COVID-19 вирусунун (коронавирустун) жайылышы тууралуу ЮНИСЕФтин билдирүүсү

Расмий билдирүү

12 Март 2020
UNICEF logo
UNICEF

НЬЮ-ЙОРК, 2020-жылдын 12-марты. – COVID-19 вирусун пандемия деп жарыялоо коронавирус адамдын өмүрүнө чоң коркунуч жаратып, мурдагыдан да өтө кооптуу болуп калды дегенди билдирбейт. Пандемия деп жарыялоо – бул вирустун географиялык жактан жайылышы кеңейгенин таануу.

Вирус каалаган өлкөдө же жамаатта балдардын жана үй-бүлөлөрдүн арасында жайылышы ыктымал экенин билип, ЮНИСЕФ дүйнө жүзү боюнча COVID-19 эпидемиясына даярдануу жана реакция жасоо багытында иш алып барууда.

Биз вирустун жайылышын токтотуп, балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана өнөктөштөрүбүз менен ишибизди уланта беребиз.

Ошол эле маалда биз вирустун кесепеттерине жана эпидемия менен күрөш үчүн көрүлүп жаткан чараларга мурдагыдай эле тынсыздануудабыз. Бийлик көрүп жаткан чаралар балдардын бакубатчылыгына таасирин тийгизүүдө, себеби мектептер жабылууда. Ошондой эле баштапкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү саламаттык сактоо системаларына да оорчулук келүүдө. Айрым үй-бүлөлөр экономикалык кризисти башынан өткөрүп, өздөрүн вирустан сактай албай жатат.

Вирустан коркуу сезими аярлуу топторго кирген адамдарды, анын ичинде качкындарды жана мигранттарды басмырлоого жеткирген учурлар бар. Буга жол берилбеши керек.

Биз балдарга карата көрүлүп жаткан чаралардын таасирин жумшартуу үчүн, басмырлоону болтурбоо максатында жапа чеккен жамааттарда мурдагыдай эле ишибизди улантып жатабыз.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.