ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүүдө жардам берүү үчүн 12 миллион сомдон ашык суммага медициналык буюмдарды сатып берүүдө

ЮНИСЕФ COVID-19 пандемиясынын учурунда эмдөөчүлөрдү жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу аркылуу коопсуз эмдөө практикасын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине колдоо көрсөтөт.

18 Август 2021
UNICEF/Kyrgyzstan/2021
The handover of the supplies to the maternity house in Bishkek, Kyrgyzstan

БИШКЕК, 2021-жылдын 18-августу. – ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 12 000 000 сомдон ашык суммага жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. ЮНИСЕФ саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык кызматкерлер үчүн 8000 медициналык беткап, эмдөөчүлөр үчүн 12 500 жуп нитрилдүү колкап, 20 000 жуп гинекологиялык колкап жана 11 350 антисептик берди.

ЮНИСЕФ Министрликтин өтүнмөсү боюнча жеке коргонуу каражаттарын дүйнөдөгү эң ири гуманитардык жардам кампасы жайгашкан Копенгагендеги жабдуу бөлүмү аркылуу сатып алды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул өтө зарыл буюмдарды пандемияга жооп катары көрүлгөн эмдөө иш-чараларына колдоо көрсөтүп, илдет менен кармашта алдыңкы катарда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди коргоо үчүн колдонот.

Ошондой эле энелердин, жаңы төрөлгөн балдардын жана медициналык кызматкерлердин коопсуздугу үчүн гинекологиялык колкаптар Бишкектеги, Оштогу жана Баткендеги төрөт мекемелерине жеткирилүүдө. ЮНИСЕФ 890 000 медициналык беткапты COVID-19га каршы коопсуз эмдөөнү камсыздоо үчүн сатып алды.

ЮНИСЕФ глобалдык деңгээлде COVID-19га жооп кайтаруу үчүн өтө зарыл буюмдар менен жабдуунун үстүндө күнү-түнү иш жүргүзүүдө. Буга вакциналар, ийнелер, иммунизация үчүн жабдуулар, дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары кирет. Кыргызстандын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта ар бир адамды коргоо максатында бул каражаттарды төрөт үйлөрүнө жана ооруканаларга беребиз”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник.

ЮНИСЕФ COVID-19 менен күрөшүүдө Өкмөткө колдоо көрсөтүүнү уланта берет. Бул үчүн ЮНИСЕФ COVAX демилгесинин алкагында COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздап, вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу жабдууларды сатып алып, илдет менен кармашта алдыңкы катарда иштеген медициналык кызматкерлерди өтө зарыл буюмдар менен камсыздап, ошондой эле ар бир бала жашоосун улантып, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга да колдоо көрсөтө бермекчи.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз. Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз. ЮНИСЕФтин Twitter жана Facebook’тагы баракчаларына жазылыңыз. COVID-19 тууралуу толук маалыматты, ошондой эле балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү коргоо үчүн кеп-кеңештерди алып туруу максатында биздин сайтыбызга кириңиз.