Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 21 000 ПЧР-тестин алды

ПЧР-тесттерди, алар менен бирге тесттерди өткөрүү үчүн кошумча лабораториялык шаймандарды, 58 миң түгөй бахиланы жана 58 миң түгөй колкапты Дүйнөлүк Банктын атайын фонду каржылап, ЮНИСЕФ сатып алып, КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берди.

07 Декабрь 2020
Abdykadyr Joroev, the Director of Center for State Sanitary and Epidemiological Control and Yulia Oleinik, UNICEF Deputy Representative are at hand over of PCR tests in Kyrgyzstan City
Abdykadyr Joroev, the Director of Center for State Sanitary and Epidemiological Control and Yulia Oleinik, UNICEF Deputy Representative are at hand over of PCR tests in Kyrgyzstan

Бишкек, 2020-жылдын 7-декабры – COVID-19ду аныктоочу 21 000 полимераздык чынжыр реакциясынын (ПЧР) тестин, ошондой эле бул тесттерди өткөрүү үчүн кошумча лабораториялык шаймандар Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул ПЧР-тесттерди жана кошумча лабораториялык шаймандарды Саламаттык сактоо министрлиги пандемияга каршы туруу боюнча азыркы ишин улантуу үчүн пайдаланмакчы. Ушул тушта министрлик күн сайын 1 500дөн 4 миңге чейин ПЧР-тест алып жатат.

291 383 долларга алынган ПЧР-тесттер Дүйнөлүк Банктын атайын фонду – Пандемия маалында чукул чараларды каржылоо механизминин (PEF) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен каржыланды. Бул фонд 2016-жылы түзүлгөн. Фонд тийиштүү өлкөлөр трансчекаралык оорулар ири масштабда жайылуу коркунучуна туш болгондо, аларды кошумча каржылоо булагы менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Копенгагенде дүйнөдөгү ири гуманитардык кампа жайгашкан. ЮНИСЕФ КР Саламаттык сактоо министрлигинен түшкөн өтүнмөнүн негизинде тесттерди Копенгагендеги өзүнүн жабдуу жана сатып алуу боюнча глобалдык борборунан сатып алды.

Мындан тышкары ушул эле долбоордун алкагында Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлигине 58 миң түгөй бахила жана 58 миң түгөй колкап жеткирилип берилди.

Дүйнөлүк Банк ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 боюнча эки долбоордун алкагында колдоо көрсөтүп келатат. Бул долбоорлор ооруканалар жана медициналык мекемелер, лабораториялар жана чек ара бекеттери үчүн негизги медициналык ресурстарды, жабдууларды жана дары-дармек каражаттарын каржылоону камсыз кылат.

ЮНИСЕФ COVID-19 коронавирус пандемиясы менен күрөштө мындан ары да КР Өкмөтүнө колдоосун уланта берет. Бул үчүн илдет менен күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткандарга зарыл болгон жабдуу предметтерин берип турат. Ошондой эле ар бир бала жашоосун улантып, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга да колдоо көрсөтө бермекчи.

Пандемия маалында чукул чараларды каржылоо механизми (PEF) тууралуу маалымат

2014-жылы Батыш Африкада Эбола тумоосунун жайылышынан улам башталган кризис бир нерсени даана көрсөтү: пандемиянын жайылуусун кармап туруу үчүн эл аралык жамаатка финансы каражаттарын ыкчам мобилдештирүү өтө оор болот экен. Бул маселени чечүү максатында 2016-жылы Дүйнөлүк Банктын базасында Пандемия маалында чукул чараларды каржылоо механизми (PEF) түзүлгөн. Механизм дүйнөдөгү жакыр өлкөлөр трансчекаралык оорулар ири масштабда жайылуу коркунучуна туш болгондо, аларды кошумча каржылоо булагы менен камсыз кылуу максатында жардам берет. PEF Механизмин каржылоо үчүн Австрия, Германия, Жапония жана ЭӨА (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы) берген финансы каражаттары колдонулат. Өзүнүн катышуучу-өлкөлөр үчүн камсыздандыруу жабуусу 2017-жылы ишке кирген. Дүйнөлүк Банк бул камсыздандырууну “катастрофалык” облигацияларды чыгарып, аларды капитал базарында инвесторлорго сатуу менен каржылаган. Ошондой эле камсыздандыруу компаниялары менен камсыздандыруу свобу менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырган.

PEF’дин жеткиликтүү каражаттары

2020-жылдын 16-апрелинде COVID-19дун жайылышына байланыштуу киреше деңгээли төмөн болгон өлкөлөрдө PEF’дин Камсыздандыруу фондунан төлөм берүүнүн бардык 3 шарты аткарылган. PEF’дин Башкаруусу жалпы жонунан 195 084 миллион доллар бөлүп берип, 64 өлкөгө калктын санына жана ар бир өлкөдө илдетти жуктуруп алгандардын санына карап бөлүштүргөн. Ар бир өлкөгө берилчү минималдык сумма 1 млн. АКШ долларын, максималдуу сумма 15 млн. АКШ долларын түзөт. Кыргызстанга 1 миллион доллар бөлүнгөн.

PEF’дин каражаттарын колдонуу

PEF механизминин каражаттарын тийиштүү жугуштуу оорулардын жайылышы менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн пайдаланууга болот. Мында тийиштүү мекеменин же Дүйнөлүк Банктын саясаттары жана жол-жоболору колдонулууга тийиш. Бул алгылыктуулукту аныктоо үчүн жана өлкөнүн даярдык көрүү жана реакция жасоо пландарына ылайык ишке ашырылат.

###
 

Редакторлор үчүн кошумча маалымат:

Дүйнөлүк Банк тууралуу

Дүйнөлүк Банкка 189 өлкө мүчө, Банктын 130дан ашык мамлекетте өкүлчүлүктөрү бар. Дүйнөлүк Банктын Тобу жакырчылыктын масштабдарын кыскартууга жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жалпынын бакубат жашоосун камсыз кылууга багытталган туруктуу чечимдерди кабыл алуунун үстүнөн иштейт.

Биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: Facebook: http://www.facebook.com/worldbank; Twitter: http://www.twitter.com/worldbank; YouTube: http://www.youtube.com/worldbank

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз, Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз.

ЮНИСЕФТин Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.

COVID-19 тууралуу дагы да толук маалымат алуу үчүн, балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү андан коргоо боюнча сунуштарды алуу максатында биздин веб-сайтка кириңиз.