ЮНИСЕФ: Кыргызстандагы балдар климаттык кризистин “жогорку тобокелчилигине” дуушар болушууда

ЮНИСЕФ биринчи жолу өлкөлөрдү балдардын климаттык жана экологиялык тобокелдиктерге дуушар болуу жана аярлуулук деңгээли боюнча классификациялап чыкты. Кыргызстандын балдары эң аялуу топтун арасында 94-орунду ээлейт.

20 Август 2021
@Sputnik Kyrgyzstan
@Sputnik Kyrgyzstan

НЬЮ-ЙОРК/БИШКЕК, 2021-жылдын 20-августу. – Кыргызстанда жашаган жаштар климаттын өзгөрүүсүнөн улам жаралган кесепеттердин таасирине көбүрөөк дуушар болушат, бул алардын ден соолугуна, билимине жана коргоосуна коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин бүгүн жарык көргөн отчетунда айтылат.

“Климаттык кризис – бул баланын укуктарынын кризиси: Балдар үчүн климаттык тобокелдиктердин индексин киргизүү” аттуу отчет – бул балдарга тийгизген таасири көз карашынан алып караганда климаттык тобокелдиктерге жасалган алгачкы ар тараптуу талдоо. Ал өлкөлөрдү балдардын климаттык жана экологиялык тобокелдиктерге дуушар болгонунун негизинде классификациялайт. Мында циклондор жана жылуулук толкундары сыяктуу коркунучтар, балдардын ушундай тобокелдиктерге аярлуулугу кошо каралып, алардын негизги кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү эсепке алынат.

Отчетко ылайык, болжол менен 1 миллиард бала – дүйнөдөгү 2,2 миллиард баланын дээрлик жарымы – “өтө жогорку тобокелдикке” кабылган өлкө катары аныкталган 33 өлкөнүн биринде жашашат. Бул отчет климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкөн жаштардын глобалдык кыймылынын үч жылдыгына карата Fridays for Future (“Келечек үчүн жума”) менен кызматташтыкта жарыяланды. Аталган отчеттун жыйынтыктары бүгүнкү күндө жабыркаган балдардын санын чагылдырат; сандар климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери тездеген сайын начарлап турушу ыктымал.

Кыргызстан 163 орундун ичинен 94-орунду ээлеп, бул өлкөлөрдүн катарында бар.  Отчетто Кыргызстанда абанын булганышы жана суунун тартыштыгы коркунучу жогору экени белгиленип, климаттык кыйынчылыктарга, айрыкча балдардын ден соолугун коргоого туруктуу болгон социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жасалган инвестициялар, балдардын суу менен жабдуу, санитария жана гигиена чөйрөлөрүндөгү талаптагыдай кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасиринен алардын бакубатчылыгын жана келечегин коргоо жөндөмүбүзгө чоң таасирин тийгизе турганы айтылат.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник “Климаттык кризис – бул балдардын укуктарынын кризиси”, - деп белгиледи. “Кыргызстан Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Абанын мезгилдүү булганышы шартында анын айлана-чөйрөгө жана балдардын бакубатчылыгына тийгизген терс таасири балдардын жашоосу үчүн барган сайын коркунучтуу жерге айланып баратат. Бирок эгерде азыртадан чара көрө баштасак, кырдаалдын начарлашын алдын алабыз. Эгерде биз аракеттерибизди бириктирсек, балдардын келечегин климаттын өзгөрүшүнөн жана экологиянын бузулушунан келип чыккан кесепеттерден коргой алабыз”.

Балдар үчүн климаттык тобокелдиктердин индекси (БКТИ) төмөнкүлөрдү аныктады:

  • суу каптоо коркунучу жогору аймактарда 240 миллион бала жашайт;
  • дарыяларды суу каптоо коркунучу жогору болгон аймакта 330 миллион бала бар;
  • 400 миллион бала циклондун тобокелдиги жогору болгон аймактарда жашайт;
  • 600 миллион бала өтмө ооруларга чалдыгуу коркунучу жогору кырдаалда жашайт;
  • 815 миллион бала коргошун менен булганган аба менен дем алат;
  • 820 миллион бала жылуулук толкунунун тобокелдиги жогору аймактарда күн көрөт;
  • 920 миллион бала суунун тартыштыгы тобокелдиги жогору болгон аймактарда жашайт;
  • 1 миллиард бала абанын өтө жогорку деңгээлде булгануу коркунучу астында жашашат. [1]

Баалоолорго караганда, болжол менен 850 миллион бала – дүйнө жүзү боюнча 3төн 1 бала – климаттык жана экологиялык тобокелдиктердин жок дегенде төртөө бири-бирине дал келген аймактарда жашашат. 330 миллионго жакын бала – дүйнө жүзү боюнча 7 баланын ичинен бирөө, жок дегенде беш негизги тобокелчиликке кабылган жерлерде жашашат.

Тез арада чара көрүлбөсө, баарынан да көп балдар өзгөчө жабыркачудай. Улуу адамдарга салыштырмалуу балдардын дене салмагынын бирдигине жараша көбүрөөк тамак-аш жана суу талап кылынат, алар аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрүнө туруштук бере алышпайт жана башка факторлордун арасында абанын булганышына, температуранын өзгөрүшүнө жана ооруларга көбүрөөк дуушар болушат.

ЮНИСЕФ Өкмөттөрдү, бизнес чөйрөлөрдү жана тийиштүү түзүмдөрдү төмөнкү иш-аракеттерге үндөйт:

  1. Климаттын өзгөрүшүнө адаптацияланууга жана балдар үчүн негизги кызмат көрсөтүүлөргө туруктуулукка инвестицияларды көбөйтүүгө чакырат. Балдарды, жамааттарды жана эң аярлуу адамдарды климаттын өзгөрүүсүнүн эң начар таасиринен коргоо үчүн эң маанилүү кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде суу менен жабдуу, санитария жана гигиена системалары, саламаттык сактоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү ыңгайлаштырылууга тийиш.
  2. Балдарды климаттын өзгөрүшүнүн таасирине адаптациялоо жана даярдоо үчүн өтө маанилүү болгон климат боюнча билим берүү жана экологизациялоого багытталган көндүмдөр менен камсыз кылууга үндөйт. Балдар жана жаштар климаттык кризистин толук кыйратуучу кесепеттери жана суу менен жабдуу чөйрөсүндөгү коопсуздуктун жоктугу өңдүү көйгөйгө дуушар болушат. Бирок аларда бул үчүн жоопкерчилик өтө аз. Биздин алдыбызда бардык жаштардын жана келечек муундун алдында милдетибиз турат.
  3. Жаштарды бардык улуттук, регионалдык жана эл аралык климат маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө жана чечим кабыл алууга, анын ичинде COP26га (БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясына) тартууга үндөйбүз. Балдар жана жаштар климатка байланыштуу бардык чечимдерди кабыл алуу процессине кошулууга тийиш.
  4. Келечек муундардын климаттык кризисти жеңүү жана ага жооп кайтаруу потенциалы коркунучта калбашы үчүн COVID-19 пандемиясынан кийин калыбына келтирүү экологиялык мүнөздө болуп, абага көмүртектин ташталган деңгээли азайып, калыбына келтирүү инклюзивдүү болушун камсыздоого үндөйбүз.

#####

Редакторлор үчүн кошумча маалымат:

Балдар үчүн климаттык тобокелдиктердин индекси (БКТИ) бир нече өнөктөштөр, анын ичинде Data for Children Collaborative (Балдар боюнча бириктирилген дайындар) демилгеси менен биргеликте иштелип чыккан.

Бул отчетту дүйнө жүзүндөгү жаштар үчүн жеткиликтүү кылуу максатында ЮНИСЕФ ошондой эле Climate Cardinals (Климаттык Кардиналдар) аттуу эл аралык жаштардык коммерциялык эмес уюму менен да кызматташкан. Бул уюм климаттын өзгөрүүсү боюнча изилдөөлөрдү жана маалыматтарды которуп келет. Бул ишти уюм маалыматтар жана изилдөөлөр мүмкүн болушунча көбүрөөк сандагы жаштарга жана лидерлерге жеткиликтүү болсун деп жасайт.

Отчетту окуңуз

Мультимедиялык контентти жүктөп алыңыз

 

[1] Жылдык орточо таасир >35µg/m3

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз. Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз.

ЮНИСЕФ жана анын иши тууралуу толук маалымат алуу үчүн сайтыбызга баш багыңыз: www.unicef.org

ЮНИСЕФтин TwitterFacebookInstagram жана YouTube платформаларындагы баракчаларына жазылыңыз.