Өпкөсү кагынган балдар, “кызыл зона” жана зарыл дары-дармектер

ЮНИСЕФтин колдоосу менен Европа Биримдигинин каражатына сатылып алынган 100 миң доллар өлчөмүндөгү негизги дары-дармектер КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине өткөрүлүп берилди

Бермет Молтаева
Венера Орозкожоева 35 жыл бою Ысык-Көл аймактык ооруканасында иштеди. Ал эми азыр “кызыл аймакка” күн алыс нөөмөткө кетип турат.
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Marlis Esenakunov
09 Апрель 2021

Ысык-Көл облусу, 2021-жылдын 9-апрели. - Бул Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн ачылган “кызыл зона”. 2020-жылдын башынан 2021-жылдын март айынын этегине чейин ооруканада 14 жашка толо элек 725 бала ар кандай оорулар менен дарыланган.

Ооруканадагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн коридорунда күнүн да, түнүн да ушул жерде өткөргөн аял ары-бери басып жүрөт. Бул – пневмония менен ооруп, ушул бөлүмгө жаткырылган беш жаштагы Изатинин энеси.   

Жакындан бери Изатинин абалы да оңолуп, кыздын энеси Нургүл бир кыйла жеңилдеп калды: “Кызымды туура дарылап, керектүү дары-дармектерди бергени үчүн азыр абалы дурус”.

Кышында балдарда мезгилдүү сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйүп, Изати сыяктуу пневмония менен ооругандар да кездешет. Мындай көрүнүш айрыкча бир жаштан беш жашка чейинки балдарда байкалат.

Нургүл жана беш жаштагы кызы ооруканадан чыгууга даярданып жатышат
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Marlis Esenakunov
Нургүл жана беш жаштагы кызы ооруканадан чыгууга даярданып жатышат

2020-жылдын ноябрь айында КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги, ECHO – Жарандык коргонуу жана гуманитардык жардам маселелери боюнча Европа Комиссиясынын Башкы Дирекциясы тарабынан берилген гранттын алкагында ЮНИСЕФ аркылуу дары-дармектердин биринчи партиясын алды. 100 000 АКШ долларына бааланган бул дарылардын ичинде гепарин жана антибиотиктер бар жана алар COVID-19 менен ооругандарды дарылоого колдонулат. Дары-дармектер ооруканаларга, анын ичинде Ысык-Көл аймактык ооруканасына таратылды. Ар бир ооруканага 1000 таңгак ко-амоксиклав, 500 таңгак цефтриаксон жана 1000 таңгак гепарин берилди.

Дары-дармектерди таратуунун алдында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги ДССУнун көрсөтмөлөрүнүн акыркы версиясынын негизинде коронавирустук инфекцияга шектелген жана илдет тастыкталган балдарды дарылоо боюнча клиникалык стандарттарды иштеп чыгып, аларды бекиткен. Медициналык кызматкерлерди глобалдык маалыматтардын негизинде клиникалык стандарттарга шайкеш келген дары-дармектер менен камсыз кылуу өтө маанилүү. 

“Биздин ооруканага оор абалдагы балдарды алып келишет. 2020-жылдын декабрь айында Европа Биримдигинен жана ЮНИСЕФтен дары-дармектерди, анын ичинде ко-амоксиклавды алдык. Бул дары менен дарылангандан кийин үч күндүн ичинде балдардын абалы бир топ оңолду”, - дейт жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Венера Орозкожоева.

Венера Орозкожоева бул ооруканада 35 жыл эмгектенди. Азыр ал “кызыл зонага” кирип баратат. Ал жерде дарыгер жети күн болот. Нөөмөттөн кийин ал 14 күнгө обочолонушу керек. Ошентип, “кызыл зонада” иштеген бардык дарыгерлер менен медайымдар 21 күн үй-бүлөсү жана жакындары менен байланышта болушпайт. Мындай жагдай алардын жана жакындарынын жашоосуна кедергисин тийгизип жатат. Бирок дарыгерлер жана медицина кызматкерлери бул кырдаалга олуттуу маани берип, өздөрүнүн жоопкерчилигин сезип жатышат.

2020-жылды эстегенде Венеранын көз алдында ушул күнгө чейин ошол жылы ооруканада дарыланган 4946 бейтап турат. Бул саламаттык сактоо системасын сынаган оор мезгил болду, анткени ал маалда COVID-19 жөнүндө билим аз эле. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул кайраттуу дарыгер аялда келечекке үмүт бар. Венера дарыгерлер менен медайымдар өздөрүн кыйла ишенимдүү сезип, COVID-19 коронавирустук инфекциясы пайда кылган кризисти жеңе аларын түшүнүп калышканын айтты. Себеби эми аларда оорулууларды дарылоо протоколдору жана маанилүү дары-дармектер бар. Булардын баары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин жалпы координациясынын натыйжасында жана Европа Биримдиги, ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен келип жатат.