Жаңы жылдын балдары: Кыргызстанда жылдын биринчи күнүндө болжол менен 424 ымыркай жарык дүйнөгө келет - ЮНИСЕФ

2021-жылдын башталышы менен ЮНИСЕФ өзүнүн 75 жылдык мааракесин балдар үчүн азыркыдан жакшы дүйнөнү куруу максатын көздөгөн ойлорго багыттайт.

01 Январь 2021
Mother with a newborn baby
UNICEF/Kyrgyzstan/2018

НЬЮ-ЙОРК/БИШКЕК, 2021-жылдын 1-январы – ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылдын биринчи күнүндө болжол менен 424 ымыркай жарык дүйнөгө келет.

2021-жыл босогодо турганда ЮНИСЕФ салтка айланып калгандай, дүйнө жүзүндө 1-январда жарык дүйнөгө келе турган жаңы адамдарды күтүүдө. 2021-жылы биринчи ымыркай Тынч океанындагы Фиджи аралында төрөлөт. Дүйнө жүзүндө бул күнү балдардын жарымынан көбү төмөнкү 10 өлкөдө жарык дүйнөгө келет: Индия (59 995), Кытай (35 615), Нигерия (21 439), Пакистан (14 161), Индонезия (12 336), Эфиопия (12 006), Америка Кошмо Штаттары (10 312), Египет (9 455), Бангладеш (9 236) жана Конго Демократиялык Республикасы (8 640).

Жаңы жыл күнү төрөлө турган 371 504 баланын 0,1 пайызын кыргызстандыктар түзөт. Алардын жашоосунун орточо узактыгы болжол менен 81,9 жыл болот деп божомолдонууда.

“Бул жыл баарыбыз үчүн оор болду. Бирок муну унуткара турган мыкты жол – жаңы адамдардын жарык дүйнөгө келүүсү, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм. - 2020-жылы башыбыздан өткөргөн кыйынчылыктарды эсепке алуу менен, азыр мурдагыга караганда мыкты дүйнөнү кура баштоо үчүн эң ыңгайлуу учур болуп турат. Бүгүн төрөлгөн балдар биз азыртадан, ушул мүнөттөрдөн тартып кура баштаган дүйнөнү мурастап калышат”.

2021-жылы ЮНИСЕФ 75 жылдык мааракесин белгилейт. Бир жыл бою ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү бул мааракени бир катар иш-чаралар аркылуу белгилемекчи. ЮНИСЕФ 75 жылдан берки ишин балдарды жаңжалдардан, оорулардан жана жоготуулардан коргоого, алардын жашап кетүүгө, ден соолукка жана билим алуусуна болгон укуктары үчүн күрөшкө арнап келатат.

Бүгүн дүйнө пандемиядан, экономикалык кризистен улам келип чыккан кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткан маалда, жакырчылыктын жана теңсиздиктин деңгээли өскөн учурда ЮНИСЕФтин ишмердиги буга чейинки мезгилдерге караганда өтө маанилүү болуп турат.

“Бири-бирибизге карата милдеттенмелерибизди жандандырып, биз мураска калтырчу дүйнөгө ээлик кыла турган жаш өмүрлөр үчүн бул жыл – ЮНИСЕФтин 75 жылдык мааракеси белгиленчү жыл абдан маанилүү жана өзгөчө болууда, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм. – 2021-жыл балдар үчүн бурулуш учур болот. ЮНИСЕФ 75 жылдан бери дүйнө жүзүндөгү бардык балдардын кызыкчылыктарын коргоо багытында иш жүргүзүп келатат. Бул – бириксек канчалык чоң ийгиликтерге жете алаарыбыздын далили”.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

About UNICEF

UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere.

For more information about UNICEF and its work for children, visit www.unicef.org.

Follow UNICEF on Twitter and Facebook