Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 15 миң үй-бүлө балдарды багуу боюнча кеп-кеңештерди алышат

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору ЮНИСЕФтин жана Жапония Өкмөтүнүн колдоосу менен “Баланы төрөлгөндөн баштап 5 жашка чейин талаптагыдай багуу” деп аталган окуу программасын ишке киргизүүдө.

25 Август 2021
The woman looking at her newborn child at the hospital
UNICEF/Kyrgyzstan/2016/Simon Lister

БИШКЕК, 2021-жылдын 25-августу – Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору ЮНИСЕФтин жана Жапония Өкмөтүнүн колдоосу менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) мүчөлөрү үчүн масштабдуу окуу өткөрүүдө. Август жана сентябрь айларына белгиленген, калкты балдарды багуу маселелери боюнча агартуу максатын көздөгөн окууларга 1000ге жакын адам катышары күтүлүүдө. Окуу программасынын негизинде алар, өз кезегинде, бала багуунун жана эрте куракта өнүктүрүүнүн негизги принциптери боюнча керектүү маалыматты 15 миңден ашуун үй-бүлөгө жеткире алышат.

Бул окуу АДКнын мүчөлөрүнө бала төрөтканадан чыгарылгандан кийин медициналык кызматкердин ымыркайдын үйүнө барганынын маанисин, үй-бүлөгө бала багуу, эмчек эмизүү жана баланы эмдөө, үй-бүлөнүн жана жамааттын деңгээлинде COVID-19дун алдын алуу боюнча кеп-кеңеш берүүнүн зарылчылыгы тууралуу маалымат алуусуна жардам берет. Бул билимге ээ болгондон кийин АДКнын мүчөлөрү бул маалыматты энелерге, аталарга, баланы кошо багышкан чоң энелерге жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө жеткире алышат.

Пандемия шартында иштөө тажрыйбасы АДКнын мүчөлөрүнө өздөрү уюштурган “WhatsApp” топтору аркылуу өз ишин илгерилетүүгө жардам берди. Бул топко ушул айылда жашаган 5 жашка чыга элек балдардын ата-энелери жана үй-бүлөлүк медайым кирет. АДКнын мүчөлөрү маалыматтык сессияларды өткөргөндү үйрөнүп, ата-энелер менен материалдарды бөлүшүп, суроолорго жооп берип, зарылчылык жаралганда ата-энени үй-бүлөлүк медайымга же дарыгерге жибере алышат.

Мындай агартуу иштери калк арасында сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө туруктуу суроо-талапты түзүүгө, ошондой эле баланын гармониялуу өнүгүүсүнө жана анын дараметин ачууга багытталган бала багуу маданиятынын калыптанышына жана муну өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу алдында Жапония Өкмөтү каржылаган “Эне менен баланын ден соолугуна кам көрүү системасын чыңдоо” долбоорунун алкагында өтүүдө.

Маалымат үчүн:

Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) – коммерциялык эмес, айыл тургундарынын ыктыярдуу бирикмелери. Кыргызстанда 1 570тен ашуун комитет бар. Алардын негизги иши ден соолукка таасир этүүчү факторлорду көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, элет калкынын социалдык абалын жакшыртууга багытталган.

 

Толук маалымат алуу үчүн:

Республикадык ден соолукту чыңдоо борбору, Аман Бакиров, aman.bakirov.1985@mail.ru

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.