Эскертүү: Коронавирус COVID-19 пандемиясы учурунда балдарды коргоо
Бул эскертүү COVID-19 пандемиясы учурунда балдарды коргоодогу тобокелчиликтерди жоюуда, балдарды коргоо боюнча иш алып барган кызматкерлерге жардам катары даярдалган.
Кыска мазмуну
COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар балдар өсүп жана жетилип келе жаткан чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Үй-бүлөдө, достору арасында, күнүмдүк жашоодо жана коомчулуктун чөйрөсүндөгү терс таасирлер, балдардын сак-саламаттыгына, өсүшүнө жана коопсуздугуна терс кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Мындан тышкары, COVID-19 илдетинин жайылышына бөгөт коюу чаралар, балдарды коргоодогу айрым тобокелчиликтерге жол ачышы мүмкүн. Үй карантини, бир мекемедеги карантин жана аянт ичи карантин болобу, бул чаралардын бардыгы балдарга жана алардын үй-бүлөсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бул эскертүү катары берилген маалымат, COVID-19 пандемиясы учурунда, балдарды коргоодогу тобокелчиликтерди жоюуда, балдарды коргоо боюнча иш алып барган кызматкерлерге жардам катары даярдалган. Биринчи бөлүм, балдарды коргоодо COVID-19 илдети жараткан тобокелчиликтер тууралуу маалымат берет. Экинчи бөлүм 2019-жылга ылайык, гуманитардык акция учурунда балдарды коргоо боюнча минималдык стандарттарга дал келген программалык тандоолор боюнча маалымат берет.