Суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена
Кыргызстан тийиштүү гигиена менен санитарияны кадимки көрүнүш катары илгерилетүүдө прогресске жетишүүдө.
Маселенин өзөгү эмнеде?
Коопсуз суунун жана жакшыртылган санитардык шарттардын жеткиликтүү болбошу Кыргызстандагы маргиналдашкан коомдоштуктар үчүн курч маселе болуп саналат. Ал эми бул болсо социалдык аялуулук менен жакырчылыкты күчөтөт. Суу менен камсыздоо жана санитария инфраструктурасы улуттук деңгээлдеги капиталдык ремонтко муктаж. Суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена боюнча улуттук саясаттар, негизинен, ири тутумдарга басым жасап, мектептерде же координациялоочу органда СКГ боюнча конкреттүү саясат иштелип чыккан эмес. Мектептердеги СКГ боюнча аймактар ортосундагы айырмачылыктар да айкын, анткени айылдык мектептерде СКГнын жеткиликтүү болбошу же анын таптакыр жок болуу ыктымалдыгы жогору.
Аялдар менен кичине балдарды суу жана санитардык шарттар менен камсыздоо жеткиликтүү деңгээлде эмес, өзгөчө мектептердеги абал өтө начар.
Жалпы өлкө боюнча мектептердин 36 пайызынан ашыгы өз аймагында суу менен камсыздалган эмес.
Балдардын 91,8 пайызы мектептегиге караганда үйдө көбүрөөк колдорун жууй тургандыктарын айтышкан. Суу менен камсыздоого жана санитария боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө жумшалган ири инвестициялар бул маселелердеги туруктуулукту, айрыкча айыл жергесиндеги туруктуулукту камсыздоого байланышкан көйгөйдү алдыңкы орунга алып чыкты. Суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүгүнө жана сапатына, санитарияга, коомдук саламаттык сактоого жана гигиеналык практикаларга байланышкан көп жылдык көйгөйлөр 2010-жылдагы кризис учурунда өзгөчө айкын көрүндү, бул ЮНИСЕФтин токтоосуз гуманитардык жардам көрсөтүүгө киришүүсүн талап кылды.
Санитардык объектилер дайыма эле кыздар менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен курулбайт.
Көптөгөн мектептер Советтер Союзунун убагынан бери ремонттолгон эмес, аларда жылытуу тутуму, жарык жана тийиштүү санитардык шарттар жок. Айыл жергесинде адекваттуу шарттардын түзүлбөгөндүгү жана мектеп инфраструктурасынын начар абалы мектеп курагындагы балдардын, анын ичинде өспүрүм кыздардын мектептен чыгып кетишине көмөкчү болууда. Бул ынанымдар менен салт-санаага, басмырлаган мамилеге жана социалдык ченемдерге, мисалы, айызы (менструация) башталганы үчүн жаман көрүүгө негизделген стигма менен коштолот. Ошондой эле мектептердин дарамети менен маалыматтын жетишсиздигине байланышкан да көйгөй бар. Бул да жагымсыз жагдайды жаратып, өзгөчө кыздарга терс таасирин тийгизүүдө.
Маселени кантип чечсе болот?
ЮНИСЕФ өзүнүн суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена (ССГ) боюнча программасын Кыргызстанда 2010-жылдагы өзгөчө кырдаалдан кийин ишке киргизди. Кризис учурунда жүргүзүлгөн баалоо суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүгүнө жана сапатына, санитарияга, коомдук саламаттык сактоого, гигиена тууралуу маалымдуулукка жана гигиеналык практикаларга байланышкан көп жылдык көйгөйлөрдү аныктап койду. Өкмөт тарабынан ЮНИСЕФ жана жарандык коомдун уюмдары менен кызматташтыкта өткөрүлүп жаткан Маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча туруктуу кампаниялар сезилээрлик натыйжаларга алып келди:
калктын ичинен тийиштүү түрдө иштетилген сууну колдонгондордун саны 2006-жылы 34,6% болсо, 2014-жылы 77,2% жетти.
Ал эми жалпы өлкө боюнча заң-зааралары коопсуз утилизацияланган 0 жаштан 2 жашка чейинки балдардын саны 2006-жылы 42,7% болсо, кийин 75,8% чейин жогорулаган. Бүт өлкөгө жайылтуу максатында мектеп жашындагы балдар, администраторлор жана ата-энелер үчүн гигиенаны пропагандылоо боюнча материалдар менен усулдуктар иштелип чыгып, Өкмөт тарабынан жактырылган.
Анткен менен ичүүчү суунун жакшыртылган булактарынан колдонгон үй чарбасынын мүчөлөрүнүн пайыздык катыштыгы 87,0 деңгээлинде чоң аймактык айырмачылык менен бирге өзгөргөн жок. Бул болсо суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена дале болсо мамлекеттик артыкчылыкка ээ болбогондугунан, анткени каржылоо чектелүү бойдон калып жаткандыгынан жана тийиштүү гигиена кадимки көрүнүш катары кабылдануусун камсыздоо боюнча улуттук стратегиялар дале бекитилбегендигинен кабар берет.
ЮНИСЕФ максаттуу мектептерде, бала бакчаларда жана ооруканаларда санитардык объектилерди курууга жана ремонттон өткөрүүгө жардам көрсөттү. Дизайн тандоо учурунда кыздар менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын өзгөчө муктаждыктары эске алынган.
ЮНИСЕФ «төмөндөн» көтөрүлгөн демилге принцибине негиделген мамилени колдонуу аркылуу тийиштүү санитария жана гигиена боюнча социалдык ченемдерди түзүүнүн үстүндө иш алпарат. ЮНИСЕФ максаттуу мектептерде жакшыртылган гигиеналык стандарттарды илгерилетүү боюнча иш-чараларды жергиликтүү контекстти эске алуу менен өткөрөт жана балдар, ата-энелер жана мугалимдер үчүн окуу материалдарын берип турат.
Улуттук деңгээлде Өкмөткө суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена боюнча стандарттар менен пландардын начар жактарын жана кемчиликтерин жоюуга, колдонуудагы инфраструктуранын туруктуулугун камсыздоого колдоо көрсөтүлөт. Жалпы өлкөнүн масштабындагы медиа-кампаниялар санитария жана гигиена боюнча талкууларды колдоп турушат.
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар – ЮНИСЕФ менен анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена боюнча жарыялаган чакан материалдар топтому гана болуп саналат. Тизме дайыма жаңыланып, ага жаңы маалыматтар киргизилип турат.
ССГ боюнча КЫРГЫЗЧА Флешкарталар Колдонмолор
ССГга Үч жылдыздуу мамиле ОРУСЧА
Кыздар үчүн айыз гигиенасы боюнча эрежелер I
Кыздар үчүн айыз гигиенасы боюнча эрежелер II
Ата-энелер үчүн айыз гигиенасы боюнча эрежелер
Мугалимдер үчүн айыз гигиенасы боюнча эрежелер
ССГ боюнча Керемет көчтүн плейбаракчасы