ЮНИСЕФ Кыргызстандын медицина кызматкерлерине 22 миллион сомдон ашык суммага жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берди

01 Апрель 2022
ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берди
UNICEF/Кыргызстан/2022

БИШКЕК, 2022-жылдын 1 апрели  – ЮНИСЕФ COVID-19га каршы күрөштө колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 22 миллион сомдон ашык суммага жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берди.

Жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) министрликтин өтүнмөсү боюнча ЮНИСЕФтин Копенгагендеги жабдуу бөлүмү аркылуу сатып алынды. Копенгагенде дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык жардам кампасы жайгашкан. Берилген жеке коргонуу каражаттарынын партиясы COVID-19га каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине арналган. Берилген каражаттардын ичинде 7 000 коргоочу костюм, 375 000 хирургиялык беткап, 75 000 респиратордук беткап, 4 000 коргоочу визор, 7 000 халат, 225 000 медициналык колкап жана 4 000 коргоочу көз айнек бар.

“COVID-19 пандемиясынан улам, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да ден-соолукка байланыштуу массалык кризиске туш болду. Бүгүн биз дарыгерлерибизге коронавирустук пандемияга каршы туруу үчүн зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарын. Мен ЮНИСЕФке COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө жана республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова

COVID-19 пандемиясы бүтө элек жана жаңы толкундар болушу мүмкүн. Ошондуктан COVID-19га каршы туруу үчүн ЮНИСЕФ глобалдык деңгээлде өтө зарыл буюмдар менен камсыз кылуу үчун талыкпай иштөөну улантууда. Бул иштин алкагында ЮНИСЕФ жеке коргонуу каражаттары, вакциналар, ийнелер, иммунизация үчүн жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз кылууда. Кыргызстандын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта ​​ар бир адамды коргоо максатында биз бул жеке коргонуу каражаттарын ооруканаларга берип жатабыз”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

ЮНИСЕФ мындан ары да COVID-19 коронавирустук илдети менен күрөштө КР Өкмөтүнө колдоосун уланта берет. ЮНИСЕФ пандемия менен күрөштүн алдыңкы катарында иштеп жаткандарга өтө зарыл жабдууларды берип келатат. ЮНИСЕФ мындан ары да ар бир бала жарык дүйнөгө аман-эсен келип, жашап кетүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга колдоо көрсөтө бермекчи.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.