Кыргызстандагы чукул кырдаалга карата даярдыкка колдоо көрсөтүү максатында ЮНИСЕФ 1000 үй-бүлөлүк гигиеналык топтомду берүүдө

Стандарттуу үй-бүлөлүк гигиеналык топтомго кошумча ЮНИСЕФ Кызыл Жарым ай коомуна 42 мобилдик телефонду берет. Бул чукул кырдаал учурунда калктын негизги муктаждыктарын канааттандыруу боюнча улуттук потенциалды бекемдетүү үчүн жасалууда.

04 Март 2020
UNICEF handed over 1,000 Family Hygiene Kits and 42 mobile phones to the National Red Crescent Society in Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Bektur Zhanibekov
Кыргызстандагы чукул кырдаалга карата даярдыкка колдоо көрсөтүү максатында ЮНИСЕФ 1000 үй-бүлөлүк гигиеналык топтомду берүүдө

БИШКЕК, 2020-жылдын 4-марты. – ЮНИСЕФ Кыргызстанга 1000 стандарттык гигиеналык топтомдорду жана Кыргызстандагы Кызыл Жарым ай Улуттук коомуна 42 мобилдик телефонду өткөрүп берди. Чукул кырдаал болгон учурда бул топтомдор 5000 адамдын же 1000 үй-бүлөнүн, анын ичинде 2000 баланын сууга болгон, гигиеналык жана башка муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бөлүштүрүлүп берет. Мобилдик түзүлүштөр чукул баалоо жүргүзүү жана гуманитардык реакцияга мониторинг жасоо үчүн колдонулат.

Чукул кырдаалга карата каражаттардын запасын ЮНИСЕФ Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жана ага чукул реакция жасоону камсыз кылуу максатында жергиликтүү жана улуттук потенциалды бекемдөө үчүн сатып алды. Бул долбоор АКШнын Табигый кырсыктар учурунда жардам көрсөтүү боюнча департаментинин (OFDA USAID) финансылык колдоосу менен ишке ашты. Долбоор жер титирөөнүн жогорку тобокелдигине даярданууга багытталган. Долбоор Кыргызстандагы Кызыл Жарым ай Улуттук коому менен кызматташтыкта ишке ашырылып, долбоорду Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги координациялайт.

“Кыргызстанда өзгөчө кырдаалга даярдыкты жана ага чукул реакция жасоону камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жана улуттук потенциалды бекемдөө” долбоорунун алкагында балдарга багыт алган ыкма колдонулат. Мында балдардын жер титирөөгө даярдыгына көңүл бурулат жана жер силкингенде туура реакция жасаганды үйрөтөт. Муну менен долбоор жер титирөөдөн жабыркаган калкты коргоо боюнча реакция жасоочу алдыңкы катардагы күчтөрдүн баштапкы иш-аракеттерин камсыз кылат. Буга кошумча ЮНИСЕФтин мектепке керек топтому, наристелердин акылын өнүктүрчү топтомдор жана эрте куракта өнүктүрүү үчүн оюн топтомдору сатып алынат. Бул каражаттар эрте баскычта чара көрүү үчүн жетиштүү запасты камсыз кылып бермекчи.

Долбоордун алкагында гуманитардык кырдаал учурунда, коркунучту үстү жактан көрүп, картасын аныктап алуу үчүн, ошондо кырдаалга чукул баа берүү максатында учкучсуз учкан аппараттарды колдонуу потенциалы да изилденет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.