулар, негизинен мезгилдүү мүнөзгө ээ жана жылына кайталанып турат. Ал эми башкалары (мисалы, жер титирөөлөр) чанда болгону менен алардын талкалоо күчүнүн ыктымалдуулугу да кыйла жогору болот.
Кыргызстан Борбор Азиядагы сейсмологиялык жактан кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Анын ыктымалдуу интенсивдүүлүгү дээрлик жалпы өлкө боюнча 8-9 баллды түзөт. Өлкөнүн борбору Бишкек шаары, ири шаарлар болгон Ош менен Жалал-Абад сейсмологиялык тобокелдик жогору болгон аймактарда орун алган.
Өлкөдө жылына 3 миңден ашуун майда жер титирөөлөр катталып турат.
Эң катуу жер титирөөлөр 2008-жылы жана 1992-жылы болуп, адам курмандыктарына алып келген.
Маселени кантип чечсе болот?
ЮНИСЕФ Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн баштаган мезгилден тартып дайыма жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда иштеп келген. 2009-жылдан баштап ЮНИСЕФ өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруунун координациялык механизминин алкагында бир нече секторго жетекчилик кылып келе жатат. ЮНИСЕФ ушул механизм аркылуу чакан жана орто масштабдуу кырсыктардан жабыр тарткан калкка колдоо көрсөтөт.
Мисалы, Нарын, Баткен жана Ош облустары суу ташкындары менен селдерден абдан жабыр тарткан учурда жабырланган үй-бүлөлөргө гигиеналык топтомдорду жана сууну тазалоочу таблеткаларды берүү менен алардын санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртууга көмөктөшкөн.
ЮНИСЕФтин 2010-жылдагы этностор аралык кризистерге жооп кайтаруусу тез арада медициналык дары-дармектерди, таза сууну жана санитардык-гигиеналык буюм-тайымдарды жеткирүүдөн башталган.
Андан тышкары, жапа чеккен жамааттарда балага жылуу-жумшак мамиле жасалган 45 борбор ачылган.
Аялдар менен балдарга психологиялык жардам көрсөтүлгөн; ошондой эле «Мектепке кош келиңиздер» аттуу өнөктүк иштелип чыгып, анын алкагында балдарга коопсуз окуу чөйрөсүнүн жеткиликтүү болушу камсыздалган.
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар – ЮНИСЕФ менен анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча жарыялаган чакан материалдар топтому гана болуп саналат. Тизме дайыма жаңы маалыматтар менен толукталып турат.