ЮНИСЕФ: COVID-19 коронавирустук инфекциясы мезгилиндеги дистанттык окутуу

21 Март 2020
UNICEF logo
UNICEF

БИШКЕК, 21-март 2020 ж. – ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргызстандагы балдар үчүн дистанттык (аралыктан) окутуу ишмердигин киргизүү жөнүндө демилгесин колдойт. Бул чара окуу мекемелерин убактылуу жабуунун кесепеттерин азайтат жана бардык балдар үчүн үзгүлтүксүз билим алууну камсыздайт.

ЮНИСЕФ Өкмөт менен билим берүүнүн үзгүлтүксүз болушун камсыздоонун ишенимдүү планын, анын ичинде онлайн-окутуу (электрондук окутуу) стратегиялары менен академиялык мазмундагы радио-/ телекөрсөтүүлөр, ошондой эле  бардык балдар үчүн негизги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болушу сыяктуу аралыктан окутуунун варианттарын иштеп чыгуу үчүн кызматташууга даяр.

ЮНИСЕФ ошондой эле Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭАКК), ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан 10-мартта балдарды коргоо жана мектептердин коопсуз иштешин колдоо максатында чыгарылган «COVID-19 илдетин мектептерде болтурбоо жана көзөмөлгө алуу боюнча негизги кабарлар жана иш-аракеттер» аттуу колдонмону пайдаланууну сунуштайт.

Аталган колдонмодо мектептер жабылган учурларда балдардын билим алуусуна жана бакубаттыгына терс таасир этиши ыктымал болгон кесепеттерди жумшартуу боюнча сунуштамалар камтылган. Бул билим берүүнүн үзгүлтүксүз болушун, анын ичинде онлайн-окутуу (электрондук окутуу) стратегиялары менен академиялык мазмундагы радио-/ телекөрсөтүүлөр, ошондой эле  бардык балдар үчүн негизги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болушу сыяктуу аралыктан окутуунун варианттарын камсыздоо боюнча ишенимдүү пландар бар экендигин билдирет.

Мындай пландар тийиштүү шарттар бар болгон учурларда мектептерди коопсуз жагдайда  ачуу үчүн зарыл болгон кадамдарды камтышы керек. Колдонмодо улуттук жана жергиликтүү бийлик органдары үчүн өзгөчө кырдаалдар учурунда билим берүү чөйрөсүндө иш-аракеттер планын кандайча ыңгайлаштыруу жана ишке ашыруу керектиги жөнүндө сунуштамалар бар.  

  • Андан тышкары, колдонмодо балдарды суроо берүүгө жана аларды эмне тынчсыздандырып жаткандыгын айтып берүүгө шыктандыруу сунушталат; ошондой эле илдеттин алдын алууга жана ага каршы күрөшүү боюнча практикалык колдонмо да камтылган.

Мектептер кайра иштеп баштаган учурда эске алынууга тийиш болгон көптөгөн факторлор бар, бирок, эгер бардыгы ойдогудай аткарылса, бул коомдук саламаттык сактоону бекемдөөгө көмөкчү болот. ЮНИСЕФ төмөнкүлөрдү колдойт:

  • Балдарга өздөрүн кантип коргоо керектиги жөнүндө маалымат берүү;
  • Колдорду жууп туруу жана гигиеналык жол-жоболорду аткаруу практикасын жайылтуу жана гигиена каражаттары менен камсыздоо;
  • Мектеп имараттарын, өзгөчө – суу менен камсыздоочу жана канализация объектилерин тазалоо жана дезинфекциялоо; жана
  • Аба агымы менен вентиляцияны күчөтүү.

Сиз Колдонмону ушул жерден орус жана кыргыз тилдеринде жүктөп алсаңыз болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.