СOVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Европа Биримдигинин жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 100 000 доллар көлөмүндө дары каражаттары КР Саламаттык сактоо министрлигине берилди

100 000 АКШ доллары көлөмүндө дары каражаттары ЕБ каржылаган долбоордун алкагында берилүүдө. Өлкөдөгү COVID-19 пандемиясына каршы туруу максатында бул долбоорду ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигинин координациясы алдында ишке ашырып жатат.

18 Ноябрь 2020
The Ministry of Health received today medicines procured by UNICEF with European Union funding
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Voronin

Бишкек, 2020-жылдын 18-ноябры. – Бүгүн КР Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 100 000 АКШ долларына дары-дармектерди, анын ичинде гепарин жана антибиотиктерди алат. Бул дары каражаттарын Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында ЮНИСЕФ сатып алган.

Бул дарылар COVID-19га каршы туруу, негизги дары каражаттарынын тартыштыгын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өтүнмөсүнө жооп катары алынды. КР Саламаттык сактоо министрлиги өлкө үчүн эң зарыл дары каражаттарынын тизмесин бекитти. Бул тизме COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн улуттук клиникалык протоколго ылайык түзүлгөн.

Дарылардын арасында 1000 таңгак ко-амоксиклав, 500 таңгак цефтриаксон жана 1000 таңгак гепарин бар. Ко-амоксиклавдын дагы 1000 таңгагы 2021-жылдын февраль айында өлкөгө келет.

Дары каражаттарын тапшыруу аземине КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Тимурлан Кысанов, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник катышты.

Дарылар «Кыргызстанда COVID-19ду туруктуу алдын алуу жана аны менен күрөшүү үчүн саламаттык сактоо, суу менен жабдуу жана санитария жаатындагы чукул реакцияны күчөтүү» долбоорунун алкагында берилип жатат. Аталган долбоорду ECHO, Европа Комиссиясынын Жарандык коргонуу жана гуманитардык жардам маселелери боюнча Башкы Директораты каржылайт. Долбоордун жалпы суммасы 298 551 еврону түзөт.

Долбоордун башка бир маанилүү компоненти – илдетти алдын алуу жана көзөмөлдөө (ИАК) чараларын иштеп чыгып, киргизүү: өлкөнүн 187 ооруканасында иштеген 1500 медициналык кызматкер үчүн ИАК боюнча ментордук жардам көрсөтүү жана окутуу пландалып жатат. Тандалып алынган медициналык мекемелер да ИАК чараларын жакшыртуу үчүн аспаптар жана материалдар менен жабдылат. Буга кошумча суу менен жабдууну, санитарияны жана гигиенаны эффективдүү башкаруу үчүн колдоо көрсөтүлөт.

ЮНИСЕФ «Сакта» улуттук маалыматтык өнөктүгүнүн алкагында өз иши аркылуу бул долбоорго салым кошот. «Сакта» өнөктүгү COVID-19 коронавирус илдети тууралуу маалыматты таратууга, анын андан ары жайылышын болтурбоого багытталган. 

Европа Биримдиги COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшкө каршы жооп катары Кыргызстанды колдоо үчүн 36 миллион евродон ашык акча бөлгөн. Бул каражат саламаттык сактоо системасын колдоого жана анын потенциалын жогорулатууга, кризис маалында башкарууга, макрофинансылык туруктуулукка, социалдык коргоого, азык-түлүк коопсуздугуна жана жеке тармакты колдоого багытталган.

ЮНИСЕФ COVID-19 пандемиясы менен күрөштө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтүүнү уланта берет. ЮНИСЕФ ар бир аялдын, баланын жана үй-бүлөнун жалпы бакубаттыгын колдоо менен, илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткандарды колдоо үчүн зарыл дарыларды берип турмакчы.

 

###
 

Редакторлор үчүн кошумча маалымат:

Европа Биримдиги тууралуу

Кыргызстан 1991-жылы эгемендик алган учурдан бери Европа Биримдиги жана Кыргыз Республикасы өнөктөш мамилелерди түзгөн. Ошондон бери жылдан жылга кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүү чөйрөлөрү бекемделип келатат. 2014-2020-жылдар аралыгында Европа Биримдиги Кыргызстанга жалпы суммасы 263 миллион еврого колдоо көрсөттү. Евробиримдик туруктуу өнүгүүнү, билим берүүнү, мыйзам үстөмдүгүн, элет жергелерин комплекстүү өнүктүрүүгө жана тейлөөнүн базалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишканаларды колдоого басым жасайт.

Европа Биримдиги тууралуу толук маалымат алуу үчүн биздин веб-сайтка жана Facebookтагы баракчабызга баш багыңыз.

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн дүйнөдөгү эң татаал жерлерде иш алып барат. 190 өлкөдө жана аймактарда бардыгы үчүн татыктуу жашоону камсыз кылуу максатында биз ар бир бала үчүн, бардык жерде иш алып баруудабыз. ЮНИСЕФ жана уюмдун балдар үчүн жасаган иши тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн сайтыбызга баш багыңыз: www.unicef.org

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу 

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.