COVID -19 жана миграция: кыздардын келечек үчүн күрөшү

Миграция, балдар жана COVID-19

Лючио Валерио Сарандреа
Миграция, балдар жана COVID-19
ЮНИСЕФ/Кадырбеков/2020
11 Июнь 2020

Араван – Өзбекстандын чек арасынан эки карыш аралыкта жайгашкан Кыргызстандагы чакан кыштак. Араван тарыхый Жибек жолунда орун алгандыктан бактысын издеп ары-бери каттаган көпөстөрдүн жана соодагерлердин аягы көрүнбөгөн агымына бир нече кылым бою күбө болуп келген. Биздин доорго чейин I кылымда эле түшүрүлгөн петроглифтердин жанында жайгашкан кыштактын четинде эки кыз жашайт. 14 жаштагы Толгонай менен 17 жаштагы Айсулуунун турмушун жеңил деп айтууга ооз да барбайт.

Миграция, балдар жана COVID-19
ЮНИСЕФ/Кадырбеков/2020
Эки кыз Бишкек шаарынын борборунда сейилдоодо

Акыркы жылдары кыздар колунан келишинче кадыресе турмуш өткөргөнгө аракет кылып келишти. Орусияга иш издеп кеткен апасы жана агасы ай сайын жиберген акчаны кыздар эптеп-септеп күнүмдүк тамак-ашына жеткирчү. Бирок COVID-19га  байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаалдан улам акча которулбай калып, бул жагдай кыздардын атасы менен ансыз да оор мамилесин курчутуп жиберди. Бул кыздардын атасы көзү ачылбай арак ичкендиктен, аларга күч колдонуп, ырайымсыз мамиле жасайт. Ошентип жашоо мурдагыдан да ого бетер оорлоп, кыздар анда-санда келген гуманитардык жардамдын жана аларга боор тарткан адамдардын жардамы менен күн өткөрүп жатышкан.

Мына ушундай күндөрдүн биринде кыздардын жашоосунда “Өнүктүрүү жана калктын аярлуу катмарын колдоо” борборунун психологу Акчач айым пайда болду. Бул долбоор Евробиримдиктин “Миграциядан жапа чеккен балдарды коргоо” аттуу программасынын алкагында ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылып келатат.
 

“Адегенде аралыктан колдоо көрсөттүк. Кыздарда коркунуч сезимин азайтып, өзүнө болгон ишенимди калыбына келтирүү үчүн телефон аркылуу психологиялык колдоо көрсөттүк”

Миграция, балдар жана COVID-19
ЮНИСЕФ/Кадырбеков/2020
Эки кыз Бишкек шаарынын борборунда сейилдоодо

Кыздарга кризистик борбордон коопсуз башпаанек кийинки кадам болуп калды. Бул борбор үйүнө жакын болгондуктан кыздарга атасынын зомбулугунан коркпой эле окуусун уланта берүүгө шарт түзүлдү. Ошол эле маалда жергиликтүү сот менен Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги кыздарга жакын туугандарынын ичинен мыйзамдуу асырап алуучуну дайындоо боюнча юридикалык процессти башташты.

2019-жылдагы статистика боюнча Кыргызстанда 250 миңден ашык баланын ата-энеси чет өлкөгө иш издеп кеткен. Ал эми алардын ичинен 120 миң баланын атасы да, апасы да миграцияга кеткен. Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынан улам бул балдардын ансыз да оор турмуш ого бетер начарлап, алар ырайымсыз мамиленин бутасына айланышты. Ушундан улам ар бир баланын кызыкчылыгын коргоого даяр болгон жоопкерчиликтүү адам болушу үчүн ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул багыттагы ишин күчөттү. Ошол эле маалда Эл аралык Миграция уюму (ЭМУ) менен кызматташтыкта COVID-19 кризисине байланыштуу келип чыккан конкреттүү көйгөйлөрдү аныктоо үчүн ыкчам баалоо жүргүзүлө баштады. Бул баалоо келечекте максаттуу иш-чаралар үчүн негиз болуп бермекчи.

Толгонай менен Айсулуудан келечектен эмнени күтүп жатышканын жана эмнеден коркоорун сураганда, кыздар мындан ары да зордук-зомбулукта жашабаш үчүн атасына кайтып барышпай турганын айтышты. Ошол эле маалда кыздар адистештирилген психологдордун жана социалдык кызматкерлердин жардамы менен кабыл ала турган чечимди туугандары терс кабыл алат деп кооптонуп турушат. Ушул күнгө чейин долбоордун алкагында 1200дөн ашык балага жардам берилди. Мындан ары да структуралык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн бул багытта күч-аракеттер жумшала бермекчи.
 

 Миграция, балдар жана COVID-19
ЮНИСЕФ/Кадырбеков/2020
Эки кыз Бишкек шаарынын борборунда сейилдоодо

Азыркы учурда көп нерсе беймаалым болгону менен, ар тараптан болуп жаткан колдоо аларга дем берип, кыздар келечекке чоң үмүт менен карашууда.

Кыздардын коопсуздугу үчүн бул макалада алардын ысымдары өзгөртүлүп берилди