Оңой эмес убада: Кыргызстандын түштүгүндөгү алыскы айылды интернетке кошуу аракети

Кыргызстандын түштүгүндөгү обочодо калган тоолуу Зардала айылында 150дөй адам электр жарыгысыз жана байланышсыз күн өткөрүп келүүдө. Зардалыга жеткирген жападан жалгыз жол бар, ал эми ары-бери каттаганда эшектен башка ишенимдүү эч бир каражат табылбайт.

Ламиа Фарах
Zardaly, an isolated village up in the mountains in Southern Kyrgyzstan, is home to about 150 people who live without electricity and communication.
UNICEF
07 Февраль 2022

Project Connect берген маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 2080 мектептин 2061и интернетке кошулган жана мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан. Зардалыга жетчү жалгыз жолду калың кар басып жаткандыктан, кышында мектептерди интернетке туташтыруу дээрлик мүмкүн эмес.

Зардалыда байланыштын жоктугунан улам бул жерге сырттан коноктоп келгендер аз. Конок үйлөрү адатта ээнсиреп турат, ал эми Зардалыда жашаган чоң ата, чоң энелер интернеттен улам башка аймактарда окуган неберелеринин жолун карап отурушат. Медициналык тез жардам чукул арада керек болуп калган маалда интернет тийиштүү адамдар менен байланышты жеңилдетмек, алар аба ырайынын шарттарына баа берип, тигил же бул жол ачык болгонун, төмөнкү өрөөндө жайгашкан айылдарга баруу канчалык коопсуз экенин аныктай алышмак. Болбой калды дегенде, телемедициналык кеңеш алуу үчүн дарыгер менен байланышууга да мүмкүнчүлүк болмок. 

Бирок, интернет байланышынын жоктугу Зардалынын тургундарынын колун байлап коё алган жок. Байланыш маселесин чечүү үчүн бир нече оригиналдуу идеялар ойлоп табылган, анын ичинде “Кутудагы интернет” демилгеси да бар. Бул түзүлүштө санарип китепканасы сакталат, анын ичинде кыргыз тилиндеги Хан Академиясы, миңдеген видео жана аудио сабактар, электрондук китептер, кыргыз, орус жана англис тилдеринде Википедия да бар. “Кутудагы интернет” демилгеси бир гана байланыш көйгөйүн чечпестен, ошону менен бирге Кыргызстандын маданий мурасын сактоого жана жайылтууга да жардам берип келүүдө. Себеби бул түзүлүштөрдө кыргыз тилиндеги мультфильмдер да бар, муну башка бир жерлерде сейрек кездештирүүгө болот. Алтургай, жергиликтүү эл өз түзүлүштөрүн аймактын катаал табият шарттарынан коргогонду да өздөштүрүп алган: алар зымдарды коргоо үчүн желим бөтөлкөлөрдү пайдаланып келишет.

Бала “Кутудагы интернетке” кошулган мобилдик телефондон видео көрүп жатат.
Giga Initiative, UNICEF Office of Innovation
Бала “Кутудагы интернетке” кошулган мобилдик телефондон видео көрүп жатат.
Зымдарды катаал климаттан коргоо үчүн колдонулган желим бөтөлкө.
Giga Initiative, UNICEF Office of Innovation
Зымдарды катаал климаттан коргоо үчүн колдонулган желим бөтөлкө.

Зардалыдагы мектептерди интернетке туташтыруу оңой болбосо да, бул багыттагы алгачкы кадамдар жасала баштады. Пандемия башталганга чейин Кыргыз интернет коомчулугунун командасы кодолекти минип алып, Зардалыга барып келишкен. “Кутудагы интернет” түзүлүшүнө жана башка электрондук шаймандарга энергия берүү үчүн алар күн панелин да ала келишкен, аны тоо боюндагы жолдон этияттык менен алып өтүшкөн.   

Эркектер кууш тоо жолунда күн панелин көтөрүп баратышат.
Giga Initiative, UNICEF Office of Innovation
Эркектер кууш тоо жолунда күн панелин көтөрүп баратышат.

Кыргызстандагы мектептердин калган 1 пайызын интернетке кошуу аларды жеткиликтүү жана туруктуу интернет байланышы менен камсыз кылуу үчүн инновациялык технологияларды жана чечимдерди талап кылат. Бул дымактуу максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө Giga долбоорунун алкагында интернет-провайдерлерге тендер жарыяланган. Өтүнмөсү тандалып алынган кызмат көрсөтүүчү өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы 13 мектепти интернет менен камсыз кылып, интернет байланышынын артыкчылыктарын жайылтуу милдетин өзүнө алышы керек эле. Алыскы жана тоолуу аймактарда жайгашкан бул мектептерди интернетке кошуу инновациялык технологияларды жана атайын борбордон ажыратылган тарамдарды талап кылат. Ошондой эле бул мектептердин жеткиликтүү жана туруктуу жол менен интернетке кошулушун камсыз кылуу максатында каржылоо тууралуу чечимдер да кабыл алынууга тийиш болчу. 

Бул алыскы мектептерди интернетке туташтыруу үчүн туруктуу чечимдерди сунуш кыла ала турган кызмат көрсөтүүчүлөрдү издеп, Giga 2021-жылдын август жана октябрь айларында тендер жарыялаган, бирок бул эки тендер тең ийгиликтүү болгон жок. Giga долбоору өлкөнүн телекоммуникация тармагынан эч кандай сунуш алган эмес. Айрым кызмат көрсөтүүчүлөр бул мектептердин ар бири үчүн жекече долбоордук чечим табыш керектигин, интернетке кошуунун стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын айтып, мындай аракеттерди рентабелдүү кылуу аракетин жокко чыгарышкан. Башкалары болсо Giga долбоорунун мектептерди интернетке кошуу үчүн белгилеген мөөнөтү (3-4 ай) кыш мезгилинен улам өтө аз деп ырасташкан.  

Жакынкы айларда Giga Кыргыз интернет-коомчулугу менен өнөктөштүктө бул алыскы жана тоолуу аймактардагы мектептерди интернетке кошуу үчүн тактиканы иштеп чыгып, байланышты сынап, аны жеткирүү үчүн бизнес моделдерин иштеп чыгат.

 

Children holding devices, gathered around a Kyrgyz Internet Society staff member
Giga Initiative, UNICEF Office of Innovation
Children holding devices, gathered around a Kyrgyz Internet Society staff member