Балдар тууралуу маалыматтын купуялуулугун сактоонун мааниси жөнүндө ЮНИСЕФтин билдирүүсү

16 Май 2018

БИШКЕК, 2018-жыл, 3-май – Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жакында эле тартип бузууларга шектелип жаткан жашы жете электердин сүрөттөрү, аты-жөнү жана жеке маалыматтары жалпыга жарыяланганына тынчсыздануусун билдирет. КР Конституциясында жана БУУнун Балдар укуктары жөнүндө Конвенциясында каралган балдардын кызыкчылыктарын коргоо принциптерин жетекчиликке алуу менен, ЮНИСЕФ бийликти жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мыйзам менен тил табыша албай жүргөн балдар тууралуу маалыматтардын купуялуулугун бузбоого чакырат.

Ар бир баланын ар-намысы жана укуктары бардык жагдайларда сакталууга тийиш. Иликтөө жүргүзүп, суракка алууда ар бир баланын жеке жашоосунун кол тийгистигине жана тартип бузган жашы жете электердин өзү тууралуу маалыматтардын купуялуулугуна болгон укугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

ЮНИСЕФ жалпыга маалымдоо каражаттарын эч бир балага стигма койбоого, баланын өзүнө жана психологиясына зыян тийгизиши мүмкүн, өмүр бою кордоо же басмырлоо өңдүү терс кесепеттерге алып келиши ыктымал сүрөттөөдөн оолак болууга үндөйт. ЮНИСЕФ кылмышка шектелген же соттолгон баланын аты-жөнүн өзгөртүп, жүзүн көрсөтпөөнү сунуштайт.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.