COVID-19 ШАРТЫНДА МЕКТЕПТИК АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТЕГИЗ ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛБОШУ
Аралыктан окутууга жетүү жөнүндө акыркы маалыматтар
Кыска мазмуну
НЬЮ-Йорк, 2020-жылдын 5-июну – COVID-19 пандемиясы күч алган мезгилде дээрлик 1,2 миллиарддан ашуун мектеп окуучулары мектептердин жабылып калгандыгынан улам жабыр тартып, аралыктан окутуунун ар кыл жагдайларына дуушар болуп жаткандыктан, ЮНИСЕФ окутуунун каражаттары менен технологияларына жетүүдѳгү орун алчу теңсиздик тууралуу эскертип, бул окутуу жаатындагы глобалдуу кризисти тереңдетүү коркунучун жаратып жаткандыгын белгилейт.