Жапония үч гранттык долбоорго 11,9 миллион доллар бөлдү

Жапониянын Өкмөтү Кыргыз Республикасы үчүн БУУӨП жана ЮНИСЕФ ишке ашыра турган үч гранттык долбоорго 11,9 миллион доллар бөлүп берди.

07 Март 2017
Signing of an agreement
UNICEF Kyrgyzstan/2017

Бишкек, 2017-жылдын 7-марты. Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамура, БУУнун системасынын Туруктуу Координатору, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) Туруктуу Өкүлү Александр Аванесов мырза жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлү Юкиэ Мокуо айымдын ортосунда үч гранттык долбоорлор боюнча алмашуу ноталарына кол койуу болду. Долбоорлор БУУнун агенттиктери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн жана кеңешүүлөрдөн кийин, улуттук артыкчылыктарды жана кызыкчылыктарды эске алуу менен даярдалган.

Үч долбоор тиешелүү түрдө “Электрондук өкмөт” системасын түзүү үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестр системасын колдоо”, “Кыргыз Республикасында коркунучтарды комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташтыктын потенциалын бекемдөө” жана “Коопсуз мектептер” Программасын колдоо боюнча долбоор”. Бардык үч долбоор Кыргызстандагы БУУнун агенттиктери –БУУӨП жана ЮНИСЕФ аркылуу ишке ашырылышы үчүн Жапониянын Өкмөтү тарабынан каржыланат. Долбоорлордун жалпы суммасы 11,9 АКШ долларын түзөт.

Жапониянын элчиси Ямамура төмөнкүлөрдү белгиледи: “Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин катышуусу менен БУУӨП, ЮНИСЕФ жана Жапониянын Өкмөтү тарабынан ишке ашырыла турган үч гранттык долбоор боюнча документтерге кол коюлуп жаткандыгына абдан кубанычтамын. Биз менен жалпы баалуулук болгон “демократияны” колдоп жаткан Кыргызстанга Жапония өзүнүн чоң жактыруусун билдирет. Жана чейрек кылымдан бери биздин өкмөт Кыргызстанга демократиялык түзүлүштү өнүктүрүүгө жардам берип келе жатат. Мен берилген гранттар өлкөнүн демократиясынын мындан аркы өнүгүшүнө жана ошондой эле Кыргызстандын калкынын бейкуттугуна көмөкчү болот деп ишенемин”.

БУУнун системасынын Туруктуу Координатору Аванесов мырза төмөнкүлөрдү баса көрсөттү: “Жапониянын Өкмөтүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн БУУнуну Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана ПРООН менен тыгыз мамилелер байланыштырып турат. Бул шериктештик бизге Кыргызстандын эң артыкчылыктуу жана түпкү кызыкчылыктарына жооп берүүчү өнүгүүсүнүн багыттарында колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул биздин биргелешкен иш 2030-жылга карата мезгилде Туруктуу Өнүгүүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун катышуучу-өлкөлөрү кабыл алган 2030-жылга чейин кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасынын Күн тартибинин жана Максаттарын улуттук жана глобалдык деңгээлдерде маанилүү салым кошууга мүмкүндүк берерине ишенемин”.

Аземдин катышуучуларына кайрылып жатып, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуо айым төмөнкүлөрдү белгиледи: “Бул Жапониянын өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы жаңыртылган шериктештик биздин программаны кеңейтет жана мектептердин коопсуздугун камсыз кылат, кырсыктарга чейин жана алардын учурунда балдарды коопсуз жүрүш-турушка үйрөтөт. Биз Кыргыз республикасында балдардын кырдаалын жакшыртууга туруктуу колдоосу жана кошкон салымы үчүн Жапониянын өкмөтүнө абдан чоң ыраазычылык билдиребиз. Биз Жапониянын өкмөтүнө Кыргыз Республикасындагы балдарга жашоосуна зарыл болгон жардам менен камсыз кылуу ишиндеги өзгөрүүсүз ынтызарлыгы үчүн рахмат айтабыз”. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менен кызматташтыкта БУУӨП ишке ашыра турган “Электрондук өкмөт” системасын түзүү боюнча Бирдиктүү мамлекеттик регистрди колдоонун долбоору каттоо системасынын комплекстүүлүгүн, бардык калк үчүн каттоо боюнча жеткиликтүү жана сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү анын үзгүлтүксүз жана толук кандуу ишмердигин камсыз кылат. Долбоордун алкактарында өздүк электрондук күбөлүктөрдү (3 миллионго жакын өздүк электрондук күбөлүк) берүү максатында мобилдүү (шаймашай) кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон жабдуу сатып алынат. Андан тышкары, МКК аймактык бөлүнүштөрүнүн базасында 150 гө жакын туруктуу станциялар түзүлөт. Жапониянын өкмөтү бул долбоорго 5,6 млн АКШ долларын бөлүп берди.

Кырсыктардын коркунучтарын башкарууну жакшыртууга багытталган долбоор БУУӨП тарабынан КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Тышкы иштер министрлиги , Алматы шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын коркунучтарын төмөндөтүү боюнча борбор менен бирдикте ишке ашырылат. Долбоор кырсыктардын коркунучтарына баа берүүнүн улуттук системасында инновациялык технологияларды колдонуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган, ал үчүн атайын жабдуу сатылып алынат. Бул программалык-аппараттык комплекс, “Кыргызгидрометтин” көчкүгө каршы бөлүмүнүн кар көчкү станцияларынын мониторинги үчүн жабдуу. Кар көчкүнүн мониторинги үчүн “Долон” жана “Чапчыма” станциялары курулат жана керектүү жабдуулар менен жабдылат. Долбоордун алкактарында Кыргызстанда 22 өрткө каршы-куткаруучу кызматты түзүү үчүн автомобилдик техниканы жана куткаруучу шаймандарды сатып алуу болжолдонуп жатат жана андан тышкары, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл областарында шашылыш чакыруунун “112” бирдиктүү номери менен бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жана калкка кабар берүү системасы кеңейтилет. Долбоордун баасы 5,2 миллион АКШ долларын түзөт.

Жалпы суммасы 1,1 млн АКШ доллары болгон ЮНИСЕФ долбоору КР Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана КР архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте ишке ашырылат. Бул долбоор балдардын кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшөт жана “Кыргыз Республикасында 2015-2024-жылдарга коопсуз мектептер жана мектепке чейинки мекемелер” мамлекеттик программасын ишке ашырууга салым кошот.

ЮНИСЕФ өз күчтөрүн жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарын бекемдөөгө, ошондой эле Жапониянын тажрыйбасына таянып, коопсуз жана энергоэффективдүү мектептерди долбоорлоо практикасына багыттайт. Тандалып алынган 10 мектеп аларды жаңы техникалык жоболорду колдонуу менен бекемдөө боюнча долбоордук документацияны иштеп чыгууда колдоого алынат. Анын ичинде, Жапониянын тажрыйбасына негизделген кырсыктардын коркунучуну төмөндөтүү боюнча балдар үчүн интерактивдүү окуу материалдары иштелип чыгат жана таратылат, ошондой эле мугалимдер үчүн окуу модулдары даярдалат. КР ӨКМ караштуу жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо Борборлоруна (Бишкек жана Ош шаарлары) колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары, кырсыктардын коркунучтарын төмөндөтүү боюнча туруктуу өнүгүү боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыгуу алдыда турат. Натыйжада, 5 000 ден ашуун балдар жана алар жашаган коомдоштуктар мектептердеги жана бала бакчалардагы коопсуздук жакшыртылат жана кырсыктарга туруктуулук жогорулатылат.

“Кыргыз Республикасында коркунучтарды комплекстүү башкаруу жана Борборлук Азияда регионалдык кызматташтык боюнча потенциалдык бекемдөө” жана “Коопсуз мектептер” Программасын колдоо боюнча долбоор” Жапония тарабынан 2015-жылдын ноябрында Жапония тарабынан Париждеги климат боюнча конференция учурунда (СОР21) көрсөтүлгөн климатты өзгөртүү саясатынын жаатында жардам көрсөтүү жөнүндө "Actions for Cool Earth 2.0" ("ACE 2.0") программасына 2030-жылга чейин кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасын, Кыргызстандын климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуусуна көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле 2015-2030-жылдарга чейин кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасына ылайык ишке ашырылат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын турмуш шартын жакшыртуу максатында 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы ишин 1994-жылы баштаган. Толук маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/, ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter барактарынан таба аласыз.