Кыргызстан вакциналарды сактоо үчүн 200 муздатуучу жабдуу алды

23 Март 2022
Handover event
UNICEF/Kyrgyzstan/2022/Dzhumanaly uulu Dastan

БИШКЕК, 2022-жылдын 23-марты - Бүгүн, 23-мартта “Балдардын кызыкчылыгы үчүн гуманитардык иш-аракеттер” (НАС) программасынын алкагында Кыргызстан ЮНИСЕФтен 150 фризерди жана 50 айкалыш муздаткычты алды. Жаңы жабдуулар вакциналардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу үчүн өлкө боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарында орнотулат.

Вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу жабдууларды тапшыруу аземине КР саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова, ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн башчысы Томойа Сонода жана Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова катышты.

Өз сөзүндө Айнура Акматова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө жана элдин ден соолугун чыңдоодо көрсөткөн жардамы үчүн ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдан бери коронавирус илдетине каршы эмдөөнү камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстан бардык өлкөлүк милдеттенмелерин расмий түрдө аткарып, COVAX механизмине кирген. Ошондой эле, жапырт эмдөө иштерин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасында эмдөө мезгилинде 800дөн ашык убактылуу эмдөө пункттары түзүлгөн. Республикага COVID-19га каршы сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз вакциналарды алып келүү үчүн өтө көп аракеттер көрүлүп, бүгүнкү күндө Республикалык эмдөө борборунун жамааты өз милдеттерин так аткарууда. Вакциналарды сактоо жана ташуу учурунда туура температуралык режимди сактоо жапырт эмдөө жүргүзүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул муздаткычтар температуранын плюс жана минус режимдерин кармап туруу үчүн бириктирилген. Биз коронавирус илдети менен күрөшүүгө салым кошуп жаткан бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз”, – деди КР саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова.

ЮНИСЕФ COVID-19га каршы күрөштө Өкмөткө колдоо көрсөтүп келүүдө. Бул үчүн ЮНИСЕФ COVAX демилгесинин алкагында COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздоо, вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу чынжыр жабдууларын сатып алуу, илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди өтө зарыл буюмдар менен камсыз кылуу, ошондой эле жарык дүйнөгө келген ар бир бала аман калып, ден соолугу чың болушу үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларды колдоо багытында иштерди жасоодо.

“Жаңы жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигинин вакциналарды туура сактоо жана кыргызстандын калкы үчүн сапаттуу эмдөө кызматын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Вакциналар менен өз убагында жана коопсуз камсыздоо максатында ЮНИСЕФ мындан ары да Кыргызстандын өкмөтүнө бардык зарыл болгон колдоону көрсөтө бермекчи”, - деди ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн башчысы Томойа Сонода.

Ушул жылдын башында өлкөгө 46 фризер жана 35 айкалыш муздаткыч келген. Бул жабдуулар Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын (GAVI) “Муздатуучу чынжыр жабдууларын оптималдаштыруу платформасы” долбоорунун алкагында алынды. Учурда вакциналарды сактоочу жабдуулар аларды бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилди.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.