COVID-19ду дарылоого карата илимий-негиздүү мамиле

ЮНИСЕФтин колдоосу менен Европа Биримдигинин каражатына сатып алынган, 100 миң АКШ долларына бааланган негизги дары-дармектер КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди

Мавлюда Джапарова
Алмира Алдашева медайым менен биргеликте Ысык-Көл аймактык ооруканасындагы реабилитациялык бөлүмдө жаткан бейтаптын абалын текшеришүүдө.
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Marlis Esenakunov
08 Июль 2021

COVID-19 пандемиясы 2020-жылдын жай мезгилинде Кыргызстанда эң жогорку деңгээлге жеткен. Ошол оор күндөр өлкөнүн көптөгөн ооруканалары үчүн чоң сыноо болуп, инфраструктурага, адам ресурстарына жана потенциалына жүк түшкөн. Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл аймактык ооруканасы адатта эң көп дегенде 135 бейтапты кабыл алат. Бирок 2020-жылдын июнь айында оорулуулардын саны көбөйүп, күнүнө 40-60 адам түшө баштады. Ошол эле учурда ооруканада кошумча керебеттер коюлуп, чатырлар тигилип, медициналык кызматкерлер болсо COVID-19ду дарылоодо кыйынчылыктарга туш болушту.

 

«COVID-19 жашообузга, өзгөчө балдардын жашоосуна өтө чоң таасирин тийгизди».

Балдардын саламаттыгын коргоо боюнча медициналык адис Гүлмира Нажимидинова Кыргызстандагы ошол кездеги кырдаалды мындайча сүрөттөп берди: “COVID-19дун негизги белгилери сасык тумоого окшош болчу, көп өтпөй адамдын өпкөсү кагынып, оору курч мүнөзгө өттү. Балдардын ПЧР тести терс чыкканы менен, алардын бардыгында COVID-19дун белгилери болгон. Ошондуктан тез арада диагноз коюу жана дарылоо боюнча көрсөтмөлөргө муктаждык жаралды”.

Гүлмира Нажимидинова, балдардын саламаттыгын коргоо боюнча медициналык адис жана Эл аралык Медицина боюнча Жогорку Мектептин өкүлү
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/M. Esenakunov
Гүлмира Нажимидинова, балдардын саламаттыгын коргоо боюнча медициналык адис жана Эл аралык Медицина боюнча Жогорку Мектептин өкүлү

2020-жылдын июнь айынан бери Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу COVID-19ду дарылоо протоколдорун даярдоо боюнча жумушчу топ иштеп жатат, ал иш жүзүндөгү маалыматтарга таянган сунуштамаларга жана тажрыйбага негизделет. Жумушчу топ балдарды дарылоо боюнча эки протоколду сунуш кылды: “Балдарда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен байланышкан көп системалуу сезгенүү белгилерин диагностикалоо жана дарылоо” жана “Саламаттык сактоонун амбулатордук деңгээли үчүн коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жеңил түрү менен ооруп жаткан балдарды жана өспүрүмдөрдү карап, дарылоо”. Дарылоого стандартташтырылган жана илимий-негиздүү мамилени камсыз кылуу максатында протоколдорду даярдап, жайылтуу ишин ЮНИСЕФ колдоого алган.

Дары-дармек каражаттарын бөлүштүрүүнүн алдында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ДССУнун акыркы көрсөтмөлөрүнүн негизинде коронавирустук инфекциясы бар деп шектелген жана бул вирус аныкталган балдарды дарылоо боюнча клиникалык стандарттарды иштеп чыгып, бекиткен.
Дары-дармек каражаттарын бөлүштүрүүнүн алдында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ДССУнун акыркы көрсөтмөлөрүнүн негизинде коронавирустук инфекциясы бар деп шектелген жана бул вирус аныкталган балдарды дарылоо боюнча клиникалык стандарттарды иштеп чыгып, бекиткен.

Гүлмира Нажимидинова клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгон. Ал буларды түшүндүрүп берди: “Протоколдор COVID-19 менен ооруган балдарды карап, дарылоо үчүн иштелип чыккан жана телефон, WhatsApp, Zoom, Skype ж.б. аркылуу көрсөтүлгөн телемедицина кызматтарын камтыйт. Эки протоколдо эффективдүүлүгүн далилдей алган натыйжалуу антибиотиктердин тизмеси да сунушталат”.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги COVID-19га реакция жасоо чараларын колдоп, негизги дары каражаттарынын тартыштыгы өңдүү көйгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 менен ооруган бейтаптарды, анын ичинде балдарды дарылоо боюнча улуттук клиникалык протоколго ылайык, өлкө үчүн эң зарыл дары-дармектердин тизмесин тастыктаган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо жана медициналык технологиялар боюнча борбордун директорунун орун басары Калиман Маматова буларды белгиледи: “Протоколдордо COVID-19ду антибиотиктердин жардамы менен дарылоо сунушталган, бул дарыларды өлкөгө Европа Биримдигинин колдоосу менен ЮНИСЕФ алып келип берди”.

Kaliman Mamatova, Deputy Director of the Center for the Development of Healthcare and Medical Technologies under the Ministry of Health of Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Marlis Esenakunov
Калиман Маматова, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо жана медициналык технологиялар боюнча борбордун директорунун орун басары

2021-жылдын февралында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн бөлүнгөн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттын алкагында дарылардын жаңы партиясын, анын ичинде гепаринди жана антибиотиктерди алды. Бул грант Европа Комиссиясынын Жарандык коргонуу жана гуманитардык жардам боюнча башкы дирекциясы (ECHO) тарабынан каржыланып, ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардам көрсөтүү үчүн берилген. 1000 таңгак ко-амоксиклав, 500 таңгак цефтриаксон жана 1000 таңгак гепарин ооруканалардын арасында таратылып, анын ичинде Ысык-Көл аймактык ооруканасына да берилген.

This month a new batch of essential medicines to treat patients with COVID-19 arrived to Kyrgyzstan with the support of the European Union and UNICEF.
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Alexei Osipov
Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен ушул айда Кыргызстанга COVID-19ду дарылоочу маанилүү дары-дармектердин жаңы партиясы келди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин колдоону улантуу максатында 2021-жылдын июнь айында таратыла турган дары-дармектердин жаңы партиясында антибиотиктер (кларитромицин), астмадан ингаляторлор (оозго сепчү беклометазон), кортикоиддер (дексаметазон), ошондой эле цефтриаксон жана ко-амоксиклав да бар.

COVID-19 пандемиясы 2020-жылы бир топ кыйынчылыктарды алып келди, ал кезде саламаттык сактоо системасына өтө чоң жүк түштү, себеби COVID-19 жөнүндө билим аз болчу. Былтыркы жылга салыштырмалуу учурда дарыгерлер келечекке позитивдүү маанайда карашат. Бейтаптарды дарылоо үчүн талаптагыдай протоколдор түзүлүп, зарыл дары-дармектер келип жаткандыктан, ошондой эле Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен, дарыгерлер жана медайымдар өздөрүн ишенимдүү сезип калышты жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынан улам жаралган кризиске туруштук бере алышат.